Ак-Талаа райондук Мааданбек Барашов атындагы №40 кесиптик лицейи 2026-2027-окуу жылына 125 курсант кабыл алды.Аталган кесиптик лицейдин директору Ильичбек Жакшылык уулунун айтымында, 2026-2027-окуу жылына карата, 5 кесиптик тайпа боюнча жалпы 125 курсант кабыл алынды. Тактап айтканда, электр жана газ менен ширетүүчүлүк боюнча 25 курсант, айыл чарба өндүрүшүнүн устаты фермерлик боюнча 25, тигүүчүлүк боюнча 25, автомеханик боюнча 25 жана компьютердик курс боюнча 25 курсант кабыл алынды. Мындан сырткары, өткөн жылы 2-курста 164 курсант билим алышары маалым болду.



Аталган кесиптик лицейде «Биргелешкен ийгиликке 10 кадам» аталыштагы ата-энелер декадасы өтүп, ага жаңы кабыл алынып жаткан курсанттын ата-энелери катышты. Декаданын жүрүшүндө, ата-энелерге лицейдин ишмердүүлүгү, жетишкендиктери, билим берүү процесстери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, ата-эне менен балдардын ортосундагы мамиле, ишеним, турмушка жана кесип алууга багыт берүү, баланын жөндөмдүүлүгүнө байкоо салуу, жоопкерчиликтүү болуу жана башка олуттуу турмуштук сабактар өтүлдү.
Быйылкы окуу жылына карата, лицейдин алды толук оңдоодон өткөрүлүп жана курсанттар үчүн футболдук аянтча курулгандыгы айтылды.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова