Ак-Талаа районундагы билим берүү мекемелеринде 2020-2021-жаңы окуу жылына карата ремонт иштери жүрүүдө. Мамлекет тарабынан ремонтко бөлүнгөн 667800 сомду тендердин негизинде жеке ишкерлер Улан Шерипбеков жана Сүйүнбек Сулайманов утуп алган.
Ак-Талаа райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Каныбек Эсеналиев билим берүү мекемелеринин ремонту менен таанышып чыкты.
“Быйыл дагы ремонтту сапаттуу жасоого аракет кылып жатабыз. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражаты жетпей калган учурда көмөкчү чарбалардан түшкөн каражат жана жеке демөөрчүлөрдүн салымы менен ремонт иштери толук жасалат. Ремонт иштери 15-августта бүткөрүлүп, атайын комиссия жер-жерде мектептин ремонтун кабыл алабыз” дейт.
Ал эми Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ремонт иштери башталды. Учурда мектептин биринчи кабатындагы таш залдын кафелдери чыгарылып, алмаштырууга даярдалып жатат. Ал эми сыртын жасалгалоо үчүн долбоор каралып жатат.
Мектептин мугалимдери жана кенже кызматкерлери 84900 сом, ал эми 1979-жылкы бүтүрүүчүлөрдүн 200миң сом жана ошондой эле мектептин кесиптик уюму 40миң сомго, директору Астра Токтогулова 30миң сомго демөөрчүлүк кылышты. Ал эми Баетов айыл өкмөтү 21 мин сомдук колдоо көрсөттү.
Мектеп директору Астра Токтогулованын айтымында бул каражаттарга биринчи кабаттын кафели жана жарык берүүчү электр чырактары алмаштырылат, күтүү залы жасалып, жаңы эмеректер коюлат. Ошондой эле мектептин сырты жаңы түстө сырдалып, ар кандай салтанаттар өтүүчү аянт кеңейтилет. Буга чейин катуу шамал мектептин чатырын алып кетип, айыл өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 23миң сомго 192 чарчы метр жери жасалган.
“Окуу бөлмөлөрүнүн ремонт иштери мамлекет бөлүп берген каражатка жасалып бүткөн. Азыр эми алдыда эң негизги маселе-кырдаалга байланыштуу окуучулардын санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруусу үчүн кол жууп турууга шарттарды түзүп, ички дааратканаларды иштетүү болуп жатат. Айыл өкмөткө сметасын түзүп, кат жолдогонбуз. Азырынча жооп боло элек. Жеке демөөрчүлөрдүн каражат жагынан колдоосу болсо, пландалган иштер жасалып, окуучулардын коопсуз билим алуусуна шарт түзүлүп калат эле. Ата-энелерди, айылдын патриот жарандарын, мурунку бүтүрүүчүлөрдү окуучулардын ден-соолугунун коопсуздугу үчүн шарт түзүүгө колдоо көрсөтүүгө чакырам”.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова