Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу «Тынчтык», «Жаш Тилек”, “Жаш Балаты”, “Чолпон”, “Терекке-береке” бала бакчаларына жаңы окуу жылына карата видеокөзөмөл орнотулуп, шаймандары (монитор) жана тиешелүү техникалык каражаттар менен камсыздалды.
Аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Улан Шерипбек уулунун айтымында ар бир бала бакчага жергиликтүү бюджеттен 50миң сомдон, жалпы 250 миң сом бөлүндү. “Бала бакчалардын муктаждыгына жараша видеокөзөмөл, видеокөзөмөл үчүн монитор, түстүү принтер ж.б. техникалык каражаттар алынып берилди. Бул иш-аракеттер бала бакчадагы наристелердин коопсуздугун алдын алуу үчүн”, — деди ал.
Барчын Мамытбекова