Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылындагы А.Шеримбеков атындагы айылдык маданият үйүнүн кичи залы оңдоодон өткөрүлүп, маданий борбор деп аталды.
Ишти айыл жаштары демилгелеп, жаздан баштап имаратты оңдоп-түздөөнү баштап, акысыз иштешкен.
Активист Бакай Акылбековдун айтымында, элдин руханий, интеллектуалдык жактан өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошо турган маданий борборго Улан Абдыкеримов 350миң сомго демөөрчүлүк кылса, айыл жаштары 80миң сом чогултушкан. Айылдык маданият үйү жалпы 430 мин сомго заманбап үлгүдө жасалгаланды.
«150 орунга ылайыкташкан имарат заманбап курулуш материалдары менен жасалды. 3D форматында сахна керме шып менен жасалгаланып, шам чырактар илинип, пардалар, терезелери жаңыртылып, үн берүүчү аппараттар жана микрофон орнотулду. Буюрса бул куттуу имаратта Кыргызстандын мыкты инсандары менен жолугушуулар, семинарлар, акын жазуучулардын чыгармачылык кечелери өтөт», — деди Б.Акылбеков.
Маданий борбордун ачылыш аземинде айылдын жигердүү, демилгелүү жаштарына Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.
Ал эми Ак- Талаа райондук маданият үйүнүн жылуулук системасы ремонтко муктаж бойдон калууда. Кышкысын кызматкерлер кийимчен отуруп иштөөгө дуушар.
Барчын Мамытбекова