Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: dobolu

Нарын районунда «Жаштар форуму» болуп өттү

29-апрелде М.Баетов атындагы райондук маданият үйүндө «Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек”аталышындагы жаштар форуму болуп өттү. Ага Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинен да «Милициянын жаш жардамчылары» …

Эки Нарын айылында ишембилик өткөрүлдү

 28- апрель күнү Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүндөгү Эки Нарын айылында «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында 30 туп ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Иш-чара КРеспубликасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен …

Марат Кенжакунов орто мектебине карагай, теректердин көчөттөрү отургузулду

Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Таш Башат айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинде 22- апрель «Бүткүл дүйнөлүк жер күнүнө» карата жана мектепти  жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында көчөттөр отургузулду.

23- апрель-Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү

Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата иш чара өтүлдү.Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери, окуучулары жана китепканачы А.Таалайбекова тарабынан …

Дөбөлү айыл өкмөтүндө жазгы талаа иштерине даярдык көрүлүүдө

Дөбөлү айыл өкмөтүндө жазгы айдап-себүү иштери башталаарына байланыштуу атайын техникалык кароо уюштурулуп, ар айылдан келген тракторлор тизилип, абалы текшерилди. Иш-чара Кеңеш айылынан башталып, Эки-Нарын айылында жыйынтыкталды.

М.Кенжакунов орто мектебинин башталгыч класстарынын ата- энелерине китеп окуу конкурсу өткөрүлдү

23-апрель- Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинде ата-энелер мектебинин  негизинде «Жомоктор дүйнөсүнө саякат» — аталышындагы 1-4-класстын ата-энелери арасында китеп окуу конкурсу болуп өттү.

Дөбөлү айыл өкмөтүндө айдап- себүүнүн жана мал багуунун тарифтери бекитилди

11- апрелде Дөбөлү айыл өкмөтү жергиликтүү эл менен жыйналыш  өткөрдү. Жыйналышта техникалык каражаттардын жазгы айдап- себүүдө тарифтери  , малчылардын мал жандыктарды багууда тарифтери бекитилди.

Нарын шаарында теннис боюнча оюн ачык биринчилик өттү

2025- жылдын 11- апрелинде Нарын шаарында өткөрүлгөн Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата стол тенниси  боюнча Марат Кенжакунов орто мектебинин окуучусу 1- орунду багындырып келди.

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн мекеме кызматкерлеринин арасында волейбол оюну өткөрүлдү

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн мекемелеринин  айымдары арасында уюштурулган волейбол оюну боюнча «Ынтымак» турнири болуп өттү.

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Ө.Токтосунов мектебинде эрдик сабагы өтүлдү

2025-жылдын 10-апрель күнү Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде  Улуу Ата-Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Эрдик сабагы” өтүлдү. Иш-чарага Нарын шаардык бириккен аскер комиссариаты жана Нарын …

М.Кенжакунов орто мектебинде 12 жылдык окуу боюнча ата- энелерге жыйналыш өттү

Нарын районунун, Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Таш Башат айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинде, ата-энелерге 12 жылдык билим берүү  боюнча маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Кыргызстандын мыкты окуучусу -2025» Республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Таш Башат айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинин окуучусу «Кыргызстандын мыкты окуучусу -2025» Республикалык сынагына катышты.

Дөбөлү айыл өкмөтүндө жазгы иштер боюнча жыйын өткөрүлдү

3- апрелде Кеңеш жана Алыш айылдарында жазгы иштер боюнча жыйын өткөрүлдү. Кеңеш жана Алыш айылдарында жазгы талаа жумуштарын уюштуруу, мал чарбачылыгы, ишембилик өткөрүү жана корук маселелери боюнча кеңири талкуу жүргүзүлгөн …

Манас таануу интеллектуалдык таймашынын облустук туру болуп өттү

Марат Кенжакунов орто мектебинин «Көйкашка» командасы Манас таануу интеллектуалдык таймашында 3- орунга ээ болуп  республикалык турга жолдомо алды. 

Дөбөлү айыл өкмөтүндө жазга карата ишембилик өттү

28- мартта Дөбөлү айыл өкмөтүндө   жалпы мекеме кызматкерлери тарабынан  ишембилик болуп өттү. Анда ар бир мекеме айланасын тазалап жана көчөлөргө чыгышып жолдун бойлорун тазалашты.

Дөбөлү айыл өкмөтү айыл тургундарына ооз ачтыруу уюштурду

Дөбөлү айыл өкмөтү ыйык Рамазан айынын урматына айыл аймактагы элдер үчүн ооз ачтыруу уюштурду.Иш-чарага жергиликтүү тургундар, аксакалдар жана айыл жетекчилери катышты. Анда Рамазан айынын мааниси тууралуу насаат айтылды.

Дөбөлү айыл өкмөтүндө алыстан келген окуучулар үчүн автоунаа уюштурулду

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин алыстан келип окуган  окуучулары үчүн автоунаа иштеп баштады.

Дөбөлү айыл өкмөтүндө Нооруз майрамы өткөрүлдү

Дөбөлү айыл өкмөтүндө маданият кызматкерлери тарабынан «Кел Ноорузум» -аттуу концерттик иш чара өткөрүлдү.20- март күнү Нооруз майрамына  карата Дөбөлү, Алыш айылдык маданият кызматкерлери тарабынан «Кел Ноорузум»- аттуу ооз ачыруу иш чарасы …

Марат Кенжакунов орто мектебинде китеп окуу сынагы болду

Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинде 2025- жылдын 15- март күнү Ата-энелер мектебинин алкагында комузчу, обончу, демократ акын Токтогул Сатылгановдун өмүрү чыгармачылыгына арналган ата-энелер арасында китеп окуу сынагы болуп өттү.

Дөбөлү айыл өкмөтүндө Аталар күнү бегиленди

Кыргызстанда 15-мартта — Аталар күнү белгиленет. Бул майрам- кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө жана аталарга болгон урмат-сыйды арттырууга багытталган.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...