Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: dobolu

Дөбөлү айыл өкмөтүндө карылар күнү белгиленди

“1-октябрь–Улгайган адамдардын күнүнө” карата Дөбөлү айыл өкмөтүндө салтанаттуу  иш-чара өткөрүлдү. Анда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан акча каражаты бөлүнүп, улгайган адамдарга материалдык жардамдар берилди.

Республикалык ZEEN -2 олимпиадасына Нарындан окуучулар катышып, алдыңкы орундарды камсыздашты

Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин окуучулары республикалык ZEEN EDUCATION  окуу борбору тарабынан уюштурулган ZEEN -2 олимпиадасына катышып ийгиликтерди жаратышты.

Видео: Нарын шаарында облустук «Жоокер ыры» кароо сынагы өттү.

Нарын шаарында  М.Сыдыков орто мектебинде, келечек ээлери болгон жаш муундарды, мекенчилдикке тарбиялоо максатында өткөрүлгөн «Жоокер ыры» аскердик- атуулдук ырларды аткаруу боюнча облустук туру өттү.

Дөбөлү айыл өкмөтүндө жаз айында ички чарбалык иштер жүргүзүлүүдө

Дөбөлү айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Ак-Бел муниципалдык ишканасы тарабынан ички чарбалык каналдарды тазалоо, жазгы айдап-себүү, жайыттарга барчу жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо сыяктуу жана башка чарбалык жумуштар жүргүзүлүүдө.

Дөбөлү айыл өкмөтүнө тармактык текшерүү келип, эл менен жолугушуу болду

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде 2024-жылдын 12-апрелинде Дөбөлү айыл аймагына караштуу Кайыңды айылындагы М. Кенжакунов, Эки-Нарын айылындагы М. Мамбетов, Таш-Башат айылындагы Д. Мамбетов жана Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов  атындагы …

2-апрель- Эл аралык балдар китептеринин күнү

Дөбөлү айыл өкмөтүндө 2- апрель — Эл аралык балдар китептеринин күнүнө карата театралдаштырылган иш чара өткөрүлдү.

Кыргызстандын эң мыкты окуучусу — 2024 сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Нарын районуна караштуу Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин 11- классынын окуучусу Эдилбек кызы Акылай  «Кыргызстандын эң мыкты окуучусу» наамына ээ болду.

Нарындык окуучулар менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага катышып келишти

Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин үч окуучусу Өзбекстанга менталдык арифметика боюнча олимпиадага барып келишти. 4-5-класстын окуучулары 3-орунга ээ болушту.

Нарын районунда 3 айлык ишембилик жарыяланды

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл аймагында 30-март күнү ишембилик өткөрүлүп, айыл аймагындагы көчөлөр, мекемелердин короолору, талаа бойлору таштандылардан тазаланды.

Жадырап кел, Нооруз!

 20-мартта Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Нооруз майрамына карата,  Тянь-Шань паркындагы М.Баетов атындагы маданият үйүндө «Жадырап кел, Нооруз» аталышындагы майрамдык иш чара болуп өттү.

Нарын шаарынан Дөбөлү айылына келип балдарды машыктырган Карыбек Бошубеков

Нарын райондук балдар-уландар спорттук мектебинин машыктыруучусу Карыбек Бошубеков КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Ал Дөбөлү айылына Нарын шаарынан келип балдарды грек-рим күрөшү боюнча машыктырат.

Нарын шаарынан Дөбөлү айылына келип балдарды машыктырган Карыбек Кушчубеков

Нарын райондук балдар-уландар спорттук мектебинин машыктыруучусу Карыбек Кушчубеков КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Ал Дөбөлү айылына Нарын шаарынан келип балдарды грек-рим күрөшү боюнча машыктырат.

Фотобаян: Дөбөлү айылынын мектебинин ашканасы капиталдык ремонттон өтүп ишке берилди

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин ашканасы, «Капиталдык салымдар»  бөлүмүнөн,  долбоор аркылуу 2 млн 900 миң сомго капиталдык оңдоодон өтүп, ишке берилди.

Дөбөлү айыл өкмөтүнө 10 млн сомго жаңы комбайн сатылып алынды

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүндө 10 млн  сомго  Ростельмаш Nova 340 үлгүсүндөгү дан комбайны сатылып алынды. Кобмайн,  Дөбөлү айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн бюджетине Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85  …

Видео: Жаш төкмө акын Нурсултан Малдыбаев тууралуу ата-энесинен маек

Жаш төкмө акын Нурсултан Малдыбаев Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында туулган. Ата-энеси ушул айылда турушат. Алар жаш акындын бала-чагы, кыялдары тууралуу маек куруп беришти.  

«Окурман үй-бүлө» конкурсу балдардын сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө өбөлгө түзөт

Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде башталгыч класстарда «Окурман үй-бүлө» конкурсу өтүлүп жатат. Конкурска ар бир класстан ата-энелер балдары менен бир китепти тандап алышып, ошол китеп боюнча конкурска  …

Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин электр жабдыктары капиталдык ремонттон өттү

Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде,  түрткү берүүчү грант аркылуу мектептин электр чубалгылары  толук капиталдык ремонттон  өтүп , оңдоп-түзөө иштери аяктады.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...