Республикага белгилүү коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты Карыпбек Асановдун “Кечиккен дептер” аттуу ыр жыйнагы жакында жарык көрдү. Китепке коомдук ишмердин калеминен жаралган 100гө жакын ырлары кирген.
Китептин баш сөзүн белгилүү акын, бир нече адабий сыйлыктардын лауреаты Фатима Абдалова жазган.
«Акындын ыр топтому менен таанышып, автордун табият берген таланты бар экенине ынанып, ырларындагы философиялык-көркөм салыштырууларына суктандым», — деп жазган Абдалова.
Бул китеп автордун үчүнчү китеби. Буга чейин “Аз элден чыккан асылдар”, “Ийинден чыккан жол” аттуу эки китеби жарыкка чыккан.
Китеп жана чыгармачылыгы тууралуу каарманыбыз: “2013-жылдан тарта ыр жаза баштадым. Алгач жоро-жолдошторго арналган куттуктоо ырлар болду. Азыркы китебимде акындыкты кандай баалаганым жөнүндө жазылган ырлар бар. Мисалы, “Мен неге ыр жазамын”, “Өкүнүч”, “Болормун”, жана башка ырлар. Ал эми “Ностальгия” ырымда өткөн өмүрүмө, мурдарак ыр жазбаганыма өкүнүч айтылган. “Жараткан мага көп жөндөм берген, а бирок мен аларды бага албадым. аткарам деп кызматты колдон келген, адашып акчу арыктан ага албадым” деп жазганым бар” дейт Асанов. Ошондой эле, бул китепте акындын эли-жери жөнүндөгү ырлары жана арноо ырлар, ой-толгоолор бар.
Үмүт жана тилек
Болбосо, болгонуна илик кылам,
Шүгүр деп эл ичинде жүрүп турам.
Менде жок болсо дагы элде болот,
Элде болсо меники деп билип турам.
Эч убакта элден ашып кетким да жок,
Элден кем болбосом деп умүт кылам
Үмүттөн артык каалоо-тилек билем
Тилесек тилегенди берет билем.
Тим жатпай мээнет кылсак жапа тырмак
Татыктуу жашоо деле келет билем
Жерибизде тынччлык, байгерчилик,
Болсо деген тилекти тилеп келем.
Сынак үчүн даярдаган: Нурбек кызы Аймырза