Кулатов айыл өкмөтүнүн билим берүү кызматкерлерине жана айыл тургундарына, энелер үчүн Баткен облусунун Лейлек районунун №3 эксперименталдык гимназиясынын директору, КР эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен айыл өкмөттүн кызматкерлери тарабынан жолугушуу уюштурулду. Эки күндүк семинар Кулатов айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн чоң залында болду.

Гапыр Мадаминовдун семинар учурунда активдүү катышуучуларды китеп менен сыйлап жаткан учуру
Кулатов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилерди куруу жана өзгөчө кырдаал боюнча башкы адис Сапар Бойдонов: «Айыл өкмөттө жалпы 10 мектеп, 8 бала бакча бар. Мектеп окуучуларынын билим сапатын жакшыртуу максатында КР нын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов агайдын эмгек жамаатынын жетишкен ийгиликтерин эске алып, анын иш тажрыйбасын биздин айыл өкмөттө да жайылтууну максат кылып, уюштурдук. Семинар эки күнгө белгиленип алдын-ала жарыялар берилген. Жолугушуунун биринчи күнү мектептердин жана бала-бакчалардын мугалимдери, тарбиячылары, мектеп жетекчилиги катышышты. Ал эми экинчи күнү энелер жолугушту. Эки күн Кулатов айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө жыйын уюштурулуп, маданият үйүнүн кызматкерлери жана Абшыр-Ата айымдары музыкалык чыгармачылык тобунун салисттеринин коштоосунда өттү.»

Сапарбек Бойдонов
Жолгушуунун уюштуруучусу «Сапат» лицейинин англис тил мугалими Акмарал Халилова: «Агайдын ишмердүүлүгүн мен иштеген Сапат лицейинде келип жолугушуу өткөргөн учурда байкап билдим. Агайдын мектеп жамааты менен жетишкен ийгиликтери жана өзгөчө азыркы учурдагы билимге суусап бирок, аны жеткиликтүү ала албаган өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн жасаган аракеттерин байкап, кыргыз элинин бардык булуң бурчуна керек деп ойлодум. Кулатов аймагында жолугушуу уюштурууну чечтик жана ишке ашырдык. Зал толо эл катышып, баарыбыз кубанып турабыз. Агайдын берген маалыматтарын туура пайдаланып, билим деңгээлинин жогорулашына ишенем».

Жолугушуунун уюштуруучусу Акмарал Халилова
Айбашев атындагы орто мектептин директору Замира Нурдинованын билдирүүсүндө Мадаминов Гапыр агайдын сунуштап жаткан иш тажрыйбалары өтө баалуу жана аткарууга ыңгайлуу.
Айбашев атындагы орто мектептин директору Замира Нурдинова: «Биз да мектептерде «энелер мектебин» уюштурууну максат кылып жатабыз. Балдардын билим алуусуна энелердин орду чоң экендигин агайдын сөздөрүнөн байкап отурдук. Мектепте энелер менен тыгыз ишттөнү пландарыбызга киргизебиз жана жаш мугалимдер менен дагы иштөөнү жакшыртабыз. Агайдын сөздөрү жаңы окуу жылынын башталышында бизге чоң дем болот деп ишенем».
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун кѳз карашын чагылдырбайт.
Таңнуру Жалалова, Чынара Нурманова