Суусамыр айыл аймагында жалпысынан 100 гө жакын адамдан анализ алынып, учурда 10 адам COVID-19 вирусуна чалдыкканы белгилүү болду.
Акыркы күндөрү коронавирус илдети жана өпкө кагыны күчөп, ооруп 118 мобилдик бригадага телефон чалып же түз эле ооруканаларга кайрылгандардын саны көбөйдү.
Учурда Талас облусунун төрт районунда жана Талас шаарында мобилдик бригадалар иштеп жатат. Бригаданын курамында врач, медсестра, врач эпидемиолог, лаборант жана айдоочу болушу зарыл. Мобилдик бригадалар күнү-түнү 118 номерине телефон чалып …
Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасы октябрь айынан баштап капиталдык ремонттон өтүүдө. Оорукананын кайрадан оңдоп-түзөөдөн өтүшүнө Кулатов айыл өкмөтү тарабынан каражат бөлүнгөн.
Таажы ылаңы басаңдаганда, Талас шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде ачылган күндүзгү стационар, “Интурист” мейманканасында уюштурулган 24 саат иштеген стационар жана “Мээрим-Сапат” кыргыз-түрк кыздар лицейинде ачылган күндүзгү стационар жабылып, оору биротоло кеткендей …
Пандемия учуру коомго абдан терс таасирин тийгизип ал тургай жалпы коомчулукту стресс, коркуу, кооптонуу, тынчсыздануу абалына алып келди. Бул учурда айылдагы жашоо шарты тѳмѳн жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, балдарга …
Covid-19 вирусунун кулачы биздин өлкөгө дагы жетти. Пандемия учурунда бүткүл адамзаттын жашоосу башка нукка бурулду. Дүйнө жүзү моралдык жана материалдык жактан өзгөрүлдү. Пандемия элеттиктерге кандай таасир тийгизди?
Түп районундагы Тасма айылынын тургундары пандемия адамдардын жашоосуна кандай таасирин тийгизгендиги тууралуу ой бөлүштү. Бири терс таасир тийгизди дешсе, экинчилери пайдасы да болду дешет.
Учурда оорунун саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү күндүзгү стационар кайра иштеп баштады.
Ак-Талаа районунда пандемияга байланыштуу күндүзгү стационарларды кайрадан уюштуруу аракеттери жүрүп жатат. Учурда 303 койка даярдоо пландалып, мунун ичинен 65 койка үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, ФАПка уюштурулду.
Нарын районунда 15- октябрдан баштап, жалпысынан 34 мектептерде 1-6 класстар үчүн салттуу окуу жүргүзүлө баштады. Алардын ичинде Куланак айылында жайгашкан Абдылда Аралбаев мектеби бар.
Өлкөдө болуп жаткан кырдаал, элеттиктер үчүн кандай таасирин тийгизди? Сурамжылоого катышкан Суусамыр айыл аймагынын тургундары саясат жана пандемия тууралуу ой пикирлери менен бөлүштү.
Суусамыр айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаттары пандемия учурунда айыл өкмөтү менен биргеликте иш алып баргандыгын айтышууда. Ал эми пандемия учурунда жергиликтүү кеңештин отурумдары убактылуу токтотулган.
Карантинге карабай социалдык объектилерди оңдоп түзөө иштери уланууда. Карасаев айыл өкмөтүндөгү Тасма айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) имараты жана Чоң-Тогузбай айылында Кубанычбек Мамытов мектеби капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө.
Базар-Коргон районунда бүгүн адаттагыдай эле борбордук базар жабылып, таңкы саат 7:00дөн баштап райондук оорулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан толугу менен залалсыздандырылды.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына курулуп жаткан 100 орундуу кошумча имарат ноябрь айынын аягында бүткөрүлөт.
Өлкөдө карантин алынганы менен “коронавирус” илдети жок болуп кеткен жок. Ошондуктан, ар бир жаран өзүнүн саламаттыгы үчүн санитардык талаптарды так аткаруусу зарыл. Айыл жергесинде санитардык эрежелер сакталуудабы деген суроо менен …
Пандемия шартында өтүп жаткан парламенттик шайлоо, санитардык эрежелерди сактоо менен башталды. Эреже боюнча шайлоо участкасы саат 8:00 дөн тартып ачылганын, шайлоо комиссиясынын төрагасы төгүндөйт.
Кыргызстанда кайрадан коронавирусту жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Анын ичинен Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында коронавирус жуктургандардын саны 30дан ашты.
Өлкөбүздө коронавирус толугу менен жок боло элек. Ошондуктан ар бир жаран өзүнүн жана өзгөнүн саламаттыгы үчүн санитардык талаптарды аткаруусу зарыл. Айыл жергесинде санитардык эрежелер сакталуудабы деген суроо менен айыл тургундарына …