Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

COVID-19

Тасма: Пандемия учурунда элеттиктер үй чарбасына көңүл бурууда

Айыл тургундары карантинге карабай үйдөгү жумуштарын улантууну токтотушкан жок. Көпчүлүгү курулуш иштери менен алек болушту. Короо ичинде ашкана салуу, үй салуу, сарай салуу жана башка ушул сыяктуу курулуштар жанданды.

2 Август 2020 жыл 12:53

Айыл жаштары жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти

Кеңеш айыл ѳкмѳтүнүн Куу-Майдан айылынын 1995-жылкы балдары акча чогулутуп жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти. Жалпысынан 14 миң сом акча чогулуп ага жууркан-шейшептер, сыр челектер, чайнек, плита, матрац, тараза жана …

2 Август 2020 жыл 12:36

Учурдагы пандемияга каршы демөөрчүлөрдүн демилгеси менен карапайым эл да жардам колун сунууда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова жана Кулатов айылынын тургуну Анарбаев Маматжандар  COVID-19 вирусунун жайылуусуна бөгөт коюу максатында Жал айылдык №16 ооруканасына жардам берүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Айылдын кайрымдуу …

2 Август 2020 жыл 12:08

Карасаев айыл аймагына Covid-19ду жеңүүгө ар тараптуу жардамдар келди

Сыртта эмгектенген эр азамат, эл үчүн күйгөн балдары айыл элинин ден- соолугуна кам көрүшүүдө. Айыл активисттери бул аманатты так жана калыс жеткирүүгө аракет кылганын айтышат.

1 Август 2020 жыл 17:35

Бут менен иштеген жугушсуздандыруучу каражаттар берилди

Балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин Нарындагы коомдук бирикмеси ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын «Мүмкүнчүлүк» коомдук бирикмеси менен бирдикте Ак-Талаа районуна байланышсыз жугушсуздандыруучу каражаттарды жана  кабиналарды беришти.

1 Август 2020 жыл 17:27

Мугалим: «Аралыктан окутуу мугалимдерди бир топ сыноого салды»

Кыргызстанда пандемияга байланыштуу дээрлик көпчүлүк тармактар иштөө тартибин өзгөрттү. Анын ичинде билим берүү тармагы дагы бар. Белгилүү болгондой окуу жылынын акыркы чейреги аралыктан окуу менен аяктады. Күтүлбөгөн мындай окуу тартиби …

1 Август 2020 жыл 17:11

Кулатов айыл аймагында өзгөчө абал туруктуу

Кулатов айыл аймагындагы күндүзү келип кетүүчү стационардык ооруканага стационар ачылгандан бери 14 күн ичинде 185 оорулуу кайрылган. Алардын 13ү ооруканага жаткырылды, 15и айыгып чыкты. 

1 Август 2020 жыл 17:07

Кулатов: Ооруканага мед жабдыктарды алуу үчүн акчалай жардам берилди

Кулатов айыл аймагындагы Жал айылдык №16 ооруканасына  В.И Ленин атындагы орто мектебинин 1981- жылы туулган 60 бүтүрүүчүнүн атынан ооруканага керектүү болгон медициналык жабдыктарды алуу үчүн жардам  колун сунушту. 

1 Август 2020 жыл 16:50

Жергиликтүү калк дары-дармектер менен камсыз болууда

Суусамыр айыл аймагынын кайдыгер эмес инсандары жана жамааттар, жергиликтүү кеңеш, такси айдоочулар, 1992-жылы төрөлгөн жигиттер, Жаштар уюму жана жеке инсандардын чогулткан акчасына дары-дармектер алынып, бүгүнкү күндө айыл элине борбордон алынган …

1 Август 2020 жыл 16:38

Карантин учурунда Тогуз-Торолук карылардын абалы кандай?

Коронавирус илдетине байланыштуу, өлкөнүн аймактарында өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу кары адамдар үй-бүлөсү менен бирге үйдө болушту. Өздөрү жакшы көргөн жумуштар менен алек болушуп, убактыларын текке кетирген жок.

1 Август 2020 жыл 16:30

Суусамыр: Жардам көрсөткөндөр күндөн- күнгө көбөйүүдө

Бүгүн 30-июлда Суусамыр айылдык ооруканасына «Шоро» компаниясы жана «Элим барсынбы?» кайрымдуулук фонду тарабынан 2 кычкылтек концентратору, 800 литр легенда суусу жана эң керектүү дары-дармектер жардамга келди.

30 Июль 2020 жыл 18:38

Ача-Кайыңдыга Екатеринбургдагы мигранттардан 200 миң сомдук жардам келди

Бүгүн 30-июль күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка 200 000 сомдук медициналык каражаттар жардамга келип түштү. Бул жардамдар Россиянын Екатеринбург шаарында эмгектенип жаткан Ача-Кайыңдылык жердештерден келген.

30 Июль 2020 жыл 18:22

Ат-Башылык окуучу аралыктан окуп ийгиликтерге жетишти

Аралыктан окутуу көпчүлүк үчүн кыйынчылык жаратса, биздин бүгүнкү каарманыбыз Гүлсүнай Токтобаева бул убакытта көптөгөн ийгиликтерди жаратканын билдирди.

30 Июль 2020 жыл 14:27

Карантин учурунда ымыркайлар үйлөрүндө көзөмөлдөнүп жатты

Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагындагы карантин учурунда балдардын ден соолугуна дарыгерлер тарабынан кѳзѳмѳл жүргүзүлүп жатты. Кырдаалга байланыштуу жаш балдарды эмдѳѳлѳргѳ чакырбастан, үйлѳрүндѳ кѳзѳмѳлдѳн ѳтүп турушту.

30 Июль 2020 жыл 14:15

Карантинде кары-картаңдардын абалы кандай болду?

Дүйнө жүзүнө таралган таажы вирусунун айынан канчалаган өлкөлөрдө тиричилик токтоп, карантин жарыяланганы барыбызга белгилүү. Карантин учурунда кары-картаңдардын абалы кандай болду жана карантинди кантип өткөргөнү тууралуу Кочкор районунун Чолпон айылынын аксакал …

29 Июль 2020 жыл 19:13

Айыл жаштары райондук ооруканага концентратор жана жергиликтүү ФАПка дары-дармек, медициналык каражаттарды алып келишти

Сары-Булуң айыл аймагынын, Табылгыты айылынын тургундары Жоомарт Кубанычбеков жана Зухураб Жыргалбеков райондук ооруканага жардам көрсөтүштү. 2 даана кычкылтек концентратор, 10 даана пульсоксиметр, 100 даана респираторлорун оорукананын башкы дарыгерине тапшырышты.   …

29 Июль 2020 жыл 16:34

Видео: «Вирустун моралдык соккусун жакшы маанай менен жеңебиз»

Карантинге карабай ар дайым көңүлдөрүн көтөрүүгө аракет кылган үй- бүлө. Ар дайым жакшы жакты ойлонуп, илдетти жеңебиз деп үмүт кылып, күндөрүн жакшы өткөрүшөт.

29 Июль 2020 жыл 16:13

Айыл тургундары жергиликтүү ФАПка концентратор жана дарыларды алып келишти

1-Май айылынын тургундары демилге көтөрүп, жергиликтүү ФАПка 1 кычкылтек концентраторун, 2 небулайзер жана керектүү дары-дармектерди алып келип тапшырышты.

28 Июль 2020 жыл 15:52

Россияда иштеген жердештер Кеңеш айыл аймагына жардам кѳрсѳтүштү

Азыркы кырдаалга байланыштуу, Россияда эмгектенип жаткан жердештерибиз демилге кѳтѳрүп, Кеңеш айыл аймагына 1 кислородный концентратор, 5 ингалятор, дары-дармектерди алып берип жиберишкен.

28 Июль 2020 жыл 14:40

Ача-Кайыңдыдагы стационарды салып бүтүрүүгө акча каражат жетиштүү эмес

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жаңы күндүзгү стационардын курулуш иштери башталды. Курулуш иштери жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен башталып, август айынын аягына чейин бүтүрүүсү пландалууда.

27 Июль 2020 жыл 23:32

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...