Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагындагы № 7 Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 5-март Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди.
Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында Эл аралык 8-Март майрамына арналган иш- чаралар болуп өттү.
Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебинин окуучулары Кытайга окуганга жолдомо алышты. Алар 27-февралда Нарын шаарына барып тест тапшырып жана дил баян жазып, көп упай топтоо менен окууга өтүштү.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Канатбек уулу Дастан 9-10-11-март күндөрү Сингапурда өтүүчү менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадага Кыргызстандын катышат.
Ноокат районуна караштуу Кенеш айыл өкмөтүндөгү Куу- Майдан айылынын Жапар Нышанов атындагы орто мектепте «Жоокер ыры» аттуу сынак болуп өттү. Сынакка Нышанов, Ак-Чабуу, Айбек, Алпиев жана Барпы мектептеринин окуучулары катышты. …
Бүгүн 3-мартта күнү Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясында өзгөчө шаң менен коштолгон линейка болуп, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдибахап Исманов Республикалык олимпиадага жөнөп жаткан эки окуучуга ак Батасын берип, …
Тогуз -Торо районунун Сары -Булуң айылындагы №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Ата-Журт сенин коргооңо, атуулдук сүйүүңө муктаж экендигин унутпа” деген аталыштагы семинар болуп өттү.
Талас шаарындагы ИСИТО окуу жайынын студенттери жетишпеген, аз камсыз үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жана ден-соолугунан жабыр тарткан адамдарга өз демилгелери менен ар кандай иш чараларды, чакан концерттерди уюштурушуп, андан түшкөн акча …
27-февраль күнү «Парламент сүйлѳйт» сынагы болуп ѳттү. Тагыраак айтканда Суусамыр айылында мектептер арасындагы спорт жана ден соолук министрлери ат салышты. Таймаш абдан кызыктуу жана татаал болду. Оюндун жүрүшүндѳ катышуучулардын жакшы …
Таласта экстремизм жана терроризмге каршы күрөш жүрүүдө. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер бөлүмү билдирди.
Таласта 27-февраль күнү олимпиаданын облустук 3-туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Жалпы облус боюнча олимпиадага 178-окуучу катышып, 12 предметтен өткөн. Облустук 3-туру эки күн өтүп ,бүгүн жыйынтыкталды. Республикалык турга …
Бишкек шаарында «Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана Медиатехнологиялар Мектеби» тарабынан тренинг уюштурлуп, ага Үч-Коргон мультимедиа борборунун ыктыярчылары да катышууда.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев орто мектебинде «Желе» интеллектуалдык сабагы өткөрүлдү. Ал сабакка 8-9-10-11-класстын окуучулары катышты.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектебинде 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата концерт өткөрүлдү. Бул концерт кыздар уюму тарабынан коюлган.
Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылына балдар бакчасы ачылды. Балдар бакчасынын курулганын себеби, айылда балдар көп болуп, мурунку бала бакчага батпай, бала бакчага бара албай калган.
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебине КТРК нын кабарчылары 28-декабрь айында Эшбай ата жөнүндө жаңылык жазып кетишкен. Бул жазылган маалымат «КТРК» жана «Маданият» каналында жарык көргөн.
Нарын районунун Куланак айылында окуучулардын жана ата-энелердин каалоосу менен мектепке менталдык арифметика боюнча ийрим ачылган. Окуп жаткан окуучулардын алгачкы олимпиадасы Аралбаев мектебинде 16-февралда болуп өттү.
Нарын районунун Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата «Бар бол жоокер»аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакка 9-10 жана 11-класстан төрттөн окуучу бала катышышты.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында башталгыч класстар окуган эски мектеп жакшы жылыбай, окуучулар кышкы кийим менен отурушат. Мектептин жылуулук системасын камсыз кылган көмүр 2017-жылдын 8-августунда 59 тонна келип түшкөн болсо, …