Сатыбалды Далбаев тирүү болгондо 15-декабрда 86 жашка толмок. Далбаев ааламдан өтүп кетсе да, эли, окуучулары дайыма жасаган эмгегин эстеп эскеришет.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, жалпы билим берүү тармагы окуучуларды аралыктан окутууга өткөн. Ал эми 7-декабрдан баштап, мектептер салттуу билим берүүгө кадам ташташты.
Токтогул районуна караштуу Бел-Алды, Жаңы-Жол, Кетмен-Дөбө айыл аймактарда 3-декабрь майыптардын эл аралык күнүнө карата акчалай белектер таркатылды.
Тогуз-Торо райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова тарабынан Ханнс Зайдель Фондунун колдоосу менен 15-ноябрдан -15-декабрга чейин — «Биз биргебиз»- акциясынын алкагында “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары …
Сары-Булуң айыл аймагында быйылкы жылы пандемияга учурунда, эрежелерди сактануу менен элдин турмуш тиричилигин жакшыртуу максатында эл ынтымакташып, Кара-Талаа каналына 615 гектарга суу чыгарып, 16 бала Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы долбоорунун …
Оорунун жай мезгилдегиден айырмачылыгы экинчи толкунда женил өтүүдө, башкача айтканда бейтаптар жеңил түрү менен ооруп, үй шартында дарыланышууда. Окуучулар арасында оору катталган жок. Бүгүнкү күнгө жалпы 62 учур болду.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев мектебинде салттуу окууга өтүү үчүн бардык шарттар каралып жатат. Алардын ичинде кол жуучу кабинет да бар.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев мектебинин 7- классынын окуучусу Актан бош убактысында пластилинден каармандарды жасайт. Ал бала бакчадан үйрөнгөн өнөрүн карантинде улантып ар түрдүү персонаждарды жасаган.
Пандемияда физикалык гана эмес, психологиялык ден соолукка да өзгөчө көңүл буруу керек. Бул адамдын өзүнүн аракетинен көз каранды. Мисалы, күндү пландоо адамдын психикалык абалы үчүн абдан маанилүү. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо …
Базар-Коргон районунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча 2020-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин «Биз биргебиз» аттуу бир айлык акциясы жарыяланган.
Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде ата-энесиз калган, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгу чектелген майып балдардын көйгөйү, алардын кесиптик билим алгандан кийинки ой кыялынын ишке ашпаганы, кызыксыз жашоосу, мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу балдарга маселе жаратууда.
Эртең 7-декабрдан баштап Ак-Талаа районундагы 10 мектепте толук салттуу окутуу баштала турган болсо, калган 8 мектепте экинчи алгоритм менен тактап айтканда 1,5,9,11-класстар окутулат. Анткени бул мектептерде окуучунун саны 300дөн ашык.
Ооган-Талаа айылындагы китепканага «Бир адамдан бир китеп» акциясынын жыйынтыгында топтолгон китептерди тапшыруу аземи өттү.
Базар — Коргон районунда райондук санэпидемстанциянын сунушунун негизинде райондук ыкчам штабдын чечими менен дагы 27 мектепке реалдуу шартта окутууга уруксат берилди.
Пандемиянын экинчи толкуну Суусамыр айыл аймагында да журдү. Ооруга чалдыккандардын саны да арбыды. Мындай оор кырдаалда ооруканага жардамга келгендерге башкы дарыгер ыраазычылык билдирди.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине “Келечектин мектеби” долбоору аркылуу электрондук китепкана үчүн жабдыктар коюлду.
Кулатов айы өкмөтүндөгү мугалимдердин эмгегин бааланып, «Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу программасы мугалимдерге ыраазычылык кат жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланды.
Учкун айылында жана Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде 4-декабрь «Манас эпосунун күнүнө» карата иш чара өткөрүлдү. Иш чаранын уюштуруучусу айылдык маданий үйү жана китепкананын кызматкерлери. Алардын эң негизги максаты «Манас» …
Пандемияга байланыштуу окуучулар онлайн окуп, 1-класстар гана салттуу түрдө окушкан. Азыркы учурда Ноокат районунун Куу-Майдан айылында 1-5-9-11-класстарынын окуучулары мектепке келип окуусун улантышууда.
Кыргызстанда кызыл китепке кирген жаныбарлардын бири ак илбирс. Ак илбирстин тукуму акыркы 20 жылда 2-3 эсе азайганы маалым.