Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу 2020-2021 окуу жылы аралыктан окутуу менен башталып, бардык билим берүү мекемелери онлайн билим берүүгө өтүшкөн. Алардын катарында бала бакчалар да бар.
25-октябрь күнү «Россия 1» каналынын «Удивительные люди» программасында кыргызстандык жаш таланттын жылдызы жанды. Нурболот Исматиллаев 15 орунду санды 15 орунду санга көбөйтүү менен калыстарды таң калтырды. Программанын жүрүшүндө алып баруучу …
Жаратылыш шарты катаал Казарманда Кенже Султанбаева жаш жеткинчектер үчүн чет тилин үйрөнүүгө өзгөчө шарттарды түзүп келет.
Жайыл районуна караштуу Кара-Суу айылынын айымдары кышка даярдык башташты. Кышында үй-бүлөсүнүн саламаттыгы, тамактануусуна кам көрүү максатында азык-түлүктөрдү даярдап жаткан учуру.
Учурда оорунун саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү күндүзгү стационар кайра иштеп баштады.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Сейтек Кулубаев Швейцария өлкөсүнүн «Памир көпүрөлөрү» (Pamir’s Bridges) ассоциациясынын президенти Бернард Репонд мырза менен жолугушту.
Үй- бүлө менен карьераны айкалыштыра албай, стресске кабылган айымдар көп. Мунун негизги себеби, үй оокаттары жана бала тарбиялоо көпчүлүк учурда аял кишинин милдети катары саналып келет. Кантип, үй бүлө менен …
Заман талабына ылайык, тез окуу ыкмасы күндүн талабына айланды. Кыргызстанда дагы тез окуу ыкмасын үйрөткөн тренерлердин саны өсүп барат. kyrgyzmedia.kg психолог жана тренер Нуркыз Абдыкеримова менен баарлашып, бул ыкманын жашообузга …
Ак-Талаа районунда пандемияга байланыштуу күндүзгү стационарларды кайрадан уюштуруу аракеттери жүрүп жатат. Учурда 303 койка даярдоо пландалып, мунун ичинен 65 койка үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна, ФАПка уюштурулду.
Учурда айыл жеринде жаш балдардын абалы кандай? Пандемия учуру балдарга кандай таасир тийгизди? Азыркы учурда алардын саламаттыгы кандай? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Барскоон айыл аймагындагы абал менен тааныштык.
Бүгүнкү күндө Суусамыр өрөөнүндөгү жаш балдардын саламаттыгы канааттандырарлык экенин айылдык оорукананын үй- бүлөлүк дарыгери Дилдекан Кулукеева айтууда.
Гулжамал Караева 2004-жылдан бери кондитердик азыктарды өндүрүү менен алектенип келет. 16 жылдан бери ишкерликте жүргөн айым, бул тармактын таттуусун гана эмес, ачуусун да татып келет. ЖИАнын мүчөсү Гүлжамал айым бизге …
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери, коронавирустун жаңы толкунунун бир себеби – санитардык талаптардын, беткап режиминин жана социалдык аралыктын сакталбагандыгы деп эсептешет. Ооруган адам дагы, дени сак адам дагы беткап режимин, …
Ат-Башы районунун бардык мектептеринде бир айдан бери болуп жаткан долбоорлордун жыйынтыгы чыгып, орундары тапшырылды. Окутууларды дүйнөлүк Google сыяктуу компанияларда иштеген жаштар окутушуп, долбоор жазганды үйрөтүштү.
Нарын районунда 15- октябрдан баштап, жалпысынан 34 мектептерде 1-6 класстар үчүн салттуу окуу жүргүзүлө баштады. Алардын ичинде Куланак айылында жайгашкан Абдылда Аралбаев мектеби бар.
«Жергиликтүү жамааттар, жергиликтүү натыйжалуу бюджеттер» деген долбоорунун негизинде Ысык-Көл облусундагы «Аялдар ассоциациясынын» мүчөлөрү журналисттерге бир күндүк семинар өткөрүштү. Семинардын максаты, жергиликтүү бийликтегилерге ачык айкындуулукту жана коррупцияга карышы күрөшүү боюнча пайдалуу …
Суусамыр айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаттары пандемия учурунда айыл өкмөтү менен биргеликте иш алып баргандыгын айтышууда. Ал эми пандемия учурунда жергиликтүү кеңештин отурумдары убактылуу токтотулган.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн мектептерине Бүткүл Улуттук Уюмунун Дүйнөлүк Азык Түлүк Программасы 2013-жылдан бери биргеликте иш жүргүзүп келүүдө.
Суусамыр айыл аймагында бала бакча курула баштады. Каржы тарабынан эч кандай көйгөй болбойт. Бала бакчанын курулушун, дүйнөлүк банк “АРИС” тарабынан каржыланат жалпы баасы 36 млн сомду түзөт.
Арстанбап айыл аймагында Футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Футболго жаштар айыл башчы менен катышып кызыгуу жаратты.