Табылгыты айыл жаштары, Россияда иштеген жердештер демилге көтөрүп, райондук ооруканага жана жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти. Сары-Булуң айыл аймагынын “Табылгыты айыл жаштары” демилге көтөрүп, 30 миң сом акча чогулуп, …
Тогуз-Торо районунда 29-июлда тынымсыз жааган жамгырдан улам сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптаган. Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мелис Токтобеков маалымдады.
«Бул вирус өмүрүбүздө биринчи жолу болгондуктан бардыгыбызга коркунучтуу абал болду. Бирок мен үй- бүлөм менен бул абалга багынып калган жокмун. Тескерисинче биз буга туруштук бердик».
Айыл тургундары карантинге карабай үйдөгү жумуштарын улантууну токтотушкан жок. Көпчүлүгү курулуш иштери менен алек болушту. Короо ичинде ашкана салуу, үй салуу, сарай салуу жана башка ушул сыяктуу курулуштар жанданды.
Кеңеш айыл ѳкмѳтүнүн Куу-Майдан айылынын 1995-жылкы балдары акча чогулутуп жергиликтүү ФАПка керектүү буюмдарды алып беришти. Жалпысынан 14 миң сом акча чогулуп ага жууркан-шейшептер, сыр челектер, чайнек, плита, матрац, тараза жана …
Сыртта эмгектенген эр азамат, эл үчүн күйгөн балдары айыл элинин ден- соолугуна кам көрүшүүдө. Айыл активисттери бул аманатты так жана калыс жеткирүүгө аракет кылганын айтышат.
Балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин Нарындагы коомдук бирикмеси ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын «Мүмкүнчүлүк» коомдук бирикмеси менен бирдикте Ак-Талаа районуна байланышсыз жугушсуздандыруучу каражаттарды жана кабиналарды беришти.
Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүндө Курман айтка карата жардамга муктаж, кары-картаң, көп балалуу ж.б.категориялардагы жети үй-бүлөгө курмандыкка чалынган малдын эти жана азык-түлүк берилди.
Кыргызстанда пандемияга байланыштуу дээрлик көпчүлүк тармактар иштөө тартибин өзгөрттү. Анын ичинде билим берүү тармагы дагы бар. Белгилүү болгондой окуу жылынын акыркы чейреги аралыктан окуу менен аяктады. Күтүлбөгөн мындай окуу тартиби …
Кулатов айыл аймагындагы күндүзү келип кетүүчү стационардык ооруканага стационар ачылгандан бери 14 күн ичинде 185 оорулуу кайрылган. Алардын 13ү ооруканага жаткырылды, 15и айыгып чыкты.
Кулатов айыл аймагындагы Жал айылдык №16 ооруканасына В.И Ленин атындагы орто мектебинин 1981- жылы туулган 60 бүтүрүүчүнүн атынан ооруканага керектүү болгон медициналык жабдыктарды алуу үчүн жардам колун сунушту.
Суусамыр айыл аймагынын кайдыгер эмес инсандары жана жамааттар, жергиликтүү кеңеш, такси айдоочулар, 1992-жылы төрөлгөн жигиттер, Жаштар уюму жана жеке инсандардын чогулткан акчасына дары-дармектер алынып, бүгүнкү күндө айыл элине борбордон алынган …
Бүгүн 30-июлда Суусамыр айылдык ооруканасына «Шоро» компаниясы жана «Элим барсынбы?» кайрымдуулук фонду тарабынан 2 кычкылтек концентратору, 800 литр легенда суусу жана эң керектүү дары-дармектер жардамга келди.
Бүгүн 30-июль күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка 200 000 сомдук медициналык каражаттар жардамга келип түштү. Бул жардамдар Россиянын Екатеринбург шаарында эмгектенип жаткан Ача-Кайыңдылык жердештерден келген.
Аралыктан окутуу көпчүлүк үчүн кыйынчылык жаратса, биздин бүгүнкү каарманыбыз Гүлсүнай Токтобаева бул убакытта көптөгөн ийгиликтерди жаратканын билдирди.
Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагындагы карантин учурунда балдардын ден соолугуна дарыгерлер тарабынан кѳзѳмѳл жүргүзүлүп жатты. Кырдаалга байланыштуу жаш балдарды эмдѳѳлѳргѳ чакырбастан, үйлѳрүндѳ кѳзѳмѳлдѳн ѳтүп турушту.
Каныкей Батырова – ийгиликтүү ишкер айымдардын бири. Ал 20 жашында Орусияда өз бизнесин ачып, 21 жашында алгачкы миллионун тапкан. Бүгүнкү күнгө чейин 17 бизнестин түрү менен алектенген айым бизге берген …
Баетов: Билимдүү уул-кыз коомду бирдей өнүктүрөт Барчын Мамытбекова сүрөт интернеттен алынды
Сары-Булуң айыл аймагынын, Табылгыты айылынын тургундары Жоомарт Кубанычбеков жана Зухураб Жыргалбеков райондук ооруканага жардам көрсөтүштү. 2 даана кычкылтек концентратор, 10 даана пульсоксиметр, 100 даана респираторлорун оорукананын башкы дарыгерине тапшырышты. …
Кыргызстанда ЖОЖдого кабыл алуунун 2-туру өтүүдө. Биринчи турдун жыйынтыгы менен бюджеттик орундардын — 45%, ал эми контракттык орундардын — 13% гана абитуриенттер тарабынан тастыкталды. ЖОЖДорго онлайн тапшырууу кандай өтүүдө? Андагы …