Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Спорт

«Тогул коргоол» оюну боюнча мелдеш болду

Талас шаарында жаш курактагы балдар үчүн «Тогул коргоол» оюну боюнча мелдеш болуп өттү.

14 Ноябрь 2018 жыл 22:13

Оор атлетика боюнча дүйнөнун чемпиону Азиз Куйкеев окуучулар менен жолугуушуу өткөрдү

Тогуз-Торо районунун сыймыктуу атуулу, оор атлетика боюнча 2013-жылдын дуйнө жана Азия чемпиону,СССР спорт чебери Азиз Куйкеев Тогуз-Торо районунун 4 мектебин кыдырып окуучулар менен жолугушту.

11 Ноябрь 2018 жыл 23:26

Суусамыр: «Саман той» мааракеси ѳткѳрүлдү

Суусамыр айыл ѳкмѳтүндѳ ар жылы күз айларында белгиленчү түшүм майрамы быйыл да ѳткѳрүлдү. Адатта бул маараке жылдын октябрь айларында ѳткѳрүлүп келсе, быйыл Суусамыр айылдык кенешинин депутаттарынын токтомуна ылайык 7-ноябрь «Түшүм» …

9 Ноябрь 2018 жыл 16:45

Баетов айылынын 90 жылдыгына карата улуттук оюндар ойнолду

Баетов айылынын 90 жылдыгына карата улуттук оюндардын 7 түрү боюнча мелдеш өттү. Алар  кыргыз күрөш, тай чабыш, кунан чабыш, жорго чабыш, аламан байге, көк бөрү жана эр эңиш. 

8 Ноябрь 2018 жыл 19:01

Түңкатар уулу Бактыгул атындагы ат майдандын ачылыш аземи болду

27-28-октябрь күндөрү Нарын районунун Жерге-Тал айылында Түңкатар уулу Бактыгул атындагы ат майданынын ачылыш аземи болуп ѳттү. Түңкатар уулу Бактыгул айылдын чоң улакчы жана балбан адамы болгон.

1 Ноябрь 2018 жыл 11:36

Тасмада Жакыпбаев Асанбектин жаркын элесине арналган көк бөрү турнири болду

Ысык -Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында Ооган согушунун катышуучусу Жакыпбаев Асанбектин жаркын элесине арналган көк бөрү турнири өттү. Турнирди айылдык жаштар демилгелеп, облустук деңгээлде болду.

26 Октябрь 2018 жыл 17:56

Көптөн күткөн футбол аянтчасын куруу иши жанданды

Нарын районуна караштуу Куланак айылында футбол аянтчасы курулуп жатат. Бул аянтчаны мектептин окуучулары чыдамсыздык менен күтүүдө. Бул аянтча Куланак айылында көп убакыттан бери курулуп келет. Бул жөнүндө Абдылда Аралбаев атындагы …

22 Октябрь 2018 жыл 22:51

Балдарды кылмыштуулуктан арылтуу максатында спорттук мелдештерге басым жасалууда

Ак-Талаа районунун Баетов айылынындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 13-октябрда «Кыргыз тилин даңктаймын» аттуу темада уюштурулган 8-9-10-11-класстар аралык балдар жана кыздар арасында волейбол оюну болуп өттү. 

14 Октябрь 2018 жыл 13:04

Райондук ардагер спортчулар футбол ойноду

Тогуз-Торо районунун ардагер жана мекеме жетекчилери Беш-Көл командасынын уюшулгандыгынын 30 жылдыгына карата футбол оюну өткөрүлдү.

8 Октябрь 2018 жыл 0:54

Тил күнүнө карата спорттук мелдеш өткөрүлдү

№7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде кыргыз тилинин 29 жылдыгына карата «Кыргыз тилин спорт менен айкалыштырып өнүктүрөбүз» деген ураандын астында спорттук эстафета оюну өткөрүлдү.

29 Сентябрь 2018 жыл 0:22

Өрөөндүк мугалимдер арасында спорттук мелдеш Куланак айылында болуп өттү

Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинде мугалимдер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул мелдешке Жутакеев, Токтобаев, Жусупов, Аралбаев орто мектептеринин мугалимдери катышышты.

24 Сентябрь 2018 жыл 10:41

Суусамыр айылында жаңы футбол аянтчасы курулуп жатат

Суусамыр айылында Тынчтык кѳчѳсүндѳ кичи футбол аянтчасы курулуп баштады. Буга чейин айылда футбол талаасы болгон эмес, футбол сүйүүчүлөр мектептин артындагы ачык жана шарты жок спорт аянтчасында ойноп келишкен. 

19 Сентябрь 2018 жыл 18:01

Аз убакытка карабастан көптөгөн ийгиликтерге жетишкен машыгуучу зал “Жыргалбек”

Талас шаарындагы машыктыруучу зал “Жыргалбек” көптөгөн ийгиликтерди багындырууда. Талас шаарындагы “Жыргалбек” залына Бишкек шаарынан бери келген, машыктыруучу болуп эмгектенген Жандил Болотбек уулу төмөнкүлөрдү айтты: “Зал 2017-жылдын март айында ачылган. Кикбоксинг …

14 Август 2018 жыл 13:39

“Жыргалбек” машыгуучу залында кыздар да машыгып жатышат

Талас шаарындагы “Жыргалбек” машыктыруучу залы көптөгөн ийгиликтерди багындырууда.

13 Август 2018 жыл 16:58

Тогуз-Тородо спорттук иш-чара өткөрүлдү

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ынтымакты чыңдоо, спорт тармагын жандандыруу, айыл тургундарын, жаштарды, спорт сүйүүчүлөрүн спортко жана сергек жашоого үндөө максатында футбол, волейбол оюндары боюнча аксакалдар жана жаштардын курамынан турган командалардын …

23 Июль 2018 жыл 11:28

Азат Миңбаевдин жаркын элесине арналган волейбол, футбол оюну өткөрүлдү

 Кара-Суу айылынын тургуну, райондук деңгээлдеги футбол жана волейбол оюну боюнча мыкты чабуулчу Азат Миңбаев Назарбековичтин жаркын элесине арналган классташтарынын демилгесинде 14-июнь туулган күнүнө карата волейбол оюну өткөрүлдү.

20 Июнь 2018 жыл 1:02

Спорттук мелдештин облустук этабы Бакай-Ата районунда өткөрүлүп жатат

«Дени сак улут- өнүгүп жаткан өлкө» урааны астындагы спорттук мелдеши Бакай- Ата районунда өтүүдө. Бул тууралуу аталган райондук администрация тарабынан билдиришти. 

22 Май 2018 жыл 10:24

Тогуз-Тородо 60 жаштан жогорку аксакалдар арасында волейбол оюну болуп өттү

Тогуз-Торо районунун  Макмал орто мектебинде аксакалдар арасында зоналдык этап өттү. Оюнда 5 айыл аймактын аксакалдары ат салышып, аягында Сары-Булуң айыл аймагынын Кара-Суу курама командасы 2-орунду ээлешти.

12 Май 2018 жыл 23:37

Талас районунун Айдаралиев орто мектебинде турнир болуп өттү

Талас районунун Көпүрө — Базар айылынын Айдаралиев орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштун 73-жылдыгына карата маркум Рысбек Айдаралиевтин жаркын элесине арналган Эл аралык турнир болуп өттү. 

10 Май 2018 жыл 9:47

Сүлүктүдө эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды

Улуу Жеңиштин 73- жылдыгына арналган эрежесиз эр уруштун эл аралык турнири жыйынтыкталды. Турнирде 12 рейтинг көтөрүүчү чыгуу болуп бир башкы беттеш жана супер беттеш болду. 

10 Май 2018 жыл 7:18
Шейшемби
4 Баш оона 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...