Айылда жаш муундун ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана келечектеги чемпиондорду тарбиялоо максатында жаңы күрөш залы пайдаланууга берилди. Залдын курулушуна жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары колдоо көрсөтүшкөн. Эми …
Кант шаарынын мэриясы мурдагы Люксембург айылынын аймагындагы, тургундар арасында РТС деп белгилүү болгон конуштагы суу менен камсыздоо маселеси боюнча расмий маалымат берди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылындагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө «Мыкты үй-бүлө» кароо-сынагы болуп өттү. Сынак үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу, улуттук каада-салттарды даңазалоо жана үй-бүлөлөрдүн чыгармачылык жөндөмүн колдоо максатында уюштурулду.
26-сентябрда Нарын районунун Эки-Нарын айылында мугалимдердин кесиптик майрамына карата спорттук спартакиада өткөрүлдү.
Токтогул шаарындагы №4 Бримкулов атындагы мектепте окуучулар арасында шахмат боюнча райондук биринчилик өткөрүлдү. Мелдешке аймактан 6 жаштан 18 жашка чейинки окуучулар катышты.
Аксы районунда майыптыгы бар жарандар арасында XV Жалал-Абад облустук спартакиадасы өткөрүлдү.Спорттук иш-чарага Жалал-Абад облусунун райондорунан спортчулар катышып, спорттун ар түрдүү түрлөрү боюнча күч сынашты.
Тогуз-Торо районунда жаштар арасында шахмат спортун өнүктүрүү жана популярдаштыруу максатында шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү.Мелдешке райондогу жалпы билим берүүчү мектептерден 6 жаштан 18 жашка чейинки окуучулары катышып, шахмат боюнча чеберчиликтерин жана …
Токтогул районунун спортчулары майыптыгы бар жарандар арасында өткөн XV Жалал-Абад облустук спартакиадасында командалык эсепте II орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болушту.
Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасындагы республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды. Алардын арасында Түп районунан барган сүрөтчү-көнчү (теричи) Кадырбек Мусаев да бар.
1–6-сентябрь күндөрү Кырчын жайлоосунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну Айбек Касманбетов азербайжан күрөшү боюнча Кыргызстандын намысын коргоп, коло медаль тагынды. Бул тууралуу Нарын облусунун …
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттун грэпплинг түрү боюнча өткөн мелдеште Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылынан барган балбан Камчы Төлөпалды уулу коло медалга ээ болду.
1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ак-Талаа районунун Коңорчок айылынын тургуну, балбан Айбек Касманбетов Азербайжан күрөшү боюнча Кыргызстандын намысын коргоп, коло медалга ээ болду. Бул …
Түп районунун Балбай айыл аймагына караштуу Кудургу айылында аялдар жана кыз-келиндер үчүн заманбап фитнес зал пайдаланууга берилди.
Жалал-Абад курама командасы Республикалык таймашта байгелүү орун алышты. Токтогул райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин оор атлетика командасы толугу менен, жана спорттун башка түрлөрүнүн валейбол, футбол жана башка түрлөрүнөн өкүлдөрү катышты. …
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Зулпуев айыл аймагында ири инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда. Президенттин Турукташтыруу фондунан 350 миллион сом бөлүнүп, айылда заманбап стадиондун курулушу башталды. Долбоор айыл тургундары үчүн спорттук …
Сары-Булак айылында жаңы кичи футболдук аянтча ачылып, анын урматына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Иш-чара спортту өнүктүрүүгө жана кызматкерлердин биримдигин чыңдоого багытталды.
Токтогул районунун жаштары «Мен чемпион» республикалык спорттук оюндарынын облустук этабында Токтогулдун намысын коргогон жаш волейболчуларыбыз өзгөчө даярдыгын көрсөтүп, бардык каршылаштарын артка калтыруу менен баш байгелүү I орунду багындырышты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Мен чемпион» республикалык оюндарынын облустук этабы жыйынтыкталды.
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагындагы Абшыр-Ата эс алуу жайында «Табиятты сактап, спортту тандайбыз!» аттуу демилгенин алкагында спорттук чуркоо марафону уюштурулду. Иш-чара Абшыр-Ата айылынан Абшыр-Ата шаркыратмасына чейин …
8-9-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында армрестлинг боюнча Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионаты өттү. Эл аралык мелдешке Азиянын 17 мамлекетинен 250дөн ашуун спортчу катышты. Мелдеште Ак-Талаа районунун …