Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Спорт

Түптүн «Долон» командасы эл аралык мелдеште байгелүү орунга ээ болду

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин кубогу үчүн хоккей боюнча эл аралык мелдеш өттү. Ага Казакстандан эки команда, Россиядан бир команда, Бириккен Араб Эмираттарынан бир команда жана Кыргызстандан үч команда катышты. …

6 Июнь 2026 жыл 9:50

Токтогулда бокс боюнча эл аралык турнир болуп өттү

Токтогул районунда кыргыз спортунун өнүгүшүнө жана жаш муундарды тарбиялоого зор салым кошкон инсанды эскерүү жана сыйлоо максатында спорттук иш-чара уюштурулду. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт тармагынын мыктысы, кесиптик-техникалык билим …

5 Июнь 2026 жыл 21:10

Тасма мектебинин жаш спортчулары облустук мелдеште ийгилик жаратышты

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А.Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары «Я — Чемпион» аттуу облустук спорттук мелдеште ийгиликтүү катышып, мектептин жана айылдын намысын татыктуу коргошту. Жаш …

5 Июнь 2026 жыл 9:33

Түп районунун медайымдары «Ден сак адам — өнүккөн өлкө» спорттук оюндарында күч сынашты

5-май – Эл аралык акушерлер күнү жана 12-май – Эл аралык медайымдар күнүнө карата Түп районунда медицина кызматкерлеринин арасында «Ден сак адам — өнүккөн өлкө» аталышындагы спорттук мелдеш өткөрүлдү.

1 Июнь 2026 жыл 18:04

Нарын районунда “Мен чемпионмун” мелдешинин облустук турунда окуучулар ийгилик жаратты

Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын Өмүр Токтосунов жалпы билим берүү мектебинин 4 окуучусу жана Алыш орто мектебинин 1 окуучусу “Мен чемпионмун” аттуу республикалык мелдештин облустук тандоо турунда ийгиликтүү катышып, байгелүү …

25 Май 2026 жыл 9:17

Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинде кичи футбол аянтчасы ачылды

2026-жылдын 22-майында, Токтогул районуна караштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Терек-Суу айылындагы Турусбек атындагы орто мектебинде заманбап кичи футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

23 Май 2026 жыл 14:35

Түп районунда “Үй-бүлөнү жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо” жумалыгы өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 11–16-май күндөрү “Үй-бүлөнү жана өспүрүмдөрдү зомбулуктан коргоо” жумалыгы уюштурулду. Түп райондук прокуратурасынын демилгеси жана Түп райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен уюштурулган жумалыктын алкагында Түп райондук ички …

19 Май 2026 жыл 10:34

Акталаалык балбандар грепплинг боюнча чемпионатта байгелүү болушту

Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы Рыскелди уулу Туратбек атындагы спорт клубдун ADCC грепплинг күрөшү боюнча КРнын чемпионатына катышкан 11 балбандын сегизи байгелүү болушту.

17 Май 2026 жыл 21:26

Улуу Жеңиш күнүндө Корчубек Акназаров мектебинин мугалими баш байгени багындырды

Кочкор районунда 9-май – Улуу Жеңиш күнүнө карата шахмат боюнча турнир өтүп, анда Корчубек Акназаров атындагы мектептин мугалими Чынгыз Ишенбек уулу 1-орунду камсыз кылды.

10 Май 2026 жыл 8:29

Суусамырда кыз-келиндер арасында волейбол боюнча турнир өттү

Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында кыз-келиндер арасында волейбол боюнча достук мелдеш уюштурулду. Мелдешке төрт айылдан келген командалар катышып, жыйынтыгында мыкты команда жеңишке жетишти. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, негизги максат кыз-келиндердин башын …

3 Май 2026 жыл 9:50

Түптө 1-майга карата ат чабыштар өтүп, 80ге жакын күлүк ат салышты

Түп айыл аймагында 1-май — Эмгек майрамына карата улуттук ат оюндары өткөрүлүп, ага 80ге жакын күлүк катышты.

2 Май 2026 жыл 16:54

Төлөктө 35 жаштан жогору жигиттер арасында волейбол турнири өттү

Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында 35 жаштан жогору жигиттер арасында волейбол боюнча турнир уюштурулуп, спорттук иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Бул мелдеш аймактагы тургундардын сергек жашоо образын жайылтуу, ынтымакты бекемдөө жана …

26 Апрель 2026 жыл 13:17

Төлөк айылында футбол аянтчасы оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан ачылды

Төлөк айылында фудбол аянтчасы акыркы жылдары жараксыз абалда болуп, ал жакта фудбол ойноо дээрлик бир жылга токтогон. Эми минтип  фудбол аянтчасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп расмий түрдө кайрадан ачылып, ага айыл тургуну …

24 Апрель 2026 жыл 9:08

23-апрель Бүткүл Дүйнөлүк теннис күнү: «Спорттук мелдештерде теннис тизмеде жок болот…»

42 жаштагы Индира Абылгазиева учурда Байымбет атындагы орто мектебинде информатика сабагынын мугалими болуп эмгектенет. Бүткүл Дүйнөлүк теннис күнүнө карата спорттун ушул түрү тууралуу сүйлөштүк. Ал теннисти сүйүп ойногондордун бири.

23 Апрель 2026 жыл 17:24

Чолпон айылында футбол аянтчасы курулууда

Кочкор районундагы Чолпон айылында жаңы спорт аянтчасынын курулушу кызуу жүрүүдө. Президенттин демилгеси менен башталган бул долбоор айыл жаштарынын спортко болгон кызыгуусун арттырып, заманбап шарттарда машыгууга жол ачат.

23 Апрель 2026 жыл 9:21

Суусамырда кыз-келиндер арасында волейбол мелдеши өттү

Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылында кыз-келиндер арасында волейбол оюну уюштурулду. Иш-чара жергиликтүү келиндердин демилгеси менен өтүп, өрөөндөгү үч айылдын өкүлдөрү катышты. 

21 Апрель 2026 жыл 11:11

Акталаадагы мектепте спорттук майрам өттү

Кечээ Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде ата-энелер менен бирдикте спорттук мелдештер  өткөрүлдү. Ага жаш курактарына жараша  1-11-класстын окуучуларынын ата-энелери волейбол ойноп, аркан тартыш, эстафетага катышты.  …

20 Апрель 2026 жыл 8:46

Токтогулда кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чара өтүлүп жатат

Токтогулда кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чаралар өтүлүп жатат. Токтогул районунун Үч-Терек, Торкен, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтөрүндө мектеп окуучулары жана ата-энелердин катышуусунда өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды алдын алууга багытталган маанилүү жолугушуу …

13 Апрель 2026 жыл 13:02

Токтогулда мугалимдер арасында «Ден соолук – 2026» спартакиадасы башталды

​Токтогул районунда билим берүү кызматкерлеринин арасында спорттун түрлөрү боюнча «Ден соолук – 2026» салттуу спартакиадасы өтүп жатат.

12 Апрель 2026 жыл 0:01

Акталаада ден-соолук күнүнө карата спорттук мелдештер уюштурулду

Ак-Талаа районунун Баетов айылында 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата жалпы дарыгерлик-практикалык борбору жана ден соолук кабинети тарабынан кыз-келиндер арасында аралыкка чуркоо жана эркектер арасында аркан тартыш боюнча мелдеш өткөрүлдү.

9 Апрель 2026 жыл 9:30
Шаршемби
4 Жетинин айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...