Нарын районуна караштуу Куланак айылында машыгуучу зал жок болгондугуна байланыштуу, кышында машыгуу токтоп калат. Ошого карабастан спортчулар көптөгөн ийгиликтерди багындырышууда.
Ысык- Көл облусунун Туура-Суу 1 айылындагы футбол аянтчасы жаны үлгүдө жасалып жатат. Бул айыл жаштарынын спорт менен машыгуусуна өбөлгө түзөт.
Бүгүн 23-март күнү мугалимдер арасында спорттук оюндар болуп өттү.
Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы Нооруз майрамына даярдык. Быйыл Нооруз майрамын айылда жашаган саяк уруусунун өкүлдөрү уюштуруп жатат. Майрамга карата уюштуруу иштери жүрүп, даярдык көрүлүп жатат.
Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мугалимдер арасында 8-март «Аялдардын эл аралык майрамына» карата волейбол оюну болуп өттү.
Сүлүктү шаарында «Ак кар» майрамы белгиленди. Көптөгөн жылдар бою, кыштын акыркы күндөрү белгиленип келген майрам, 2019- жыл үчүн бүгүн белгиленди.
Талас шаарында таэквандо биринчи жолу ачылды. Бул спорттун түрүнө бир гана балдар барбастан, кыздар дагы барышат “Алихан” спорт залынын таэквандо боюнча машыктыруучусу Урмат Мамыровдун айтымында: “Ачылганыбыздын максаты Талас шаарынын жаш …
Бул ирет дзюдо, самбо жана аялдар арасындагы эркин күрɵш боюнча ɵлкɵнүн бир нече жолку чемпиону, Айзада Жаналиева жɵнүндɵ жазууну туура кɵрдүк.
Сумбула айыл аймагындагы орто мектептер арасында волейбол оюну боюнча зоналдык мелдеш өткөрүлдү. Мелдеште 6 мектептин окуучулары ат салышып, аягында Манас атындагы орто мектебинин атынан чыккан команда жеңишке жетти.
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 8-11-класстары үчүн «Кыш оюн-2019» спорттук оюну болуп өттү.
15-февраль Советтик армиянын Ооганстандан чыгарылган кунүнүн 30 жылдыгына карата Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кыздар жана балдар арасында «Үстөл үстүндө теннис» оюну болуп өттү.
2-февралда мекеме кызматкерлери арасында волейбол оюну болуп өттү. Бул оюндун максаты мекеме кызматкерлеринин ынтымагын бекемдөө жана ден-соолукту чыңдоо болуп эсептелет.
2019 жылдын 1- февраль күнүндө, Талас шаарынын «Байбол» музаянтчасында, жаш өспүрүмдөр арасында таймаш болуп өттү. Уюштуруу тарап Талас облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору болду. Бул таймашта жалпысынан …
Талас шаарында “Бакубат” баскетбол тобу 2016-жылы ачылгандан баштап биринчи орундарга ээ болууда жана чоң ийгиликтерди жаратууда.
Кубаныч Султан уулу Суусамыр өрөөнүнөн чыккан атактуу көк бөрү оюнчусу. Ал 19 жашынан баштап эле көк бөрүгө кызыгып, ойноп келет.
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 5-6-7-класстары арасында «Көңүлдүү старт» спорттук оюну болуп өттү.
27-январь 2019-жыл Сүлүктү шаарынын мергенчилер жамааты 2018-2019 жылдагы кышкы аң уулоо сезону жабылуу аземине болуп өттү.
Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 25-январь күнү «Атам, апам жана мен» аттуу спорттук мелдеш өттү.
Талас районундагы Кырк-Казык айылында мелдеш болуп өттү.
Базар- Коргон районунун Ооган- Талаа айылынын мектеп окуучулары күрөшүү үчүн атайын маттын жоктунан карда күрөшүп келишет.