Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Макалалар

Баетовдо окуучулар медициналык кароодон өтүштү

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ар багыттагы адистери белгиленген график боюнча райондогу 17 мектептин окуучуларын кезектеги медициналык кароодон өткөрүштү.

14 Октябрь 2015 жыл 20:26

Баетовдо эл мугалимине арналган көргөзмө болду

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими М.Базаркуловдун 80 жылдык мааракесине карата Ак-Талаа райондук маданият үйүндө көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө сүрөттөр, дубал гезиттер жана окуучулардын дилбаяндары коюлган.

14 Октябрь 2015 жыл 20:17

Баетовдо эл мугалими эл менен жолугушту

15 жыл бою агартуу министри болуп иштеген М.Базаркуловдун 80 жылдык мааракеси өзүнүн туулуп-өскөн жеринде салтанат менен белгиленди. Ага райондун жетекчилиги, мекеме жетекчилери, агартуу кызматкерлери жана окуучулар катышты.

14 Октябрь 2015 жыл 20:05

Баетовдо дарыгерлер окуудан өтүштү

Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык адистери атайын үч күндүк окуудан өтүштү.

14 Октябрь 2015 жыл 19:59

Токтоян айылынын тургундары бирдиктүү мектеп формасына каршы

Мурдатан келе жаткан форма фартукка көнүп калган Токтоян айылынын элдери жаңы формага көз караштары башкача. Форманын чыкканы жакшы, бирок бааларынын кымбаттыгы карапайым элди тынчсыздандырып жатканын айтышат.

14 Октябрь 2015 жыл 16:13

Токтоян: Мектепте окуучулар үчүн китептер жетишсиз

Ашырбай Коёнкөзов мектебинде окуучулардын саны 215 болсо, алардын бардыгына китептер толугу менен жетишсиз.

14 Октябрь 2015 жыл 14:05

Токтоян: Коёнкөзов мектебинде химия мугалими жетишсиз

Түп районундагы Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов жалпы орто билим берүү мектебинде химия сабагынан берген мугалим жок болгондуктан, мектеп директору, математик Калык Албанов кошумча кылып химия сабагынан берет. Мындан улам мектеп окуучулары жетишээрлик …

14 Октябрь 2015 жыл 12:29

Тасма айылында алтын күз

Күз мезгили келип Тасма айылы быйыл өзгөчө кооздукка бөлөнүүдө. Жылдагыдан айырмаланып быйыл күн жылуу болуп, эгиндер мол болду, дейт айыл тургуну Майрамкүл Ысмагулова.

13 Октябрь 2015 жыл 12:18

Тасмада башталгыч класстын мугалими министрден ардак грамота алды

  Түп районунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинин мугалими Анара Жаркынбаева Билим беруу министринин ардак грамотасына ээ болду. Жаркынбаева аталган мектепте башталгыч класстын мугалими  болуп 36 жылдан бери эмгектенип келет.

13 Октябрь 2015 жыл 12:08

Тасманын Умай энеси Кекил Ишенбаева

Тасма айылынын тургуну Кекил Ишенбаева учурда 67 жашка келип калды. Кекил энени айыл тургундарынын бардыгы таанышат. Себеби кандай гана оору болбосун ага кайрылышат.

12 Октябрь 2015 жыл 14:13

Бакай-Ата: Ыктыярчы Асан жана Үсөн

«Бакай-Ата» жааматтык мультимедиа борборунда азыркы маалда беш ыктыярчы эмгектенүүдө. Алардын ичинде эң активдүүлөрү эгиздер Асан жана Үсөн Сүйүтбековдор.

11 Октябрь 2015 жыл 10:52

Үч-Коргондогу тивиттер кабар түйүнү кайрадан жанданды

Үч-Коргондогу твиттер кабар түйүнү жаш журналистер демилгеси менен кайрадан жанданды

11 Октябрь 2015 жыл 0:44

Тасмада түшүм майрамы болуп өттү

Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы мектебинде түшүм майрамы болуп өттү. Жыл сайын күздө майрамдалуучу бул күн быйыл салыштырмалуу өзгөчө болду дешүүдө тургундар.

10 Октябрь 2015 жыл 19:49

Тасмада окуучуларга китеп жетишпей жатат

Түп районунун Тасма айылдагы Асан Сопиев мектебинде окуучуларга китеп жетишпей келүүдө. Ата-энелер балдарына китеп жетпегенине нааразы болушууда. Мектеп китепканачысынын билдирүүсүндө, башка мектептерге салыштырмалуу 70% китеп менен камсыз болгон.

9 Октябрь 2015 жыл 18:52

Куланакта мугалимдер күнү белгиленди

Бир жылда бир келүүчү мугалимдердин кесиптик майрамы Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинде таң эрте салтанат менен башталды.

9 Октябрь 2015 жыл 12:35

Куланак: “Жогорку билимдүүмүн, өз кесибим менен эмгектене элекмин”.

Учурда жогорку билимдүүлөр көп болгону менен өз кесибинин ээси болбостон башка нерсе менен алектенип келишет. Бул материалда Куланак айылында «жогорку билимдүүмүн, бирок жумуш жок» деп отура бербестен сүйгөн кесип таап алган …

9 Октябрь 2015 жыл 9:25

Куланак: Аралбаев мектебинде заманбап даараткана ачылды

“Суу, санитария жана гигиена” долбоорунун алкагында Нарын районунун Куланак айылындагы Аралбаев мектеби жеңишке жетип, жаңы даараткана мектеп ичине курулууда.

9 Октябрь 2015 жыл 9:13

Куланак: Райондук спартакиадада Аралбаев мектебинин мугалимдери биринчиликти багынтты

Жыл сайын салт болуп калган, мугалимдер күнүнө арналган спартакида быйыл финалдык беттеши Дөбөлү айылында өткөзүлдү. Беш айыл катышкан спартакиада Нарын районунун Куланак айылындагы Аралбаев орто мектебинин мугалимдери баш байгени багынтты.

9 Октябрь 2015 жыл 6:10

Токтоян: Кѳчѳдѳ жүргѳн иттерден адамдар жабыр тартууда

Айылда ар бир үйдѳ жок эле дегенде 1-2ден ит бар. Айыл тургундардын кѳбү иттерин байлабай бош коюп беришет. Ошондой кѳчѳдѳгү иттер адамдарга терс таасирин тийгизүүдѳ.

8 Октябрь 2015 жыл 23:10

Токтоянда мугалимдер сабак ѳтүүдѳ телевизор пайдаланышат

  Коёнкѳзов мектебинде тѳрт телевизор, тѳрт DVD бар. Бул техникаларды башталгыч класстардын жана жогорку класстардын мугалимдери тарбиялык сабак, ачык сабактарды ѳтүүдѳ пайдаланышат.

8 Октябрь 2015 жыл 20:54

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...