
Бул программалар сериясы Алматы шаарындагы ЮНЕСКО бюросунун колдоосу менен Коммуникацияларды өнүктүрүү эл аралык программасынын тренингдеринин алкагында түзүлгөн. Программалар жергиликтүү проблемаларды жана аларды чечүүнү кыргызча уктурат. Орусча кыскача аннотациялар берилген.
Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун (КГПИ) биология жана педагогика факультетинин мугалимдери жана студенттери Абшыр-Атада бир апталык практикада болушту. Май айынын аягындагы бул практиканын жүрүшүндө алар өсүмдүктөр менен таанышып, гербайрийлерди жасаган.
Түп районуна караштуу Токтоян айылындагы жалгыз мечиттин курулганына он жылдай убакыт болду. Андан бери мечит эскирип калгандыктан, замандын талабына жараша оңдоп түзөөдөн өтөт, деп билдирди мечиттин имамы.
Куланак айылында 2014-жылдын 11-кыласынын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тесттин жыйынтыгын күтүп жаткандыгын айтышты. Алар бир чети мектепти аяктап жатканына кубанса, дагы бир чети мектептен кеткиси келбей жаткандыгын айтышат.
Уч-Коргон айылына караштуу Манас-Ата орто мектебинде билим алган балдардын ата-энелери бүтүрүү кечесине карата чогултулган акча каражатынын өлчөмүнө нааразычылыктарын билдиришти. Окуучулар өздөрү демилге көтөрүп мектепке салым кошолу деп чечишкен, дейт мектеп администрациясынан.
Баткен облусунун, Үч-Коргон айлынынын жамааттык мультмедиа борборунун өкүлдөрүнө 2014-жылдын 26-27-майында жарандык журналистика атуулдук көз карашты калыптандыруу деген аталыштагы семинар өткөрүлдү. Окууну Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин профсоюзунун жетекчиси Мэри Бекешова өттү. Окууда жарандык журналистика деген эмне жана журналистиканы өнүктүрүү жолдору, мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат алдык.
Учкун айылынын бутуруучусу Акай Орозкожо уулу бир жыл мурда кымыз бышыруучу Бишкек ойлоп тапкан.
Анын ачылышы учурда Акайга Кыргыз Техникалык Университетинин каалаган бөлүмүнө өтүүгө жолдомо алып келди.
Айылдагы Сатыбалды Далбаев орто мектебин 11-класстары билим уясын толук бир айдан кийин аякташат. Бүтүрүүчү класстардын келечек максаттары кандай, эмнелер жөнүндө ойлошот, кызыгып сурап көрдүк. Төмөндө айрым окуучулар менен болгон маегибизди сунуштайбыз.

Айыл тургундарынын айтуусу боюнча бүгүн Кыргызстанда эң маанилүү күн. Анткени кыргызды кыргыз кылган «Ак калпак» дешет.
Аталган тренингди Айыл демилгеси коомдук бирикмесинин филиалынын жетекчиси Болотбек Сурапов өткөрдү.