Тогуз-Торо районуна караштуу Каргалык жаштар кеңеши, Тилектеш Эл Коомдук Бирикмеси менен биргеликте дебаттык турнир уюштурушту.
Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминовдун илимий эмгектери Баткен облусу боюнча жайылтылууда. Учурда Гапыр агай Баткен аймактык колледжинин профессор-окутуучулар жамаатына жана студенттерине автордук «Акыл Эмгегинин маданияты» …
15-февраль Советтик армиянын Ооганстандан чыгарылган кунүнүн 30 жылдыгына карата Баетов айылындагы Бейшеналиев атындагы орто мектебинде кыздар жана балдар арасында «Үстөл үстүндө теннис» оюну болуп өттү.
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 5-февраль күнү аккредитация өттү.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын орто мектебинде жайгашкан “Ак кептер” медиаборбору мектеп окуучулары арасында, “эс алуу минутасы” (физминутка) боюнча конкурс уюштурду.
1- февраль күнү «Талас облустук жаштар Кеңеши» коомдук бирикмесинин борборунда “Унчукпай коюу болбойт” аталашында сүрөт көргөзмөсү жана талкуу болуп өттү. Талкууда жаштар, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарынын өкүлдөрү, укук коргоо …
2019 жылдын 1- февраль күнүндө, Талас шаарынын «Байбол» музаянтчасында, жаш өспүрүмдөр арасында таймаш болуп өттү. Уюштуруу тарап Талас облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт сектору болду. Бул таймашта жалпысынан …
Талас шаарында “Бакубат” баскетбол тобу 2016-жылы ачылгандан баштап биринчи орундарга ээ болууда жана чоң ийгиликтерди жаратууда.
Суусамыр өрөөнүндөгү эң мыкты мектеп окуучулары апрель айында Жогорку Кеңешке барып депутаттар менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу Суусамыр FM радиосунун жетекчиси Айзада Калканбекова билдирди. Анын айтымында, бул жолугушуу алгачкы жолу …
Базар-Коргон районуна караштуу Гүмкана айылынын 10-классынын окуучусу колдо оюнчук машина жасады. Бул жөнүндө Хамдам Гапуржанов менен маек курдук. Бул машинаны чогултуш үчүн 4 саат убакыт кеткен. Эң эле кызыгы бул …
Кубаныч Султан уулу Суусамыр өрөөнүнөн чыккан атактуу көк бөрү оюнчусу. Ал 19 жашынан баштап эле көк бөрүгө кызыгып, ойноп келет.
Талас шаарындагы №5 орто мектебинин 10-классынын окуучусу жаштайынан хореограф болуп алектенет жана “Mess” тобун ачты.
Суусамыр айылынын ортосунан агып өтүүчү «Жинди Суу» суусу кыш түшкөндөн бери нугунан чыгып жатып, муз каптап, окуучулардын мектепке баруусуна, дегеле айыл тургундарына чоң кѳйгѳй жаратууда.
Кышында айылда жашаган тургундар эмне менен алек болушат? Негизинен мекенибиздин көпчүлүк айылдарында ишканалар жокко эсе, ошондуктан айылда жашагандар илгеркидей эле мал чарбасы менен алек болушуп, күн өткөрүшөт.
Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Бегимбай Чотуров көп жылдан бери алыскы аралыктагы өзөндөн суу ташып, ичкен айыл элине өзүнүн демилгеси менен суу чыгарып берген.
Нурадил Азаркулов — Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинин дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык боюнча мугалими
Кыргыз Республикасынын мектептеринде мугалимдик кызматта негизинен аялдар эмгектенишет. Мисалы: Жайыл районунун Кара-Суу орто мектебинде 13 мугалимдин экөө гана эркек. Ал эки мугалимдин бири Нурадил Азаркулов.
Жайыл районунун Кара-Суу айылынын борбордук, Мураке көчөсү жарыктандырылды. Jaryktandyruu
Мекенинен алыс жакта эмгектенип жүргөн Асылбек Асаналиев жапон элинин арасында чоң сыйга ээ болуп , кыргыздын атын даңазалап жүрөт.
Базар- Коргон районунун Ооган-Талаа айылында үй тиричилигине керектелүүчү буюмдарды сатуучу дүкөн иштей баштады.