18-майда Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде от оюну майрамдалды. Бул майрам мектепте 6 жылдан бери бүтүрүүчүлөргө арналып, уюштурулат.
Сүлүктү шаарындагы бардык мектептердин, гимназия жана лицейлердин лидер окуучуларынын катышуусу менен семинар өттү.
13-май күнү Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылында саат 16:12 ден 16:18 ге чейин болгон катуу жаандын айынан айылда сел жүрдү. Натыйжада бир нече сарайлар жана эгиндер суу астында калып, жолдор …
Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын 6-а классынын гимназисти Мунара Джапарова биология сабагынан алган билимин өз алдынча сынап көрүү үчүн үйдө өсүмдүктүн өсүүсүнө түзүлгөн шарт боюнча тажрыйба жүргүздү.
2018-жылга карата Рамазан айынын алгачкы күнү деп 17-май белгиленди.
Баткен облусунун жаштарынын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү долбоорунун алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын жаштарынан тандалып алынган командалар үчүн бүгүн Исфана шаарында Дебат клуб башталды.
Сүлүктү шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №7 орто мектебин 2008- жылы бүткөн бүтүрүүчүлөрү алгылыктуу демилге баштап, мектепти бүткөндүгүнүн 10 жылдыгына карата мектептин дааратканасын капиталдык ремонттоо иштерин кызуу жүргүзүп жатат.
Улуу Жеңиштин 73- жылдыгына арналган эрежесиз эр уруштун эл аралык турнири жыйынтыкталды. Турнирде 12 рейтинг көтөрүүчү чыгуу болуп бир башкы беттеш жана супер беттеш болду.
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында да 9-май Улуу Жеңиштин 73-жылдыгы кызуу белгиленип жатат. Майрамдын салтанаттуу бөлүгү Сүлүктү шаардык борбордук стадиондо өтүүдө. Өзгөчөлөнгөн жери «Өлбөс полк»- жүрүшү болуп өтө көп жарандар катышты.
«Сайкал» куурчак театры «Каардуу чал» аттуу чыгармасын Сүлүктүдөгү мектептерде коюп баштады. Кезек менен бардык окуу жайларында, бала бакчаларында коюлуп жатат. Катышкан балдар өтө кубануу менен кабыл алып, кайра келип коюп …
Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Манас атындагы орто мектебинде «Жаш мугалимдер- үмүтүбүз» деген темада аймактык тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек стол 2-май күнү жогорку деңгээлде өтүп, окуучулардан концерттик программалар дагы тартууланды.
Сүлүктүдөгү Искак Раззаков атындагы №7-орто мектепте «Кырсыкта адам өмүрүн сактоо»- боюнча биргелешкен даярдык өтүүдө.
Лейлек районунун 90 жылдыгына карата «Даңазалуу Лейлегим» аттуу темадагы үгүт кербени 27-апрелде Сумбула айыл өкмөтүндө болду. Анда 4 айылдын мектеп окуучулары өз айылынын тарыхы тууралуу доклат окуп, сахналаштырылган оюн көрсөттү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун демилгеси менен, Бүтүрүүчүлөрдү Жалпы Республикалык Тестирлөөгө даярдоо боюнча Сүлүктүдөгү №9-гимназия менен Лейлектеги №3- гимназиянын ортосунда кызматташтык башталды. Гапыр Мадаминовдун чакыруусу боюнча Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын директору …
Сүлүктү шаары боюнча мектептерде биринчи класстын окуучуларына арналган «Кош Алиппе» аземи өтүүдө. 27-апрелде Исхак Раззаков атындагы №7- орто мектебинде дагы өзгөчө маанайда иш- чара болду.
Бул турнирде орто Азиянын 🇰🇬Кыргызстан,🇺🇿Узбекистан,🇰🇿Казахстан,🇹🇯Тажикстан Республикаларынын мыкты мушкерлери куч сынашмакчы.
Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Абиш Халмурзаевдин буйругуна ылайык, 2017-2018 окуу жылында новатор педагог Гапыр Мадаминовдун автордук «Энелер мектеби»- программасын жалпы облус боюнча мектептерге жайылтуу иштери активдүү жүргөн. Окуу …
«Жыл мугалими -2018» сынагынын облустук турунда Сүлүктү шаарынан катышкан, №9- мектеп гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим Дилара Шералиева 2-орунга жетишти.
23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Сүлүктүдөгү Исхак Раззаков атындагы №7-орто мектепте шаардык деңгээлдеги «Китеп майрамы» белгиленди. Аземге Сүлүктүдөгү окуу жайлардын китепканачылары менен кошо китеп сүйүүчүлөр катышып, №7-мектептин чыгаан окуучулары тарабынан …
Кыргыз Республикасы боюнча аймактарда «Келгиле окуйбуз» долбоору реализацияланып, пилоттук мектептердин мугалимдери атайын даярдыктан өтүүдө.