Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагында малга кышкы тоют камдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жергиликтүү эл бул жылы чөп жылдагыдан аз болгондуктан, коңшу айыл, шаардан кошумча тоют сатып алууда.
Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берип, жана ушу убакытка чейинки айтылып келе жаткан сунуштардын канчалык деңгээлде аткарылгандыгы түшүндүрмө берди.
Жайдын келиши менен Суусамыр айылына кымыз ичип эс алууга чыккан меймандардын саны жыл өткөн сайын өсүүдө. Кымыз ичип эс алуу адамдын ден соолугун пайдалуу витаминдер менен камсыздап, иммунитетти көтөрүүгө көмөктөшөт. …
Шайыр апалар теле-сынагынын жеңүүчүсү «Энелер насааты» тобу, Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылына чоң программалык концерти менен келишти. Концертте жергиликтүү элге бий жана ар кандай кыргыз улуттук аспаптардын коштоосундагы ырлар тартууландаы.
Сайнагүл Маланова беш миңге жакын калкы бар Суусамыр айылындагы жалгыз набайчы. Ал бул набайкананы үй-бүлөсү менен биргеликте он алты жылдан бери иштетип келет. Ал жайы кышы даамдуу токоч жасап, чакан …
Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында ички жолдорго алфальт төшөө иштери башталды. Асфальт Эсенкан Алымкулов көчөсүнө төшөлүп, жергиликтүү элге колдонууга берилди. Жол иштерине жалпысынан 4 млн 415 мин сом каражат жумшалды.
Суусамыр жайлоосунда жергиликтүү эл жайында тыным албай конок тосуп иштейт. Алардын бири Асылбүбү Аземова электр энегиясы жете элек Арамза жайлоосуна жайкы эс алуу жайын ачкан. Ал электр энергиясын суудан жана …
Суусамыр өрөөнүндө жайдын келиши менен малчылар үчүн кой кыркуу мезгили башталды. Буга чейин малчылар койлордун жүнүн кайчы менен кыркып келсе, акыркы убактарда атайын кызмат көрсөтүлүп калды.
Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы Урмат Алыпсатаров бир ай алкагында элден чогулган суроолорго жооп берип, жергиликтүү элге муниципалдык кызмат орундары жана санариптештирүүнүн пайдасы тууралуу элге толук түшүндүрмө берди.
Жыл өткөн сайын Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды алтыгана ээлеп деградацияга учуратууда. Бул маселени пилоттук түрдө жок кылуу иштерин көрүү үчүн атайын техникалар менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков келди.
Биринчи июнь дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата Суусамыр айылынын тургундары мектеп жашына чейинки балдарга салтанаттуу иш чара өткөрүштү. Кичинекей коноктор үчүн оюн-зооктор уюштурулуп, белексиз бөбөк калган жок. Иш-чаранын соңунда ар …
Суусамырда акыркы жылдары уй саап, сүтүн сатып, кошумча каражат тапкан тургундардын саны көбөйдү. Айылдагы сүттү ишкер Калбү Иманбекова атайын унаасы менен чогултуп кетип акчасын төлөп берет. Сүт менен иштөөдөгү кыйынчылыктар тууралуу маек …
«Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы айыл тургундары тарабынан келип түшкөн суроолорго жооп берүүнү улантууда. Урмат Алыпсатаров жергиликтүү кеңештин удаа 3 чакырылыштагы депутат.
Жайыл районунун Суусамыр айылында үч гектар жерге чычырканактын көчөттөрү отургузулуп, жергиликтүү тургундарга жумуш орду түзүлүүдө. Отургузулган чычырканактын үч түрү бар.
25-26-27-апрель күндөрү Суусамыр өрөөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Азыгалиевдин демилгеси менен айыл элинин ден-соолугун чыңдоо максатында “Хиппократес” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Ли Жухваг мырза баштаган дарыгерлер тобу келип, калкты акысыз …
Учурда Суусамыр айыл аймагында эл жана турак-жай фондун каттоо иштеринин башталганына туура 5 күн болду. Бул убакта боюнча 33 каттоочу, 3 инструктор, 1 координатор иш алып барууда.
Суусамыр өрөөнүндө эл жана турак –жай фондун каттоо иштери башталганы турат. Бул арада Суусамыр өрөөнү боюнча каттоочулар атайын үч күндүк окуудан өтүп, улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан тиркемеге ылайык …
Суусамыр айыл өкмөтүндө Жергиликтүү кеңештин 9-кезектүү отуруму болуп өттү. Отурумга катышкан депутаттардын саны 14 болду. Андан тышкары айыл өкмөт башчысы, мектеп жетекчилери, айыл башчылар жана мекеме жетекчилери катышышты.
“Жооптуу бол!” Өзүңүздү жугуштуу эмес оорулардан сактаңыз! акциясы Суусамыр айыл аймактык ооруканасында старт алды. Акцияны Суусамыр айылдык ден соолук комитети жана оорукана кызматкерлери менен бирге өткөрүп жатат. Акциянын негизги максаты …
7-апрель ден соолукту чыӊдоо күнүнө карата Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде айылдык ден соолук комитети уюштурган спорттук иш-чара болуп өттү. Иш-чарага мугалимдер жана медицина кызматкерлери катышышты. Иш-чарада волейбол, аркан …