Ооган-Талаа жамаатык мультимедиа борбору айылдын элинен сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоодо келе жаткан референдумда коюлуучу үч багыт боюнча пикирлер алынды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын №237-токтомуна ылайык Улгайган адамдарды коргоонун күнүн өткөрүүдө, айыл аймагындагы улгайган жана жалгыз бой карыяларга азык-түлүктөр берилип, моралдык жана материалдык колдоолор көрсөтүлду.
Айыл өкмөттөгү кризистик абалда турган, жашоо шарты өтө оор Ооган-Талаадагы эки үй- бүлөгө 2020- жылдын эсебинен үй курулуп берилди.
Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылынын эли сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүштү. Эмдөө 3 жашка чейинки балдарга, 60 жаштан жогорку улгайган жана мамлекеттик иштерде иштегендерге берилди.
Ооган-Талаа айылында 1990-жылдары салынган мечит эскилигине жетип, 2019-жылы жаңы курулган. Мечитке ысык суу, кудук, отун, көмүр каналары жок болчу. Элдин, Россияда иштеп жүргөн балдардын демилгеси менен курулду.
Ооган-Талаа айылындагы жаңы конушка өкмөт тарабынан каржы бөлүнүп, электр мамычалар жана электротрансформатор коюлуп жатат.
Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Маданият: Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасын аткарышты Тимурлан Мелисбеков
Базар-Коргон райондук маданият бөлүмүндө улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата Ч.Айтматовдун, «Биринчи мугалим» повестинен маданият үйүнүн жана китепкана кызматкерлеринин аткаруусунда сахналаштырылып коюлуп, иш чара өткөрүлдү.
Ооган-Талаанын жашоочулары азыркы кырдаалда бет кап кийип жүрүшөбү? Айыл тургундары «Маскачан» үгүтүнө активдүү катышып жатышат. Бул иш-чара Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп, Жамааттык ЖМКлардын өкүлдөрү активдүү катышууда.
Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин мугалимдери «Биз биргебиз» акциясын өткөрдү. Акцияга мектептин мугалимдери катышып, топтолгон акчага мектептеги мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга акчалай жана таттуулар алынып, үйлөрүнө барып тапшырылды.
Пандемияга байланыштуу бала- бакчалар жабылган. Ата-энелер жана тарбиячылар бакчалардын ачылышын күтүп жатышканын айтууда.
Сатыбалды Далбаев тирүү болгондо 15-декабрда 86 жашка толмок. Далбаев ааламдан өтүп кетсе да, эли, окуучулары дайыма жасаган эмгегин эстеп эскеришет.
Могол айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акчалай жардам берилди. Мындай көмөк көрсөтүү 3- декабрь ден- соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата жасалып келет.
Базар-Коргон районунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча 2020-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин «Биз биргебиз» аттуу бир айлык акциясы жарыяланган.
Ооган-Талаа айылындагы китепканага «Бир адамдан бир китеп» акциясынын жыйынтыгында топтолгон китептерди тапшыруу аземи өттү.
Базар — Коргон районунда райондук санэпидемстанциянын сунушунун негизинде райондук ыкчам штабдын чечими менен дагы 27 мектепке реалдуу шартта окутууга уруксат берилди.
Чарбак айылындагы жеке ишкер айым жаңгакты кургатып, сатып киреше таап, айылдын жумушсуз аялдарын иш орду менен камсыз кылып жатат.
Базар-Коргон районунда эрте эмгекке тартылган балдар көзөмөлгө алынууда.
Ооган-Талаа айылында 2020-жылы жаз мезгилинде жааган кардын натыйжасында жаңгактарды үшүк алып кеткен.
Ооган-Талаа айылында акыркы убакта кызуу талкууланып жаткан конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча элет элинин көз карашын сурадык: Тимурлан Мелисбеков