28- апрель күнү Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүндөгү Эки Нарын айылында «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында 30 туп ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Иш-чара КРеспубликасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен …
Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Таш Башат айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинде 22- апрель «Бүткүл дүйнөлүк жер күнүнө» карата жана мектепти жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында көчөттөр отургузулду.
Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата иш чара өтүлдү.Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери, окуучулары жана китепканачы А.Таалайбекова тарабынан …
Дөбөлү айыл өкмөтүндө жазгы айдап-себүү иштери башталаарына байланыштуу атайын техникалык кароо уюштурулуп, ар айылдан келген тракторлор тизилип, абалы текшерилди. Иш-чара Кеңеш айылынан башталып, Эки-Нарын айылында жыйынтыкталды.
23-апрель- Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинде ата-энелер мектебинин негизинде «Жомоктор дүйнөсүнө саякат» — аталышындагы 1-4-класстын ата-энелери арасында китеп окуу конкурсу болуп өттү.
11- апрелде Дөбөлү айыл өкмөтү жергиликтүү эл менен жыйналыш өткөрдү. Жыйналышта техникалык каражаттардын жазгы айдап- себүүдө тарифтери , малчылардын мал жандыктарды багууда тарифтери бекитилди.
2025- жылдын 11- апрелинде Нарын шаарында өткөрүлгөн Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата стол тенниси боюнча Марат Кенжакунов орто мектебинин окуучусу 1- орунду багындырып келди.
Дөбөлү айыл өкмөтүнүн мекемелеринин айымдары арасында уюштурулган волейбол оюну боюнча «Ынтымак» турнири болуп өттү.
2025-жылдын 10-апрель күнү Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде Улуу Ата-Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Эрдик сабагы” өтүлдү. Иш-чарага Нарын шаардык бириккен аскер комиссариаты жана Нарын …
Нарын районунун, Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Таш Башат айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинде, ата-энелерге 12 жылдык билим берүү боюнча маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Таш Башат айылынын Марат Кенжакунов орто мектебинин окуучусу «Кыргызстандын мыкты окуучусу -2025» Республикалык сынагына катышты.
3- апрелде Кеңеш жана Алыш айылдарында жазгы иштер боюнча жыйын өткөрүлдү. Кеңеш жана Алыш айылдарында жазгы талаа жумуштарын уюштуруу, мал чарбачылыгы, ишембилик өткөрүү жана корук маселелери боюнча кеңири талкуу жүргүзүлгөн …
Марат Кенжакунов орто мектебинин «Көйкашка» командасы Манас таануу интеллектуалдык таймашында 3- орунга ээ болуп республикалык турга жолдомо алды.
28- мартта Дөбөлү айыл өкмөтүндө жалпы мекеме кызматкерлери тарабынан ишембилик болуп өттү. Анда ар бир мекеме айланасын тазалап жана көчөлөргө чыгышып жолдун бойлорун тазалашты.
Дөбөлү айыл өкмөтү ыйык Рамазан айынын урматына айыл аймактагы элдер үчүн ооз ачтыруу уюштурду.Иш-чарага жергиликтүү тургундар, аксакалдар жана айыл жетекчилери катышты. Анда Рамазан айынын мааниси тууралуу насаат айтылды.
Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин алыстан келип окуган окуучулары үчүн автоунаа иштеп баштады.
Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинде 2025- жылдын 15- март күнү Ата-энелер мектебинин алкагында комузчу, обончу, демократ акын Токтогул Сатылгановдун өмүрү чыгармачылыгына арналган ата-энелер арасында китеп окуу сынагы болуп өттү.
Кыргызстанда 15-мартта — Аталар күнү белгиленет. Бул майрам- кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө жана аталарга болгон урмат-сыйды арттырууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024- жылдын 26- июнундагы #145 «Аталар жана энелер күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзамынын 3- беренесин аткарууга алуу жана үй — бүлө институтун бекемдөө максатында 5-6-класстын окуучулары жана ата- …
Нарын районуна караштуу Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин чатырчасы быйылкы 2024-2025-окуу жылында толугу менен алмаштырылып, жаңыртылды.Буга чейин мектептин чатырчасынан жаан жааган учурда тамчы тамгандыгы үчүн дубалдарга сарыгып, андагы шыбактарды түшүрүп, …