Долон айылынын тургуну Кеңешбек Шоруков 30 жылдан бери жумушуна ат менен барып келип иштейт. Ал Ак-Суу районунун Жылдыз айылындагы Бейшенов орто мектебине эмгектенет.
Илгерки ата-бабалар кийген жүн байпак кайрадан элдин кызыгуусун жаратты. Ал алгач өзүнүн балдарына койдун жүнүнөн жип ийрип алып, байпактарды сатат.
Орто — Нура айылында Нарын районунун 90 жылдыгын утурлай райондук деңгээлде шахмат турнири өткөрүлдү. Турнирге ар бир айылдан барып катышышты.
Чуй облусунун, Сокулук районунун Белек айылындагы А.Куттубаев орто мектебинде Жамааттык мультимедиа борбору ачылды. Мультимедиа борбор айылдагы жаңылыктарды сайтка жайгаштырып турат.
Кыргыз радиосунун ардактуу диктору Бекташ Акматов Белек айылында жашайт. Ал учурда 85 жашка толду. Учурда ардактуу диктор үй-бүлөсү менен биргеликте бактылуу карылык кечирүүдө.
Ак-Талаа районундагы балдардын билим борборунда 8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата “Энелерге таазим” деген аталышта “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну өттү. Оюндун жобосуна ылайык макалдарды табуу, мамлекеттик атрибуттар, кыргыз элинин улуттук …
Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев атындагы орто мектепте Туу күнү белгиленди. Бул даталуу күнгө мектептин 10-б классы даярданып, окуучуларга линейка коюшту.
Кара-Суу айылынын жаштары Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун боюнда жайгашкан районубуздагы эн бийик желекти чечип жаныртышты.
Учурда элеттик окуучулар арасында интернет оюндары коп ойнолуп сабакка конул бурбай жатышат.Ата-энелер жана мугалимдер телефон оюндары терс таасир берип жатканын айтышууда.
Бакыян айыл өкмөтүндөгү тамчы булак айылында ФАП салынууда.
Базар-Коргон районунда болуп өткөн орус тили сабагынан олимпиаданын жыйынтыгына нааразы болгон Ооган-Талаа мультимедиа борборунун кабарчысы, №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин 10-классынын окуучусу Тимурлан Мелисбеков Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуевге …
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын негизги көчөсүнө жарык бергичтер орнотулду. Ал көчөдө көпүрө жайгашып, Учкун айылынын эки бөлүгүн бириктирип турат. Буга чейин ал жер караңгы болгондуктан, ар түрдүү кырсыктар катталчу.
Нарын районундагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде мамлекеттик туу күнүнө карата окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Желектин маанилүүлүгү, анын чечмелениши тууралуу окуучулар чакан иш- чара уюштурган.
1-март Орто Азия өлкөлөрүндө жаздын биринчи күнү катары эсептелинет. Бирок дүйнөдө бул күнү башка майрамдар дагы белгиленет.
Ромашка-татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Анча бийик эмес, жыттуу, сабагы бутактуу, гүлү майда, чети ак, ортосу сары гүл. Анын 50дөн ашык түрү Евразияда, Африкада белгилүү. Ромашка дарылыкка колдонулуп, анын …
Дүйнөлүк банк каржылаган Ага Хан фондусунун «Кыргыз Республикасында мектептерди жакшыртуу үчүн коомчулукту тартуу» долбоорунун алкагында районубуздун 14 мектебине жазган долбоорунун негизинде тиешелүү жабдуулар, материалдар тапшырылды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы эскертет: Коронавирус пандемиясы аягына чыга элек себебинен улам, беткапты кийүү өзүӊүздү жана башкаларды коргоого жардам берет жана вирустун жайылуусун алдын алат.
Кыргызстандагы аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышеванын демилгеси менен «Кыргызстандын айымдары» китеби жарык көрдү. Бул энциклопедияга өлкөдөгү өз коомунда мыкты иштерди жасаган 400 аялдын басып өткөн жолдору, иштери сүрөттөрү менен чагылдырылган.
Базар-Коргон районундагы Могол, Кызыл-Үнкүр айыл аймагындагы демилгелүү жаштар долбоору тарабынан уюшулган челенджде катышуучулар Тимурлан Мелисбеков 1-орун, Аймээрим Саитжанова 2-орун, жана Гулифа Абдыкерим кызы 3-орунду алышкан.
Ак-Талаа районунда Аялдардын Эл аралык майрамына карата мугалимдер арасында волейбол оюну боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.