Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Төлөк айылында спорт залдын курулуш иштери бүтпөй турат

Кочкор районунун Төлөк айылында 2017-жылы курулуп башталган спорт зал бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй турат. Спортзалдын жоктугунан мектеп окуучулары дене тарбия сабагын эшикте өткөрүүгө мажбур. Ошондой эле айылда спорт менен машыгууга …

27 Январь 2021 жыл 14:14

Альтернативдик жол салууда архелогиялык табылгалар табылды

Кочкор-Эпкин альтернативдик жолун оңдоодо, жер алдынан археологиялык табылгалар табылган. Табылгалар Кочкор районундагы Ак-Бел, Тармал-Саз, тилкесинен жана Бакечал бурулушунан табылган. Альтернативдик жол 3кө бөлүнөт. Эпкин-Балыкчы, Эпкин-Дыйкан, Эпкин-Жалал-Абад.

27 Январь 2021 жыл 14:12

Тогуз-Тородо өткөн “Китеп той-2021” мааракеси

Райондук жаштар биримдиги, Ч.Айтматов атындагы борбордук китепкана жана А.Сыдыков атындагы маданият үйү менен биргеликте райондук деңгээлде элибиздин жан дүйнөсүн китеп аркылуу байытуу максатында иш- чара өткөрүлдү.

27 Январь 2021 жыл 10:30

Айыл өкмөтү: Кайыңды-Булак айылына социалдык шаарча курулат

Быйыл Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылына аз камсыз болгон толук эмес үй-бүлөлөр үчүн типтүү турак үйлөр салынат. Азырынча 15 үй-бүлөгө деп пландалып жаткан бул шаарча “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан курулат.

26 Январь 2021 жыл 22:34

Тогуз-Торо: Окуучулар арасында кышкы спорттук оюндар жүрүүдө

Кара-Суу айылына караштуу №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинде 2021-жылдын 22-январында озгочо кырдаалда ден соолукту чыңдоо максатында окуучулар арасында «Алдыңкы баатыр» аталышындагы кышкы спорттук оюну өткөрүлдү.

26 Январь 2021 жыл 22:23

Корей Эл аралык кызматташтык агенттигинин өкүлдөрү кесиптик лицей менен таанышты

Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде Корей Эл аралык кызматташтык агенттигинин долбоор жетекчиси Ким Чул Ёнг жана административдик жардамчысы Дүйшөнаалы уулу Дайыр лицейдин коллективи менен жолугушту. Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасындагы органикалык …

26 Январь 2021 жыл 22:17

Сүлүктүдө проект жазуу боюнча кичи-тренинг өткөрүлдү

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы мэриянын, шаардык Кенештин, мамлекеттик уюмдардын жаш адистерине жана социалдык долбоорлордун волонтерлору-фасилитаторлоруна социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн, долбоордук сунушутаманы жазуу боюнча кичи тренингдер өтүлдү. Кичи-тренинг Ханнс Зайдель …

26 Январь 2021 жыл 16:29

Ак-Талаанын Кайыңды-Булак айылына ФАП курулат

АРИС уюмунун “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун” алкагында Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагына караштуу Кайыңды-Булак айылына бардык шарты менен жаңы фельдшердик акушердик пункт (ФАП) курулат.

26 Январь 2021 жыл 16:17

Баетов айылынын бюжети бекитилди

Баетов айыл өкмөтүнүн 2021-жылы үчүн бюджети бекитилди. Бюджетти бекитүүгө айыл тургундары же коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышкан жок. Айрым депуттардын маалыматына караганда бул сессияга депутаттар толук катышкан жок. Бюджет боюнча комитет …

26 Январь 2021 жыл 10:33

Жаштар жакшы иштерди демилгелей алышты…

«Ак-Талаа Жаштары» коомдук бирикмеси 2020-жылы жасалган иштери боюнча жылдык отчет берди. Жыйынга коомдук бирикменин мүчөлөрү, райондун аймагындагы жаштар уюмдарынын жигердүү өкүлдөрү жана район акими Сейтек Кулубаев катышты.

25 Январь 2021 жыл 12:20

Жайма базар элдерге тоскоолдук жаратууда

Жалал-Абад облусундагы жума базары бул ар жума күнү болуучу базар. Ага ар тараптан келген соодагерлер келип, кызуу базар болот. Шаардагы базардан айырмачылыгы арзандыгында. Ошондуктан бул базарга келген эл көп. kyrgyzmedia.kg …

25 Январь 2021 жыл 12:10

WhatsApp группаларда президентке кайрылуу тарап жатат

WhatsApp группаларда президент Садыр Жапаровдун атына телефондон ойнолуп жаткан оюндарды токтотуу боюнча кайрылуу кызуу талкуу менен тарап жатат.

25 Январь 2021 жыл 11:35

Арал айылынын окуучусу Сингапурда билим алууга жолдомо алды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Арал айылынын 11-классынын окуучусу Айым  Мырзабекова  гранттын негизинде  «Келечек фонду»  тарабынан уюшулган  конкурстан женүүчү деп тандалып, анын негизинде Сингапур шаарында окуп келүүгө жолдомо алды.

24 Январь 2021 жыл 12:44

Сокулук районундагы энелер мектеби

Чүй обулусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы Пахта мектебинде эң биринчилерден болуп «Энелер мектеби — тарбиянын башаты» аттуу энелердин семинары болуп өттү.

23 Январь 2021 жыл 19:58

Ит атарларга айыл эли нааразы болууда

Нарын районуна караштуу Куланак айылында жолбун иттерден тазалоо максатында январь, февраль айларында ит атуу боюнча рейд жүрүүдө. Бирок рейд учурунда ит атуучулар багылып жаткан иттерди да атып кеткендиктен айыл тургундары …

23 Январь 2021 жыл 19:18

Пандемияда жардам берген мигранттарга ыраазычылык кат берилди

Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясы Россия Федерациясында эмгектенген Жаңы- Жердик уул-кыздарына ыраазычылык кат тапшырды. Мекендештер пандемия күч алганда көрсөткөн колдоосу үчүн жана айылдаштарынын ар бир жаранынын ден-соолугуна кам көрүүгө кошкон салымы …

23 Январь 2021 жыл 14:10

Жаңы-Жер: Айылда спирт ичимдиктерин сатууга каршы демилге көтөрүлдү

Жаңы-Жер айыл тургундары тарабынан, дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга каршы демилге көтөрүлдү. Айылдын тынчтыгын сактоо жана жаштардын жаркын келечеги үчүн спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөргө, эл нааразычылыгын билдирүүдө.

23 Январь 2021 жыл 12:04

Мугалимдердин кыскартылган иш кагаздары боюнча көрсөтмөлөр берилүүдө

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методисттери мугалимдерге министрлик тарабынан кыскартылган бир нече иш-кагаздары боюнча аралыктан көрсөтмөлөрдү берүүдө. Методикалык кабинеттин башчысы Чынар Сатындиеванын айтканына караганда бул-мугалимдердин талабы. Бирок алар жүргүзүүгө милдеттүү …

23 Январь 2021 жыл 11:14

Суусамырда быйыл кыш жеңил өтүүдө

Жайыл районуна караштуу Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ быйыл жылдагыдан айырмаланып, кыш мезгили жеңил ѳтүүдѳ. Суусамыр метеостанциясынын берген маалыматына караганда бул жылы түшкѳн кардын калыңдыгы бүгүнкү күнгѳ карата 13 сантиметрди түзѳт. Ал эми, …

23 Январь 2021 жыл 9:42

Акталаада мектептер толук түрдө окутуунун салттуу режимине өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 25-январынан тартып, Ак-Талаа районундагы 8 жалпы билим берүүчү орто мектептерде дагы окутуу салттуу режимге өтөт. Бул тууралуу бүгүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев мектептердин жетекчилери менен …

22 Январь 2021 жыл 22:05

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...