Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Айылды калың кар каптады

Жайыл районунун Кара-Суу айылында 12-январдан бери кар жаап, айылды жана жолдорду калың кар басып калды.Кардын калың жаашы айылдын-борбор менен карым катнашын бир топ кыйындатты. Жеңил машиналардын көпчүлүгү жолдон жүрө албай …

16 Январь 2018 жыл 17:26

Кара-Балтада жабык футболдук арена ачылды

Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 14-январда жаңы курулган жабык футболдук аренанын ачылуу аземи болуп өттү. 

15 Январь 2018 жыл 16:03

Кышкы эс алуу аяктады

Төрт мезгилдин ичинен кыш мезгили кандай кооз мезгил, балдар чурулдап, кар менен ойношуп, эс алуучулар тоого барып лыжа тээп, муз аянтчаларда коньки менен чуркашат. Кара-Суу айылынын окуучулары кышкы эс алууну …

14 Январь 2018 жыл 16:28

Окуучулар мектепке баруу учун 5 километр жол басышат

Суусамыр өрөөнүндөгү Кайсар айылынын мектеп окуучулары 5 км алыстыкта турган Тунук айылына жөө келип билим алышат.

12 Январь 2018 жыл 21:51

Жаштар маданият үйүнүн имаратын оңдоп жасашты

2017-жылда Кара-Суу айылынын жаштары чоң көйгөй болгон айылдын маданият үйүнүн имаратын оңдоп- түздөп, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен бирге бул имаратты жаштар машыга турган жайга айлантууну чечишти.

12 Январь 2018 жыл 20:33

Сүлүктү шаарынын тарыхын камтыган китеп басмага даяр

Сүлүктү шаарынын тарыхы боюнча китеп, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Маматкулович Мадаминов тарабынан иштелип чыгып, Сүлүктүнүн 150 жылдык юбилейине карата басмага даяр болду.

12 Январь 2018 жыл 19:46

Айыл тургуну Мария апага үй салынып берилди

“Ак кептердин” мурунку чыгарылыштарында айылдын тургуну Мария Исаеванын жашоо-турмушу, үй- жайы тууралуу маалымат чыгарылган. Анда Мария апанын үйү кулап кала тургандыгы тууралуу айтылып, ким бул апага жардам берет деп, суроо …

12 Январь 2018 жыл 17:56

Фемида өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам беришти

Талас  облусунун  жергиликтүү сотторунун жамааты жана аппарат кызматкерлери өз демилгеси менен Талас шаарында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо ирээтинде акчалай жардам көрсөтүштү.

12 Январь 2018 жыл 13:00

«Нур бала» уюму кайрымдуулук менен алектенет

Азыркы учурда Талас шаарында моралдык жана материалдык жактан, ден -соолугуна байланыштуу жардамга муктаж балдардын саны жок эмес. Мындай балдарга жардам берген «Нур бала» коомдук фонду 9 жылдан бери иштеп келет.

12 Январь 2018 жыл 10:46

Мугалимдер арасында спорттук мелдеш старт алды

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде мугалимдер арасында  волейбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешти мугалимдер уюштуруп, 8 команда оюн көрсөттү.

11 Январь 2018 жыл 23:05

Малдарды идентификациялоонун экинчи туру аяктоодо

Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында малдарды дарылоо жана идентификациялоо жүрүп жатат.

11 Январь 2018 жыл 22:07

Талас облустук сотунда студенттерге ачык эшик күнү болуп өттү

Талас облустук соту Талас шаарындагы «Мээрим – Себат» кыздар лицейинин окуучуларына «Ачык эшиктер күнүн» уюштурду. Бул  иш чара жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын урматтоого үйрөтүү, сот системасына …

11 Январь 2018 жыл 11:10

«Радиомосттун» ыктыярчысы ийгиликтерге жетишүүдө

Талас шаарына караштуу Көк- Токой айылынын тургуну Гульнура Жолдошбекова англис тилине кызыгат. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы эл аралык окуу жайында окуйт. Буга чейин чет өлкөдө билим алып келүүгө да жетишкен.

11 Январь 2018 жыл 10:10

Мектептин ашканасы жаңыланып жасалды

Жайыл районунун Кара-Суу айылынын Кара-Суу орто мектебинин ашканасына ремонт иштери жүргүзүлүп, жаңы ашкана эмеректери сатылып келди. 

11 Январь 2018 жыл 1:32

Кара-Балта шаарында жабык футболдук арена курулууда

Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жабык футболдук арена курулуп жатат. Мындай спорттук жай шаардын аймагында биринчи жолу ишке киргизилгени турат. 

11 Январь 2018 жыл 1:24

17 жаштагы жаш ашпозчу Айгерим

 Кара Талаа  айылынын 17 жаштагы тургуну Айгерим Адикова эң мыкты даамдарды жасайт. Анын колунан жасалган даамдарды жакындары тамшанып жешет.  Тамакты  мыкты жасаган Айгерим келечекте стилист кызматын аркалагысы келет.  Тамак жасап …

10 Январь 2018 жыл 17:14

Айылга таза суу чыгарылды

Сары-Булуң айыл аймагындагы Булуң айылында суу түтүктөрү менен таза суу чыгарылды. Буга чейин айыл тургундары ичүүчү таза сууну өзөндөн ташып келишкен. Бул демилгени айыл тургуну өз колуна алып, ишке ашырды.

10 Январь 2018 жыл 16:56

2018-жылга бюджетти бекитүү боюнча коомдук угуу болду

Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетти бекитүү боюнча коомдук угуу болуп өттү.

10 Январь 2018 жыл 16:30

23 жаштагы Айзада кышкы байпак түйүп киреше табат

Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 23 жаштагы тургуну Бакытбек кызы Айзада кол өнөрчүлүк менен алектенип, кошумча киреше табат.

10 Январь 2018 жыл 16:05

Ишкер айым жасаган азем буюмдарын Японияга жөнөтөт

Тоң районунун Шор-Булак айылынын 46 жаштагы тургуну Салкын Исмаилова кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган буюмдарын Японияга чейин экспорттойт.

10 Январь 2018 жыл 16:04

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...