Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Жамааттык мультимедиа борборлору

Сумбулага жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда

Лейлек районуна караштуу Сумбула айылына жаңы кичи футбол аянтчасы курулууда. Буга чейин айылда мындай аянтча болбогондуктан футбол сүйүүчүлөр Лейлек районунун борбору Исфана шаарына барып ойноп келчү.

14 Июль 2017 жыл 9:44

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү болуп көрбөгөндөй көбөйдү

Токтогул сууу сактагычынын сыйымдуулугу 19.5 млрд кубометр, аянты 284 чарчы километр. Быйыл, 2017-жылы кардын жана жаан-чачындын көп болгондугуна байланыштуу Токтогул суу сактагычында суу көп болуп, көл жээгинде жер баккан дыйкандардын …

14 Июль 2017 жыл 9:24

Ооган-Талаа мектебинин ашканасына таза суу кудугу курулууда

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Сатыбалды Далбаев мектебинин ашканасына таза суу киргизүү үчүн кудук казылып жатат.

13 Июль 2017 жыл 20:07

Сумбулада окуучулар жайкы каникулун кандай өткөрүп жатышат?

Лейлек районундагы Сумбула айылында окуучулар жайкы каникулду кандай өткөрүп жатышат? Бул суроо менен мектеп окуучуларына жана ата-энелерге кайрылып көрдүк.  

13 Июль 2017 жыл 15:45

Хамзамон велосипед оңдоп үй-бүлөсүнө жардам берет

Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 10-класста окуган Хамзамон велосипед оңдоп, каражат жагынан үй-бүлөсүнө жардам берет. Ал күнүнө он велосипед оңдойт.

13 Июль 2017 жыл 11:27

Терек-Суудагы балдар бакчасы 39 жылдан бери иш алып барып келет

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №5 Кызгалдак балдар бакчасы 39 жылдан бери иш алып барып келет. Балдар бакчасы тууралуу кененирээк малымат алдык.

13 Июль 2017 жыл 8:48

Кызыл-Туу айылынын балдары жылдыздарга жакын болушту

Кызыл-Туу айылынын Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектебинин окуучуларын Польшадан келген Эвелена «Кыргыз асманынын алдында» деген долбоору менен тааныштырып кетти. Балдар асмандагы жылдыздарды телескоп менен кɵрүүнү үйрɵнүштү.

12 Июль 2017 жыл 15:50

Терек-Суу айылынын Эргеш көчөсүндөгү кудуктан таза суу чыгат

Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Эргеш көчөсүндө кудуктан жер алдынан насос менен сордурулуп алынган таза суу чыгат. Айылдагы үч көчөнүн эли айына 20 сомдон төлөп, ушул жерден таза суу алып пайдаланышат.

12 Июль 2017 жыл 1:07

Токтогулдун элин дүрбөлөңгө салган Узун-Акмат алтын кени

Токтогул районундагы айтылуу Узун-Акмат дарыясынын башында алтын кени бар экендиги СССР мезгилиндеги геологиялык чалгындоолордон  аныкталган.

11 Июль 2017 жыл 18:52

Андаракта каракурт көбөйүүдө

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын талааларында каракурт көбөйдү. Быйыл каракурттан жабыркагандардар каттала элек. Өткөн жылы төрт адам жабыр тарткан.

11 Июль 2017 жыл 16:42

Дары чɵптɵрдүн далай сырын билген айым

Мен сɵз кыла турган айым, биздин мектепте 4 жылдан бери биомаданий ар түрдүүлүк жана салттуу билимди окутуу боюнча мугалимдерди жана окуучуларды үйрɵтүп келген Жанар Алгожоева эже болмокчу.

11 Июль 2017 жыл 16:28

Терек-Суунун мал доктуруна мотоцикл ыйгарылды

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын мал доктуру Бакыт Чороевге «Арис» программасы тарабынан мотоцикл ыйгарылды.

11 Июль 2017 жыл 12:38

Улуттук каада-салт фестивалы

Нарын районуна караштуу Жерге-тал айылында Улуттук каада-салт фестивалы болуп ɵттʏ.Фестивалда кɵчмɵн кыргыз элине тиешелʏʏ болгон улуттук буюмдар,улуттук каада-салт, оюндар кɵрсɵтʏлдʏ.

11 Июль 2017 жыл 12:37

Жерге-Тал айылынын көчөлөрүнө тургундар өздөрү жарык коюшту

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын тургундары ɵздɵрү каражат чогултуп, кɵчɵлөрдү жарыктандырып алышкан.       Аудио: Жерге-Тал айылынын көчөлөрүнө тургундар өздөрү жарык коюшту

11 Июль 2017 жыл 10:26

Сумбуланын жайыттарында малдын өлүмү көп катталууда

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын жайлоолорунда быйыл мал өлүмү көп катталууда. Бул илдеттерге каршы вакциналардын жетишсиздигинен улам болууда.

10 Июль 2017 жыл 22:36

Уюлдук телефонду өз убактысында колдонууга чакырабыз.

Бүгүнкү күндө уюлдук телефонсуз жашообузду элестетүү кыйын. Муну заманбап адам тана албастыгы анык. Уюлдук телефон башында байланыш үчүн гана колдонулса, кийинчерээк анын жазуу китепчеси, сааты жана ойготуучу коңгуроосу пайда болду. …

10 Июль 2017 жыл 16:57

Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат

https://www.playbuzz.com/attokurovaumutai10/5-16-2017-10-43-20-am

10 Июль 2017 жыл 14:36

Сумбулада “Картошка талаа күнү” аттуу семинар өтүлдү

Сумбула айыл аймагынын Айна-Таш жайытында 8-июль күнү “Картошка талаа күнү” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга ар кандай уюумдар, райондун, айыл өкмөттөрүнөн келген фермер-дыйкандар катышты.

10 Июль 2017 жыл 13:23

Ак-Талаада уй эмген козу

Ак-Талаа районундагы Байгөнчөк айылында козулар уйду ээмп көнүп алышкан. Бул тууралуу мал жандыктарын караган айыл тургуну Кубанычбек Моңолбаевди кепке тарттык.

9 Июль 2017 жыл 22:29

Сумбула айыл аймагы кабелдик интернетке кошулууда

Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Андарак, Искра айылдарына «Кыргыз телекомдун» демилгеси менен кабелдик интернетке туташтыруу иштери жүрүп жатат. Кабелдик интернет август айынан баштап иштейт.

9 Июль 2017 жыл 15:36

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...