Байыркы замандан калган кыргыздын улуттук оюндары адамдардан тунук сезимди, аң сезимдүүлүгүн, кыраакылыгын арттырып келген. Ал эми дал ушул чыгарылышта кыргыздын улуттук оюндарынын бири тогуз коргоол жөнүндө сөз кылабыз.
Ак-Талаа районундагы Ак-Чий айылынын тургуну Улан Айтбеков жубайы Мээрим Теңирбердиева менен бирге жаңы эс алуучу жай ачты. Казарман-Баетов жолундагы бул чайкана “Асанкан ата” деп аталып, Ак-Чий айылынын тушундагы Мыкачы суусунун …
Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылына жаңы футбол аянтчасы курула баштады. Аны Саид Баюми жаштар уюму каржылаган.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын мал доктуру Чолпонбүбү Дүйшөбаева өз кесибин 8-класста окуган кезинде эле тандап алган. Учурда ылаңдаган малдарды дарылап, айылдаштарына кызмат кылып келет.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында ата-тегин изилдөө боюнча санжыра жазуу иштери жүрүп жатат.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Акматали Абдыкеримов багбанчылык менен алектенет.
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында малина өстүрүү кеңири жайылууда. Малина жылына эки жолу түшүм алат. Анын биринчи түшүмү жай айларынын июнь-июлда мөмө алат, анан күздүн сентябрь-октябрь айларында да мөмө берет.
Былтыркы жылдын (2016-ж) 20-сентябрь күнү Соң-Көл жайлоосунун Узун-Булак участкасынан Жусупова Замирага тиешелүү 15 (он беш) баш жылкы баласы жайытта жүргөн жеринен жоголгон.
Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында 7-июль күнү аталган айыл аймактын башчысы шайланды.
Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын тургуну Хамдан Жусупов 15 жылдан бери унаа оңдоп, үй-бүлөсүн багат. Ал унаа оңдоону атасынан үйрөнгөн.
Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында бала бакча курулуп жатат. Бул бакча “АРИС” уюму тарабынан каржыланып, жалпы 11 500 000 сом акча каражаты бөлүнгөн.
Ноокат районуна караштуу Бостон айылында колунда жок кыйналган адамдар үчүн кайрымдуулук дүкөнү ачылды. Дүкөндө тамак-аш азыктары жана кийим-кечектердин баары бекер таркатылат.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасы жаңы имаратка көчөт. Жаңы имаратты сунуштун негизинде Терек-Суу айылынын тургуну Калмурат Чотоев салууда.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы 17 жылдык тажрыйбасы бар таксист Жумашбек Кулушев айылдан Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташыйт. Терек-Суу айылынын ар бир тургуну анын кардары болгон.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында ардагерлер пенсиясын 2016-жылдын август айынан бери айылда жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасынан алышууда. Ардагерлердин айтымында, аларга банктан алуу ыңгайлуу.
Азыркы тапта жайдын ысык аптабы жүрүп турган кез. Ар бир окуучу жайкы эс алуусун ар кандай өткөрөт.
Токтогул районундагы Терек-Суу айылынын тургуну Мадыш Шайдылдаев эки жылдан бери үй тиричилик техникаларынын бардык түрлөрүн оңдоп келет. Анын кардарларынын айтымында, ал жабдыктарды сапаттуу, арзан баада жана кыска убакытта оңдойт.
Жай мезгилинде мөмө жана жер-жемиштен өткөн пайдалуу азык жок экени талашсыз. Алар организмге керектүү витаминдерге бай. Алардын ичинен витаминдерге өтө бай — бул дарбыз. Бул жемиштердин сезону июль айынын экинчи …
Токтогул районунун Кетмен Төбө айыл аймагы тоолу болгондуктан, андагы ар бир тургун мал багуу менен алектенет.Адамдардын саламаттыгы-алар оздөрү багып ,этин жеген малдын саламаттыгы менен түздөн -түз байланышта.Кетмен Төбө айыл аймагынын …
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын Жерге-Тал участкасынын жолдоруна 30-40 жылдай убакыттын жүзү болду. Бүгүнкү күндө жолдун эскилиги жетип калгандыгына байланыштуу жаңы жол салынуу алдында турат.