Ковид илдети өнөкөт оорусу бар адамдар үчүн коопту экени белгилүү болгон. Вирустан каза болгондордун 80% өнөкөт оорусу бар экендиги маалым. Жал айылдык номер 16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасына эмдөөнүн 3-түрү алынып келинди. Буга чейин айыл тургундары 2 жолу эмдөөдөн өткөн. 18 жаштан жогорку адамдар эмдөөдөн өтүшөт.
Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмдөө кабинетинин мед айымы Санталат Мурзакаримова:
«Айыл тургундарына эмдөөлөр жүргүзүлүлүп жатат. Айыл тургундары 1-эмдөөдөн өтүп 21 күн аралыгында 2-эмдөөнү алышкан. Вакцинанын 3-түрү ооруканага келди. Мед айымдардын баары эмдөөдөн өттү. 18 жаштан жогорку жарандарга эмдөөнүн 3-түрү сайыла баштады. Эмдөө март айына чейин уланат. Эмдөөгө айыл тургундарын өзүбүз чакырабыз.»
Эмдөөдөн өткөн айыл тургуну Жунусалы Абдыкадыров:
«Мен өзүм тиш дарыгери болуп эмгектенем. Мен ковид оорусу башталгандан бери эле 2-жолку эмдөөдөн өтүп, вакцинанын 3-түрүн алууга келдим. Өзүмдү коргоо үчүн, оору сыркоодон алыс болуу үчүн эмдөөнү өз убагында алууга аракет жасаймын. Менде эч кандай эмдөөгө каршылыгым жок. Өзүмдүн балдарымды да алууга үндөймүн. Жалпы элге кайрылгым келет, эмдөөгө каршылык көрсөтпөй өз убагында алууга. Мен өзүм эмдөөдөн өтпөгөн адамдардын каза болуусун кезиктирдим.»
Чынара Көчкөнбаева