Кулатов айыл өкмөтүнө Чоң Алай районунунан келген Аманилла Абдылдаев дайындалды. Буга чейин Чоң Алай районунун, Чоң Алай айыл өкмөтүндө финансылык экономикалык бөлүмүнүн башчысы болуп 11 жыл иштеген.
Аманилла Абдылдаев:
«Мен Аманилла Абдылдаев 1973-жылы 21-ноябрда Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулгам. Кулатов айыл өкмөтүндөгү бардык айылдарга кыдырып, айыл тургундар менен таанышып чыктым. Эл мени жакшы тосуп алышты. Келгениме аз күн болсо да айыл өкмөттөгү көйгөйлүү маселелерди байкап, аны чечүүгө аракетти баштадым.
Суу жана жер орчундуу маселелердин бири экен. Айыл тургундар жазган жер боюнча арыз 4 миңден ашуун экен. Буйруса 2023-жылга аткарыла турган иш пландардын бири, сугат сууну, жана ичүүчү сууну ар бир үйгө жеткирүү. Социалдык объектилерден Кожо-Арык айылындагы бала бакчанын бүтүүсү күтүлөт. 2022-жылы бүтпөй калган спорт комплекстерди, жолдорду оңдоп түзөөгө, Кулуштан айылына жаңы 250 орундуу мектеп салууга аракет кылабыз»,- деп маалымат берди айыл өкмөт башчысы.