Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө гендердик окуу борбору тарабынан уюштулуган өспүрүм кыздар үчүн «Кыз адеби кымбат» аттуу иш-чара болуп өттү. Иш чаранын алкагында эрте никеге туруу канчалык деңгээлде зыян экендиги жана анын кесепеттери тууралуу айтылды.
Уюштуруучусу Гулмира Тажибаева бүгүнкү иш чаранын максаты жана тартиби жөнүндө айтып өттү.
Уюштуруучу Гулмира Тажибаева:
«Бул иш чара үч айга созулуп, январь айында мектептерде мугалимдер тарабынан кыздар арасында дебаттар, тарбиялык сабактар, кыздар кеңеши иш алып барышты. Ал эми февраль айында «Кыз адеби кымбат» деген темада дил баяндар жазылды. Март айында » Эрте никеге туруу зыян» аттуу көрүнүш аткаруу тапшырмалары коюлган.
Бул иш чарага ар бир мектеп активдүү катышып, окуучулар тарабынан коюлган » Эрте никеге туруу зыян» аттуу көрүнүш калыстар тобунун купулуна толуп, биринчи орунду багындырышты. Мындан сырткары эң жакшы дил баян үчүн Насирдинова Сабина, ошондой эле эң жакшы актёрдук чеберчилик үчүн Кубатова Диана жана Маматураимова Айпери сыйланышты. Мектеп ичинде окуучулар менен тыгыз байланышып, активдүү иш алып баргандыгы үчүн соцпедогог Кожоева Асылкан Маматовнага жана мугалимдерге алкыш сөздөр айтылды.
Сахналык көрүнүштү 8а- класстын окуучулары аткарышып, ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Сахналык көрүнүштүн автору Т.Айбашев орто мектебинин тарых мугалими Чынара Нурманова.
Кулатов айыл өкмөтүнүн орун басары Сапар Бойдонов: «Бүгүнкү иш чара «Эрте никеге туруу» боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Анын кесепеттерин айтып, зыяндуулугун түшүндүрүү максатында, эрте никеге туруунун алдын алуу максатында уюштурулду. Аялдардын укугун коргоо максатында уюштурулду. Айыл өкмөт тарабынан 5миң сом акча бөлдү. Аны конкурска активдүү катышкан окуучуларга, кызыктыруучу сыйлыктарга, громаталарды алганга жумшалды. Иш чарага мектеп окуучулары катышты. 7-11-класстар катышты.»
Чынара Көчкөнбаева