Сокулук районунда жайгашкан “Алымкул Жакшылыков атындагы Сокулук №1 мектеп-гимназиясы” мекемесинде 19-20 январда “Кыргызстандагы мектептерде жарандык катышуу процесси коомчулуктун карталарын колдонуу жана социалдык контракттарды ишке ашыруу” жөнүндө семинар өткөрүлдү.
Семинарга камкордук кеңешинин директорлору, ата-энелер комитетинин төрагалары дагы катышты. Катышууга сөзсүз түрдө милдеттүү болгон семинар zoom конференция режиминде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан көзөмөлдөндү.
Семинар учурундагы практикалык көндүмдөр аткарылды
“Кыргызстандагы мектептерде жарандык катышуу процесси коомчулуктун карталарын колдонуу жана социалдык контракттарды ишке ашыруу” жөнүндө семинарды “Алымкул Жакшылыков атындагы Сокулук №1 мектеп-гимназиясы” нын директору Ырыс Жуманазарова Кудайбергеновна алып барды. Катышуучулар топторго бөлүнүп, көндүмдөрдү аткарып жатышты.
Топторго бөлүнүп иштөө учуру
Семинардын жыйынтыгында ар бир катышуучуга “Көзөмөлчү кеңештин мүчөлөрү үчүн колдонмо” китептер берилди.
19-январь күнү Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жайгашкан Жаңы-Жер орто мектеп комплекси жана №2 Жаңы-Жер толук эмес орто мектебинин директорлору, ата-энелер комитеттеринин төрагалары төмөндөгү 12 айыл өкмөттөрүндөгү мектептер менен семинарга катышышты.
Сокулук айыл өкмөтү
Военно-Антоновка айыл өкмөтү
Гавриловский айыл өкмөтү
Им.Крупской айыл өкмөтү
Кызыл-Туу айыл өкмөтү
Күн-Туу айыл өкмөтү
Новопаволская айыл окмоту
Орок айыл окмоту
Шопоков Г.
Асылбаш айылы
Саз айыл өкмөтү
Төш-Булак айыл өкмөтү
Семинардын катышуучулары тыныгуу учурунда
Турсун Омуралиева