Ата мекендик машыктыруучулардын спорттук аналитика боюнча билим деңгээлин жогорулатууга багытталган эки күндүк семинар аяктады. Бул семинарга Жаңы-Жер айыл аймагы боюнча жаш өспүрүмдөрдүн спортко кызыгуусун арттыруу менен алектенген Иван Иванов катышты.
Семинардын жүрүшүндө жаштар футболундагы таланттарды аныктоо, GPS жилеттери менен иштөө жана профессионалдык футболдо аналитика сыяктуу маанилүү темалар каралды. Ошондой эле семинардын соңунда KFS башкы катчысы Нурдин Букуев жана CFS текникалык директору Анарбек Ормомбеков сөз сүйлөштү. Бул семинардын башкы инструктору Урмат Абдукаимов болду. Жыйынтыгында семинардын бардык катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.
Учурда Иван Иванов Жаңы-Жер толук эмес №2 орто мектебинде эмгектенип, жаш өспүрүмдөр арасында футбол командаларын уюштуруп келет.
Иван Ивановдун айтуусу боюнча, Жаңы-Жер айылындагы жаш өспүрүмдөр арасында 6-жаштан 17-жашка чейинки курактагы окуучулар тандалып алынган футболдук командалары уюштурулган. Андан сырткары Бишкек шаарында 24 жашка чейинки бүтүрүүчүлөрдөн түзүлгөн дагы бир командасы бар.
Турсун Омуралиева