2021 -жылга Суусамыр айыл өкмөтүнүн бюджетин 6-чакырылыштын депутаттары кабыл алып бекитип беришкен. Ал эми жаңы шайланган жергиликтүү кеңеш жана айыл өкмөт башчы аткарылышын көзөмөлдөшмөкчү.
Бүгүн 25-июнда Суусамыр айыл өкмөтүндө 2021-жылга бюджеттин долбоорун талкулоо боюнча коомдук угуу болуп өттү. Коомдук угууга Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов жана Суусамыр айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Элмира Такырбашеванын катышуусунда болду.
Андан тышкары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, мектеп директорлору жана жергиликтүү тургундар катышышты. Суусамыр айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Эльмира Такырбашева бюджет боюнча маалымат берип кетти. Жыйынга катышуучуларга бюджет боюнча долбоордун мазмуну тааныштырылды. Ар бир айылда мекемеде финансылык көйгөйлөр болсо айтыныздар деген сунуштар берилди.
Ар бир мектептин директорлору мектептеги көйгөйлөрдү айтып өтүштү. Мектептерде жылытуу системаларын жаңыртуу, капиталдык оңдоо иштери боюнча көйгөйлөр айтылды. Андан тышкары таза суу чыгаруу , таштандылардан арылуу, жарык берүү маселелери да көтөрүлдү. Бардык айтылган маселелерди карап чыгып тиешелүү каражат бөлүп берүү жана 2022-жылга бюджетке киргизүү сунуштары кабыл алынды.
Эскерте кетсек, 10-июнда Суусамыр айыл аймагынын башчысы шайланган.
Азиза Тамчиева