Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылындагы Таканай-Сай көпүрөсүнө жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар кошумчаланды. Бул көпүрөнү куруу үчүн жеке ишмер, коомдук активист, Султан Аманалиевдин жеке каражатынан, демөөрчүлүк кылып, бүтүрүлүп ишке берилди.
Кызыл-Булак айылынын жашоочусу Осмонова Басигүлдүн билдирүүсүндө Таканай-Сай көпүрөсү курулгандан бери жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча көпүрө жок болгондуктан кооптуу болчу. «Балдарыбыз борбордук көчөдө басуудан коркушчу. Көпүрөдөн өтүү үчүн унаалардын өтүп кетүүсүн күтүп турчубуз. Азыр кошумча көпүрө курулуп кубанып жатабыз.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак, Баглан айылдарынын айыл башчысы Маткаримов Курсаналинин билдирүүсүнө караганда Таканай-Сай көпүрөсү курулганда жөө жүргүнчүлөр үчүн кошумча тротуар курулбай калган. Бул ыңгайсыздык Кулатов элине жана айдоочуларга чоң ыңгайсыздык жаратар эле. Андан сырткары, көпүрөнүн тарлыгынан жол кырсыктары да катталып турчу. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн эл арасынан демөөрчү издөөгө туура келди. Кызыл-Булак айылынын тургуну, жеке ишкер Аманалиев Султан өз жанынан демөөрчүлүк көрсөтүп, соопчулук үчүн жөө жургүнчүлөр үчүн көпүрөнүн жанына кошумча көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Жалпы Кулатов элинин атынан жана өзүмдүн атыман Аманов Султанга терең ыраазычылык билдирем. Иштерине ийгилик каалайм».
Чынара Көчкөнбаева