Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: COVID-19

Райондогу бейтаптар айылдагы ооруканага которулууда

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кочкор районундагы оорукана март айынан тартып обсервация бөлүмүнө даярдалган эле. Ал эми райондогу жөнөкөй ооруган адамдар Кочкор районундагы Чолпон айылынын ооруканасына которулууда.

Чолпон айылына кычкылтек концентратору келди

Кочкор районунун Чолпон айылындагы ФАПка кычкылтек концентратору белекке берилди

«Аралыктан окутууда көп кыйынчылыктар болду»

 

Кочкор районундагы ооруканалар кычкылтек концентраторуна муктаж

Кочкор районундагы ооруканаларга азыркы учурда кычкылтек концентраторлору керек. Себеби, күн сайын ооруканага кайрылган тургундардын саны көбөйүүдө. Ушул себептен Кочкор аймагынын активист жаштары кайдыгер эмес адамдардан жардам суроого муктаж

Суусамыр: Аймактагы ооруканаларга кычкылтек концентратору керек

Суусамыр айыл аймактык ооруканасына учурда кычкылтек концентраторлору керек. Себеби, аймактарда оорунун күч алышы байкалып, ооруканага кайрылгандардын саны өсүүдө. Бул себептен жергиликтүү активисттер жалпы кайдыгер эмес адамдардан жардам сурашты.

Ача-Кайыңдыга кычкылтек концентратору келди

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка биринчи кычкылтек концентратору келип түштү.

Айыл тургундары карантинде сыртка чыкпай, китеп окууну тандашат

Суусамыр өрөөнүнүн айылдарында 27-июндан баштап 5-июлга чейин, тактап айтканда 9 күн бою өлкөдө болуп жаткан кырдаалды эске алуу менен карантиндин бардык эрежелери сакталып «Китептер» жарманкеси болду.

COVID-19: Паркта ойногон балдардын коопсуздугу корголушу керек

Талас районунун борбору болгон Көк-Ой айылындагы “Жеңиш” паркында чоңдор футбол ойногону болбосо паркта эч кандай аттракциондор жок эле. Так ушул паркта райондун ири иш-чарлары өткөрүлүп турчу. Бирок балдар үчүн аттракциондордун …

Короновирус илдетинин кесепети тийип жумушсуз калган тургундар

Талас шаарынын тургуну Назгүл Анарбаева үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан баштап Талас шаарындагы таштанды тазалоочу жайга жумушка кирген.

COVID-19: Ишкерлердин иши солгундады

Короновирус илдети таралып эпидемиологиялык абал курчуп бара жатканына байланыштуу илдеттин алдын алууга аракеттер күчөтүлүп, облустук штабдын 16-июндагы чечими менен Талас облусундагы азык түлүк саткан дүкөндөр, кафе-ресторан, ашкана жана тез тамактануучу …

Ат-Башыда 250 орундуу күндүзгү стационар даярдалды

Эпидемиялогиялык курч абалга байланыштуу Ат-Башынын бардык айылдарында күндүзгү стационарлар даярдалууда.

Covid-19 вирусунун белгилери байкалса эмне кылуу керек жана жөнөкөй тумоодон айырмасы кандай?

COVID-19га байланыштуу күйүүчү майга каражат бөлүнө элек

Азыркы түзүлгөн кырдаалга карабастан Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды жолдоруна шагыл төгүлүп, түзөтүү иштери жүрүп жатат. 

Карточка: Covid-19 белгилери билинсе же вирус тастыкталса…

Кыргызстанда акыркы эки жума ичинде сovid-19 вирусу жогорку чек менен өсүүдө. Ооруканалар вирустун белгилери билинген бардык бейтаптарды кабыл алууга чамасы жетпей жатканын билдирүүдө. Эгер, сovid-19 белгилери билинсе же вирус тастыкталса …

Карточка: Сыртта эмгектенгендер үчүн сактануу чаралары

Сиз ачык асман алдында же эл көп жүргөн жерде эмгектенесизби? Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирген сактанууу чараларын эсиңизге алып, өз ден-соолугуңузга кам көрүңүз.

Covid-19: Физикалык активдүүлүккө маани бериңиз

COVID-19 пандемиясынан улам жүздөгөн адамдар ыктыярдуу түрдө өз үйлөрүндө обочолонуп же изоляцияланган коомдо болуусун талап кылуу зарылдыгы пайда болууда. Жабык мейкиндикте узак убакыт болуу адамдын физиологиясына олуттуу таасирин тийгизет. Андыктан, …

Аудио: Карантин учурунда кош бойлуу аялдардын абалын ким көзөмөлдөдү

Ош облусунун Кулатов айыл аймагындагы Жал айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун аймагына караган жалпы 69 кош бойлуу аял карантин учурунда каттоого алынган. 89 аял өзгөчө кырдаал учурунда төрөгөн. Кош бойлуу аялдар …

Айыл өкмөттөр COVID-19 вирусунун жайылбоосуна канчалык деңгээлде даяр

Кулатов айыл өкмөтү COVID-19 вирусунун жайылышына бөгөт коюу максатында сырттан келгендерге жана мигранттарды изоляцияга алуу үчүн атайын обсервация  кааналарын уюштурду. М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейинин имараты пайдаланууга берилди. Жалпы 32 кишилик …

Өзгөчө кырдаал учурунда айыл өкмөттөр кандай иш алып барышты?

Ош облусунун Кулатов айыл аймагында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу кызматкерлери өзгөчө абалда күчөтүлгөн режимде иш алып барышты. Уюштурулган блок посттордо кезек менен мөөнөттө туруп жатышты. Төрөбай Кулатов аймагында COVID-19 вирусун …

Карантин учурунда гүлдөрүнө өзгөчө маани берген чоң эне

Карантин учурунда кары-картаңдар үй-бүлөсү менен убакытты текке кетирген жок.  Пенсияларын кечигүүсүз убагында алып жатышты. Өздөрү жакшы көргөн жумуштар менен алек болушту. Бүайша  чоң эне гүлдүн 32 түрүн өздөштүрүүгө жетишкен.

Жума
29 Жалган куран 2024
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...