Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы эскертет: Коронавирус пандемиясы аягына чыга элек себебинен улам, беткапты кийүү өзүӊүздү жана башкаларды коргоого жардам берет жана вирустун жайылуусун алдын алат.
Инсан болуу бул өзү чоң бакыт. Ал эми инсандардын бири-бирине жылуу сөздөрдү арнап, белек берип бакыт тартуулоосу чексиз кубаныч. Ар бир инсанга бакыт жана кубаныч тартуулоо максатында Сокулук районуна караштуу …
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында пандемия учурунда илдетке каршы турууда айыл тургундары көптөгөн жардамдарды беришти. Алардын арасында айылдык жаштар уюму, жаш курагы бирдей айыл тургундары, медайымдар, мугалимдер, ишкерлер …
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы 4051 шайлоо участогу саат 8:00 дон баштап ишин баштады.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы «Таңгабийке-Бердике» бала бакчасы 150 үйдү кыдырып, куттуктоо узатышты.
Кыргыз эли байыртадан эле дары өсүмдүктөрдү колдонуп келишкен. Кагаз бетине жазылгандардын дээрлик баары сакталып калбаса да, муундан- муунга жана ооздон- оозго айтылып келет.
Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев мектебинде салттуу окууга өтүү үчүн бардык шарттар каралып жатат. Алардын ичинде кол жуучу кабинет да бар.
Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев мектебинин 7- классынын окуучусу Актан бош убактысында пластилинден каармандарды жасайт. Ал бала бакчадан үйрөнгөн өнөрүн карантинде улантып ар түрдүү персонаждарды жасаган.
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткен. Учурда Учкун жана Куланак айылдары мезгил- мезгили менен суусуз калып жаткан кездери.
Куланак айылындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда ноябрь айы үчүн балдарга пландалган эмдөө иштери жүрдү. Эмдөөгө чакырылган балдар дээрлик катышышты.
Суусамыр айыл аймагында абал орточо деп баамдалууда. Ооруканага элден ар кандай жардамдар көрсөтүлүп жаткандыгы белгилүү болду.
Суусамыр айыл аймагында 1-ноябрдан тарта 72 бейтап COVID-19 вирусу менен катталган, 3 адамдын акыбалы оор болгондуктан райондук ооруканага жеткирилгендиги белгилүү болду.
Март, апрель айларында карантин жарыяланып, маркумду жайына берүүдө чоң өзгөрүүлөр болгон. Учурда ошол абалды эл карманып жатабы.
Пандемия башталгандан бери ооруганы деле, оорубаганы деле кантип дарыланса болот деген суроо менен алек болуп калышты. Андыктан сиздин ой пириңиз кандай. Сурамжылоодон өтүп көрүңүз View Survey Айзат Түмөнбаева
Куланак айылында №1 үй- бүлөлүк дарыгерлерине, калктын аярлуу катмарына эмдөө жүргүзүлдү. Бирок вакцина жетишсиз дейт дарыгер.
Суусамыр айыл аймагында жалпысынан 100 гө жакын адамдан анализ алынып, учурда 10 адам COVID-19 вирусуна чалдыкканы белгилүү болду.
Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасы октябрь айынан баштап капиталдык ремонттон өтүүдө. Оорукананын кайрадан оңдоп-түзөөдөн өтүшүнө Кулатов айыл өкмөтү тарабынан каражат бөлүнгөн.
Covid-19 вирусунун кулачы биздин өлкөгө дагы жетти. Пандемия учурунда бүткүл адамзаттын жашоосу башка нукка бурулду. Дүйнө жүзү моралдык жана материалдык жактан өзгөрүлдү. Пандемия элеттиктерге кандай таасир тийгизди?
Ош жана Баткен облустарындагы COVID-19 вирусунун күндөн күнгө арбып бара жатканына карабастан, Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук Айбек базарында соода кылуу үчүн барган жарандардын арасында санитардык эрежелерди жана аралыкты сактабаган учурларды кездештирүүгө …