Коронавирус учурунда Нарын районуна караштуу Учкун айылынын айымдары аймактын социалдык жана коомдук жашоосуна активдүү катышты. Бул тууралуу «Аялдар кеңешинин» төрайымы Майрамкүл Мүдүнова жана Учкун айылынын башчысы Жумакадыр Исмаилов билдирди.
Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тургуну Бектур өзүнүн чакан ишканасын пандемия учурунда ачкан. Себеби окуусу онлайн форматта болгондуктан бош убактысын туура пайдаланууну чечкен.
Коронавирус (COVID-19) оорусуна аялдар да, эркектер да бирдей кабылышат. Бирок алынган маалыматка таянсак, коронавирус менен ооруган же ал оору менен курѳшкѳн адамдардын кѳпчүлүгү аялдар болуп эсептелинет.
Нарын районуна караштуу Куланак айылына 51 кытайдын вакциналары келген. Аларды айыл тургундарынын каалоосу менен эмдөө иштери башталды.
2021-жылдын 24-май күнүнө карата берилген маалыматка ылайык, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында COVID-19 пандемиясына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Жума намаздарынын окулуусу убактылуу токтотулду, мааракелерди өткөрүүдө да чектөөлөр киргизилди.
Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынын жашоочусу жеке ишкер Назира Муңайтпасова бир нече жылдан бери Бишкектеги ири базарында дары чөп сатып эмгектенет.
Коронавирус илдети дүйнө боюнча экономикага жана ишкердикке кайсы бир денгээлде терс таасирин тийгизди. Бул абалдын Кыргызстандын тоолуу аймагы болгон Нарын облусунда кандай экенин билүү максатында жергиликтүү айрым ишкерлер жана айыл …
Ар бир жаран ѳзүн жана жакындарын бул коркунучтуу илдеттен сактоо үчүн акыркы күндѳрү мамлекетибизде эмдѳѳ башталгандыгы жѳнүндѳ баарыбыз кабардарбыз.
Чүй облусундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн администрациясынын билдирүүсү боюнча мамлекеттик мекемелерде иштеген адамдарга COVID-19 илдетине каршы вакцинасын алуу боюнча эмдөө жүрөт. Жаңы-Жер айыл аймагында №43 Кесиптик лицей, Жаңы-Жер орто мектеп комплекси …
Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургундарынан COVID-19 оорусуна каршы эмдөө боюнча маалымат алып көрдүк. Тургундардын көпчүлүгү эмдөөгө каршы экенин билдирди. Бирок, айылдын үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси Замира Базарбаева эмдөөнүн эч …
Дүйнѳнү сестенткен коронавирус дарты 50 жаштан жогору курактагылар үчүн абдан кооптуу экендиги айтылыпкелет.
Кулатов айыл өкмөтүнүн Ноокат районуна караштуу Жал айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу аймактык ооруканасында дарыланып жаткан жашы улгайган адамдардын билдирүүсүндө карыялар убак убагы менен дарыланып турушу керек экендигин айтышты. Улгайган адамдардын …
Казан-Куйган айыл аймагында учурда эпидемиологиялык абал туруктуу болууда. Азырынча коронавирус жуктуруп алгандар жок болгондуктан, мектептерде окуу процесси токтотулган жок.
Нарын районундагы Учкун айылында жашы улгайган адамдардын абалы жакшы. Алар жаштарга салыштырмалуу санитардык эрежелерди жакшы сакташат. Бул тууралуу айылдагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчиси Замира Базарбаева билдирди.
Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев мектебинде 1- класстар үчүн алгачкы майрамдык класстык сааты өттү. Салт катары калыптанып калган «Алиппе майрамы» эпидемиологиялык абалга жараша өткөрүлбөй, чакан класстык саат катары өткөрүлүүдө.
Нарын районуна караштуу Абдылда Аралбаев мектебинде башталгыч класстардын окуучуарынын саны 218. Булар тамак ичүүдө классы менен ашканага барып аралыкты сактап тамактанышат.
Нарын районуна караштуу Учкун айылында 2021-жылы коронавирус илдети каттала элек. Социалдык, экономикалык абал туруктуу. Бул тууралуу үй-бүлөлүк дарыгер Айзада Супуева билдирди.
Адам жарык дүйнөгө келгенден баштап эле ар кандай оорулардын алдын алуу максатында вакцина алып келет. Ал эми алган вакцина адамдын иммундук системасын күчөтүп, вируска каршылык көрсөтүүгө же жеңип чыгууга, жугуштуу …