Тасма айылында үрөн тазалоочу жай үч жылдан бери иштеп келет. Бул жайда талаага себилген арпа, буудайдын үрөнү тазаланат.
Асан Сопиев мектебинде “Ысык-Көлүм ыйык мурасым” акциясынын алкагында “Эң жашыл класс” сынагы 1-11-класстар арасында өтүлдү. Сынактын жыйынтыгы атайын көрсөткүчтөрдүн натыйжасында аныкталды.
Тасма айылынын Сопиев мектебинде 6-классынын окуучуларына дары чөптөр темасында ачык тарбиялык саат болуп өттү. Бул сабакта окуучуларга дары чөптөрдүн түрлөрү алардын пайдасы тууралуу айтылды.
Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Асылбек Ракым уулу бокс, вале-тудо боюнча спорт чебери наамына ээ болгон. Кулатуу боюнча КМС (спорт чебери) наамын алган.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылында жазгы тазалоо иштери жүрүүдө. Жыл сайын жаз келгенде жер тазалоо, алма-бактарды кыйыштыруу иштери жүрөт.
Ысык-Көл облусунун Тасма айылында 8-март аял затынын майрамына карата 5-классынын ачык тарбиялык сааты болуп өттү.
Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинин окуучуларынын билим сапатынын деңгээли төмөндөп кеткенин айтышууда. Айрымдары мугалимдерди күнөөлөшсө, кээ бири балдардын өзүлөрүнүн деңгээлинен дешет.
Түп районуна караштуу Тасма айылында мышык чөптү (валерианка) кичи күнөсканаларда өстүрүүдө. Картошканын баасы арзан болуп, актабай, киреше түшпөй калгандыктан айрымдары дары чөптөрдү өстүрүп, күзүндө түшүм алып, кымбатыраак баада тейлөөчүлөр каналына, …
Тасма орто мектебинде айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн марафон өтүп, ага окуучулар болгон жардамын көрсөтүштү. Чогулган акчага белек берилип, 4-б класстын окуучулары келген конокторго көңүлүн көтөрүү үчүн концерт коюп беришти. …
Асан Сопиев атындагы Тасма орто мектебинде 9-класстын окуучулары «Ысык-Көл ыйык мурасым» алты айлыгына карата Ысык-Көлдүн жети акеси жөнүндө “Акелер акыл атасы” деген темада ачык тарбиялык саат коюшту.
Ысык-Көл облусунун Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде 5-март ак калпак күнү белгиленди. Бул күндө мектеп окуучуларынын мырзалары ак калпак кийишип ак калпак күнүн өткөрүштү.
Тасма айлындагы таза суу алуучу кудуктардын үстүнүн ачык болушу балдардын өмүрүнө коркунуч алып келүүдө. Бул биздин айылдагы эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири болуп саналат.
Тасма айылында «Бугу-Эне» жамааты натуралдуу самындарды жасап келишет. Бул самындар табигый чөптөрдөн, гүлдөрдөн жасалат жана адамдардын терисине пайдалуу, дешет тургундар.
Тасма айыл аймагында Ак шоола жамааты кийизден түрдүү буюмдарды жасайт. Мисалы сумка, чокой, моюн орогуч, баш кийимдерди жасап келишет.
Тасма айылында быйыл оруп жыйуу учурунда техникалардын кызматынын акысы өсүп кетти.