Аталган долбоордун алкагында айылдагы Э. Токсобаев орто мектебинде ыктыярчылар үчүн тренингдер өткөрүлдү. Тренинг үн күнгө созулду.
Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкозов орто мектебинин 11- классынын окуучулары Ч. Айтматовдун 85 жылдыгына арнап атайын даярдык кече коюшту.
Кырк жылдан ашык мектепте мугалим болуп иштеп келе жаткан Болотбек Тиркешов агай ырларды жаратууга студенттик кезинен кирише баштаган. Ушул убакка чейин көп, ар түрдүү темадагы ыр саптарды жаратып келет. Өзү сүйүп дайыма кайталап жүргөн ыры Нооруз майрамы жөнүндөгү ыры.
Буга чейин Кулатов айылдык кеңешинин депутаттары эки-үч жыл мурда той-аштарга жана өлүм-житимдерге кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча маселе козгогон. Анын натыйжасында токтом кабыл алып бекиткен.
Ал токтом натыйжа бербей, айылда ар кандай терс окуялар жүз берүүдө. Ошонун алдын алуу максатында азыр эми айыл аксакалдары өздөрү демилгелеп, чоң чыгымдарды токтотуу боюнча атайын чогулуш өткөзүштү.
Айылыбыздан чыккан Кыргызстандын чыгаан инсаны Төрөбай Кулатовдун ишмердигине арналган музей курулууда. Бул музейдин курулушун «ЭРКА» жоопкерчилиги чектелген ишканасы колго алган. Тендерден утуп алып, азыркы күндө курулуш иштери аяктоо алдында турат.