Жамааттык ЖМКлар Бирлиги аймактардагы мультимедиа борборлорунда буга чейин ыктыярчы болгон бутүрүүчүлөрдүн башын бириктирип, жаштар канатын түптөдү. Ага 19 ыктыярчы мүчө болду. Алар маалыматтык ыктыярчылык менен алектенишет.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында Жамааттык ЖМКлардын өкүлдөрү айыл тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууда Ача-Кайыңды эли жамааттык медианын түзүлүшү, максаты менен тааныша алышты.
Бүгүн 9- декабрда “Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлардын Бирлигин өкүлдөрү жамааттык медиалар” ассоциациясынын өкүлдөрү Ак-Талаа районунда болуп, кырдаалга байланыштуу жергиликтүү тургундар менен чакан чөйрөдө жолугушту.
2-декабрь күнү Бишкекте Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жаңы студиясы ишке кирди. Студия элет жериндеги социалдык маселелерди борбор калаада чагылдырууга багытталган. Көрсөтүүлөр Facebook жана Youtube социалдык тармактары аркылуу чыгат.
25-сентябрда Жамааттык ЖМКлар Бирлиги уюштургун тегерек стол өттү. Ага өлкөдөгү Жогорку Окуу Жайлардын журналистика факультетинин окутуучулары катышты.