Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Ысык-Ата районунун жалпы билим берүү мекемелеринин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы 2023-2024- окуу жылына даярдоо иштери аткарылып жатат.

(далее…)

Жылдан жылга  климаттын өзгөрүүсү  дүйнө жүзү боюнча чоң көйгөй жаратып келет. Климаттын өзгөрүшүн алдын алуу үчүн төмөнкү чараларды көрүү зарыл:

Бул чаралар өкмөттүн, коомчулуктун, ар бир адамдын кызматташуусун жана аракетин талап кылат

9-августка карата Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө куткаруучулары жергиликтүү тургундар жана Жарандык коргонуу кызматкерлери менен бирге кыян өткөн айылдардагы үйлөрдүн айланасын тазалоону улантышууда.

(далее…)

2015 – жылдын 22 – июнунда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 390 номериндеги үй-бүлөлүк зордук зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча атайын токтому чыккан. Токтомдун негизинде республика боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

(далее…)

Айылда зомбулуктун алдын алуу боюнча иш чаралар түзүлүп, атайын комиссия аларды карап чыгат. Атайын аялдардын зордук-зомбулуктардан алдын алуу, аны болтурбоо үчүн түзүлгөн комиссия өз милдеттерин так аткарып келишет.

(далее…)

3 — август күнү Түп районундагы 5 айылдык китепканачылар тобу даярдаган китепканачылардын «Ысык-Көл — Ч. Айтматов — Экология» аттуу облустук семинары болуп өттү.

(далее…)

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык 2022-жылы аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 6580 кылмыш иши козголгон. Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун себеби катары экономикалык көйгөйлөр каралып, аны чечүү максатында кайтарымсыз 100 миң сом берүү сыяктуу иштер жүрүп келет. Бирок адистер зомбулукту токтотуу үчүн мыйзамдарды күчөтүү зарылдыгын айтышат. Кененирээк шилтемени басып угуңуз.

(далее…)

Бүгүнкү күндө интернет (глобалдык тармак) колдонуучулардын саны көбөйүп жана алар убактыларынын көбүрөөк бөлүгүн виртуалдык жашоого коротушат. Ал эми интернет торчосунда фейк маалыматтар көбөйдү.  Айрым убакта андагы маалыматтарды иргебей, сынчыл ой жүгүртө албай, ал маалыматты таратууга, бөлүшүүгө шашылышат.  Бул биздин медиа сабаттуу эмес экенибизден кабар берет.
(далее…)

Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы Венера Эпээва учурда элеттик айымдарды коомчулукка аралаштыруу, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында иш чараларды уюштуруп келүүдө. (далее…)

Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда сегизинчи ирет “Манас, маданият жана туризм” фестивалы өткөрүлдү. Жыл сайын салт катары уюштурулуп келе жаткан фестиваль өлкө башчы Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгы менен бирге райондун аймагынан чыккан белгилүү манасчы Молдобасан Мусулманкуловдун 140 жылдык мааракесине арналды. (далее…)

Аялдар коомдо зор күч жана алар ар убак коомго алдыңкы идеялары менен өзгөртүүлөрдү алып келишет. Дайыма өзүн өстүрүү, билим алуунун аракетинде болуп, мүмкүнчүлүктөрдү издеген айымдар жок эмес. Махабат Чодонова Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айылынын тургуну, социалдык келишимдин негизинде каражат алып, учурда кийим тигүү менен алектенет. Айтымында даяр үлгүлөрдү (крой) алып эле тикпестен, технологдордон сабак алып, өз алдынча иштөөнү максат кылат. Бирок бул дагы жетишсиз дейт.

(далее…)

Жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдары элет жерлеринде айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктѳрүн жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүп келишүүдѳ. Аялдарды муктаждыктардан чыгаруу аракеттерин кѳрүп, ишкердик кылууга мүмкүнчүлүктѳрдү түзүп келишүүдѳ. Барскоон айыл аймагында 2022-2023 жылга карата 8 үй-бүлѳгѳ кѳмѳк пул, 15 айымдан турган үч топко ишкерлик кылууга жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары беш үй-бүлѳгѳ бештен эчки бирден текеси менен алынып берилди жана тѳрт үй-бүлѳгѳ музоолуу уй алып берүү иш аракеттери жасалууда.

(далее…)

Адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо үчүн өздөрүн коргоону жана мындай жагдайлардан алдын ала эскертүү боюнча Жаңы-Жер айыл аймагындагы айыл жашоочулары маалымат алышты.  Айылдагы эмгекке жарамдуу жаштардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл, анткени аларда адам сатуунун курмандыгы болуп калуу тобокелдиги жогору. Адам сатууга каршы күрөшүүдөгү эң актуалдуу жана натыйжалуу стратегиялардын бири бул алдын алуу болуп саналат. (далее…)

Адамдарды сатуу курал-жарак жана баңги заттарын сатуу менен катар уюшкан кылмыштуулуктун, өзгөчө анын трансулуттук жагында кирешелүүлүгү боюнча үчүнчү деп эсептелет. Иштин мындай түрү адамдарды ар кандай: эмгектик, сексуалдык эксплуатациялоодон, органдарын алуудан жана башкалардан турат. Адамдарды сатуунун масштабын аныктоо өтө кыйын, анткени ал латенттик (жашыруун) мүнөздө.

(далее…)

Базар-Коргон районунда 30-июль  «Адам сатууга каршы күрөшүү» күнүнө карата маалыматтык кампанияны Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Гүлназ Камбарали кызы тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

Маалыматтык кампанияга Базар-Коргон раойндук администрациясы, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү, Могол айыл өкмөтү жана Арстанбап айылынын тургундары, ал жерге эс алууга келгендер катышышты.

Жергиликтүү аксакалдардын айтымында жаштар Орусияга көп кетишет, мындай маалыматтар алар үчүн эң зарыл

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн кабинеттер башчысы Жаркын Маматова жана ыктырчы Айбол

Райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлерине дагы маалыматтык баракчалар таркатылды

Жалпы 60тан ашуун маалымат баракчасын таркатуу менен миграцияга кетип жаткан жаштарга  кеңештер берилди.

«Бул материал «Демге дем» Медиа борбору» Коомдук фондунун «Адам сатуунун алдын алуу» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланган. Бул жердеги келтирилген сунуштар, кортундулар жана пикирлер, автордун оюн гана билдирет. АКШ Мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн» 

@U.S Embassy Bishkek

#демгедемПТЛ
#Посольство США в КР

Нурэлес Камилов

Төө-Ашуудагы тоннелге асфальт төшөлүп бүттү, бүгүн 2-август күнү саат 16:00дөн кийин унаа кыймылына коюлган чектөө алынат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.

(далее…)

Өлкө аймактарында иштеп жаткан жергиликтүү аялдардын кеңештери аялдардын укуктук, руханий, психологиялык өнүгүүсү үчүн бир топ иштерди аткарып келишет. Алар аялдарга ар тараптуу жардам берүү менен катар тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин жеңилдетип, мамлекеттин сапаттуу өнүгүүсүнө салым кошот. (далее…)

Ысык-Ата райондук билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлик комитетинин тарабынан 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен мугалимдердин жайкы эс алуусу Ысык-Көлдө уюштурулду.

(далее…)

Сокулук  районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында Кыргыз Республикасынын АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын колдоосу  менен «Демге Дем» Медиа борбору» Коомдук Фонду уюштурган «Адам сатуунун алдын алуу» акциясы болуп өттү.  Акцияны Жаңы-Жер жамааттык мультимедиялык борбору жүргүздү.  (далее…)

Кант шаарында жакырчылыктан чыгуу боюнча “Жаңы кадам” конференциясы болуп өттү. Конференциянын башкы максаты – социалдык келишим аркылуу жардам алуучулардын арасынан республикалык маанидеги “Жаңы кадам” съездине Ысык-Ата районунан делегаттарды шайлоо болуп эсептелет. (далее…)