Ак-Талаа районундагы “Тайлак баатыр” атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин жамааты өздөрүнө тиешелүү “Адилет” паркына «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында жүз жыйырма түп терек жана отуз даана түп талдын көчөттөрү отургузулду.
Спорт мектебинин жамааты бак отургузууда
120 терек отургузулду
Балдар спорт мектебинин директору Улан Доктурбек уулунун айтымында иш-мерчемге ылайык жаңы көчөттөрдү отургузуу пландалган.
“Парк уюшулганына көп убакыт болду. Айрым бак-дарактар карып, өспөй деле калды. Ошого байланыштуу алардын ордун жаңы көчөттөр менен толуктап жатабыз. Райондук токой чарбасына кат жолдоп, кайрылуу кылып, көчөттөрдү алдык. Убагы менен сугарып, карап, өстурүп алабыз деп турабыз. 7-апрелде дагы бул жерге көк карагайдын көчөттөрү тигилген”,- деди.
Мээрим Тентиева