Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы август айында курулуп башталган кошумча күндүзгү стационар курулуп бүтүп, ачылыш аземи болуп ѳттү. Бул имараттын курулушун чоң демѳѳрчү болуп АКШда иштеп жаткан жаш ишкер Кайрат Эсенгелдиев …
Пандемияга байланыштуу быйыл мектеп босогосун 1-класстар гана аттады. Жаңы окууга барып баштаган бѳбѳктѳрдү окутуу үчүн министрлик тарабынан бир нече санитардык-гигиеналык шарттар коюлган эле. Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинде 1-класстар бир …
Ат-Башы районунун алыскы Ак-Сай өрөөнүндө тургундардын абалы көзөмөлгө алынган. Ал жерде пандемия учурунда оор кырдаалдан чыгуу үчүн тез арада чечимдер кабыл алынган.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында быйыл эки шайлоо участогу иштейт. Мунун себеби — шайлоочу адамдардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу деп аталган айылдын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Муратбек Асаналиев билдирди.
Биздин бүгүнкү каарманыбыз Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулуп өскөн Темир Муса уулу. Ал Кыргызстандагы алдыңкы волейбол оюнчуларынын бири, карантиндин волейболго кандай терс жактары тийип жатканын айтып, алдыдагы пландары менен бөлүштү.
«12 саат иштеп, кечинде баспай калабыз», — деген Ат-Башыдагы күндүзгү стационардагы дарыгер Назгүл Мамбеталиева «кызыл зонадагы» жумушу кандай жүрүп жатканы жөнүндө айтып берди.
14-август күнү Ат-Башыдагы борбордук аянтчанын бир бөлүгү жасалып бүтүп, ачылышы болду. Бул аянтчаны реконструкциялоо — райондун 90 жылдыгына арналган долбоорлордун бири болуп саналат.
Бүгүн 30-июль күнү Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка 200 000 сомдук медициналык каражаттар жардамга келип түштү. Бул жардамдар Россиянын Екатеринбург шаарында эмгектенип жаткан Ача-Кайыңдылык жердештерден келген.
Аралыктан окутуу көпчүлүк үчүн кыйынчылык жаратса, биздин бүгүнкү каарманыбыз Гүлсүнай Токтобаева бул убакытта көптөгөн ийгиликтерди жаратканын билдирди.
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жаңы күндүзгү стационардын курулуш иштери башталды. Курулуш иштери жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен башталып, август айынын аягына чейин бүтүрүүсү пландалууда.
Азыркы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, Америкада эмгектенип жаткан жердештерибиз демилге көтөрүп, Ат-Башы районуна 4500 долларга дары-дармек алып берип жиберишкен. Ал дарылар социалдык жактан муктаждарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бекер берилет.
17-июлда Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылында айыл өкмөтүн шайлоо болуп өттү. Шайлоого жергиликтүү депутаттардын бардыгы катышып, басымдуу бөлүгү Уланбек Осмоновго добуштарын беришкен.
Ат-Башы районунда жылына 3,5миллион кирпич чыгарган заводунун ачылуу аземи болуп өттү. Ат-Башы ири кирпич заводу 2016-жылы негизделип, Ак-Жар айыл өкмөтүнөн 5 гектар жер аянты бөлүнүп берилген. Анын бир жыл ичиндеги …
Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылындагы ФАПка биринчи кычкылтек концентратору келип түштү.
Эпидемиялогиялык курч абалга байланыштуу Ат-Башынын бардык айылдарында күндүзгү стационарлар даярдалууда.
«Коронавирусту жеңдик, ураа!»- деп балдар сүйүнгөн видео, соцтармактарга тарап кеткен. Бул видеодогу кичинекей балдардын апасы өзү инстаграмдан көрүп таң калган.
Азыркы түзүлгөн кырдаалга карабастан Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды жолдоруна шагыл төгүлүп, түзөтүү иштери жүрүп жатат.
Медициналык кызматкерлердин күнүнө карата Ат-Башы районунун ак халатчандары грамоталар менен сыйланышты.
Быйыл 2020-жылы Ат-Башы районунун түптөлгөнүнө 90 жыл болот. Бул мааракени өткөрүү үчүн ар кандай долбоорлор ишке ашырылат.
Ат-башы районунда жаңы пресс-борбор ачылып, алгачкы пресс-конференция болуп өттү. Анда райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Токторбай Кадыракунов жана чумага каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Рахман Каримжанов COVID-19га байланыштуу суроолорго жооп беришти.