Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: achakayndy

Ой-Терскен мектебинде «Энелер күнү» белгиленди

Ат-Башы районунун Ой-Терскен мектебинде Энелер майрамы белгиленди. Энелер күнү май айынын акыркы жекшембисинде белгиленип, аталган мектепте үч жылдан бери салтанаттуу майрамдалып келет. Анда 9-11-класстын окуучуларынын апалары чакырылып, аларга белектер тапшырылат. …

«Илимдеги кыздар» долбоору Ат-Башы районунда иш алып барат

Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен бир канча жылдан бери Кыргызстан боюнча ийгиликтүү ишке ашып келе жаткан «Илимдеги кыздар» долбоору Ат-Башы районунда башталат.

Ат-Башылык мугалим «Мыкты класс жетекчи-2023» сынагында жогорку упай алды

Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч классынын класс жетекчиси Гүлүмкан Турганбаева республикалык «Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын 9 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Мыкты класс жетекчи-2023» сынагына катышып жогорку упайга ээ болду.

Ат-Башыда дары чөптөрдү өстүрүү жайылтылууда

Ат-Башы районунун акимчилигинде дары чөптөрдү өстүрүүнү өнүктүрүү боюнча маалыматтык жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушууда жергиликтүү жамааттар, дыйкандар, ишкерлер катышты.

Акын Шайлообек Дүйшеевдин китептери мектептерге белекке берилди

Кыргыз Республикасынын эл акыны Шайлообек Дүйшеев Ат-Башы районундагы мектептерге өзүнүн калемине таандык китептерин белекке берди.

Мектепте Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленди

9-февралда Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде тарыхый инсан Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленди. Иш-чараны аталган мектептин тарых сабагынын мугалимдери Билим берүү министрлигинин буйругунун негизинде уюштурган.

Эрте никенин кесепеттери тууралуу тренинг уюштурулду

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында «Эне ою секелек кызда» деген аталыштагы тренинг болуп өттү.

Нарын: Космосту изилдеген окуучулар

Ат-Башы районунун Ой-Терскен орто мектебинин физика сабагынын мугалими Шаарбүбү Калдыбай кызы балдарга астрономия сабагынан ийрим уюштуруп, жылдыздар тууралуу үйрөтүп келет. Бул ийримде балдар жаңы телескоп менен жылдыздарга байкоо жүргүзүп, космос …

Элеттик балдарга тогуз коргоол үйрөткөн агай

Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургуну Адил Жапаркулов 16 жылдан бери мектеп окуучуларына тогуз коргоол үйрөтүп келет. Агайдын окуучулары эл аралык жана республикалык мелдештерге активдүү катышып келишет.

Асыл тукум кой багуу кирешелүү иш

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Абаз Аалиев асыл тукум койлорду багып, аларды көбөйтүүнүн аракетин көрөт. Бул койлорду багуу өзгөчө эмгекти талап кылганы менен жакшы киреше алып келерин чарбакер айтат.

Ача-Кайыңды- туристтерге кыргыз маданиятын көргөзгөн айыл

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туристтерге кыргыздын каада-салтын көргөзүп, аларды кызыктырган атайын жамаат түзүлгөн. Бул жамаат «Маданият айылы» статусун алып, туристтер үчүн карталарга киргизилген.

Нарын: Дары чөп өстүргөн тургундар

Нарындын Ача-Кайыңды айылында алгачкы жолу тикени жок чычырканак, карагат жана валериана өстүрүлүп жатат. Бул ишти долбоор аркылуу аталган айылдын тургуну Бегайым Мурзалиева баштаган. Анда 8 үй-бүлө 400 түп карагат, 500 …

Нарын: Балбан кыздарды машыктырган агай

Нарындын Ача-Кайыңды айылынын тургуну Аман Жумалиев алты жылдан бери кыздарды күрөш менен машыктырып келет. Аман агайдын балбан кыздары республикалык мелдештерде ийгиликтерге жеткен. Дене-тарбия сабагынын мугалими кыздарды акысыз машыктырып, аларга ар …

Мектепте «Жаш педагог-2022» сынагы жыйынтыкталды

Ача-Кайыңды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинде жаш мугалимдер арасында «Жаш педагог-2022» деген аталыштагы конкурс өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Конкурс бир ай бою болуп, ага бирден төрт жылга чейин иш тажрыйбасы бар мугалимдер …

Ача-Кайыңды: Асманды изилдеген окуучулар жайкы лагерге жолдомо алышты

Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин астрономия сабагы боюнча ийримдин окуучулары республика боюнча өткөн конкурска катышып, жай айларында Ысык-Көлдө өтүлүүчү лагерге жолдомо утуп алышты.

Согуш ардагерлердин үй-бүлөлөрүнө белек тапшырылды

9-май Жеңиш күнүнө карата Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.

Билим берүү министри Ой-Терскен мектебинде болду

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинин абалы менен таанышты.

Ат-Башы: Мектепте 32миң сомго көчөт отургузулду

Ат-Башы районуна караштуу Ой-Терскен орто мектебинде айлана-чөйрөнү жашылдандыруу боюнча бир катар иш-чара болуп өттү.

Ача-Кайыңдыда «Жашыл патруль» комитети түзүлдү

15-март күнү Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында «Жашыл патруль» комитети түзүлүп, аларга керектүү жабдыктар тапшырылды.

Ача-Кайыңдыда дары чөп жана чычырканак өстүрүү боюнча долбоор ишке ашат

Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылында RDF коомдук уюму жана «Көөнөрбөс Мурас» коомдук уюму менен биргеликте жашыл айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча долбоор колдоого алынып, ишке ашканы турат. Анын негизинде айыл тургундары …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...