Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: kyrgyzmedia

Сумбулада селден кийинки калыптандыруу иштери жүрүүдө

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында 2-майдагы катуу жааган жамгырдын кесепетинен жүргөн селден бир топ айыл тургундары жабыркагандыгы маалым. Учурда жабыркаган жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Сүлүктүлүктөр унаа жолдорду өз каражаттары менен оңдоп баштады

Коомдо байкалып жаткан экономикалык кыйынчылыктарга карабай, мамлекетти жана жергиликтүү бийликти карап отурбастан, жергиликтүү тургундар социалдык-инфраструктуралык маселелерин өздөрү чече баштады.  Көйгөйлөрдү эл өзү уюшкандыкта чечүү жагынан быйылкы жылы да алгылыктуу иштер …

Тендерге катышууга чакыруу!

Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги Кыргызстандагы Интерньюс Нетворк өкүлчүлүгү менен өнөктөштүктө «Медианын көз карандысыздыгын колдоо боюнча демилге» (Медиа-К) долбоорунун алкагында төмөнкү жабдууларды сатып алууга тендер жарыялайт. Кененирээк маалыматты бул шилтемеден ала аласыз.

Согуш ардагерлеринин жесирлерине камкордук кѳрсѳтүлдү

 Улуу Жеңиштин 75жылдыгына карата Россия Федерациясы тарабынан согуштун катышуучуларынын жесирлери Сары-Булуң айыл аймагында жашаган Жибек Бексултанова, Аписа Асановага медалдар берилген.

Улуу Жеңиште эрдигин кѳрсѳткѳн ардагер

Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылындагы  Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери  Эшимбек Абдылдаев  тууралуу жесири Аписа Асанова жана неберелери эскеришет.

Сууга чөгүп кетүүдөн сактануу жагы эскертилди

Базар-Коргон районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмү калкты сууга чөгүп кетүүдөн сактануусун камсыз кылуу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Райондун акими курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бакыт Козуев Кеңеш айыл өкмөтүндө жүрүп жаткан калкты таза суу менен камсыздоо долбоорунун ишин көрүп кайтты.

Зарылчылык болбосо Нарынга барбай турууну сунуштайбыз

Урматтуу Куланак, Учкун айылынын тургундары! Бүгүн,11-майга карата Нарын шаарында коронавирус илдетин жугузуп алгандардын саны 35ке жетти. Алардын 8и айыгып чыкса, 27си учурда ооруканада дарыланып жатышат. Андыктан, Нарын шаарына зарылчылык болбосо …

Таласта жазгы талаа жумуштары аяктоо алдында

Өлкөбүздө карантиндик абал орноп, кыймыл аракет азайганы менен талааларда иш кызып, дыйкандар жаздын ар бир күнүн текке кетирбей иштеп жатышат.  Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айыл аймагында 2259 гектар айдоо жер бар. …

Фото: Мексикалык жубайлар таластыктарга жардам беришти

Мексикадан келген жубайлар Херсон менен Хеллинин таластыктарга жардам беришти.

Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасынын куттуктоосу

  9-Май — Улуу жеңиш майрамы. Бул күнү фашисттик Германия толук капитуляция келишимине кол коюп, прогрессивдүү адамзат коому нацисттик балээден кутулган. Фашисттик Германия менен согушка миңдеген кыргызстандыктардын катарында Сүлүктүлүк жоокерлер …

Сумбулада жолбун иттер атылды

Сумбула айыл Өкмөтүнүн аймагында жолбун иттерден жугуучу ооруларды алдын алуу максатында айыл кыштактардагы жолбун иттер атылды.

Коммуна айылындагы жаштардын каалоосу жүзөгө ашты

Лейлек районунун Коммуна айылына кичи футболдук аянтчанын курулушу аяктап жатат. Бул долбоор Кореянын «КОЙКА» уюумунун колдоосу менен жүзөгө ашты.

Суусамыр: Жазгы айдап себүү иштери аяктап калды

Быйылкы жер айдоо иштери Суусамыр өрөөнүндө жылдагыдан эрте башталды. Орчундуу үрөн маселеси да чечилип, дыйкандарга мамлекет тарабынан 2 жылга 150 тонна үрөн насыяга алынып келинген. Кийинки жылы ноябрь айына чейин  …

Берлинди алууга катышкан Сейдибакас ата

Сейдибакас Ынакбеков Улуу Ата Мекендик согуш башталганда 24 жашта болгон.

Ит мурун бадалы селдин, кар көчкүнүн алдын алат

Ат-Башыдагы жапайы бадал өсүмдүктөрүнүн ичинен ит мурунду көп кездештирсе болот. Эл ичинде дагы, медицинада дагы бул өсүмдүктүн дарылык касиети далилденип келет. Анткени ит мурун көп ооруларга даба боло алат.

Аталардын эрдиктерин даңктайбыз

Жеңиштин 75 жылдыгына карата Куланак жамааттык мультимедиа борбору атайын чыгарылыштар менен бөлүшөт. Бул чыгарылышта атайын республикалык деңгээлде өтүп жаткан «Аталардын эрдиктерин даңктайбыз» онлайн фестивалга катышуу үчүн даярдалган Куланак айылынын ардагерлерин …

Балдарыбызды кучактай албайбыз…

Ак-Талаа районундагы Ак-Тал блокпостунда элдин коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү кезек менен нөөмөткө турушат. Айрымдары эки, айрымдары 5 күнгө чейин күн-түн дебей ошол жерде иш үстүндө болушат. Ар кайсы …

Карантин бүткөндө кездешебиз деп коркутушат

Ак-Талаа районунда өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу коюлган Ак-Тал блокпостунда элдин коопсуздугу үчүн тиешелүү кызматтар күн-түн иштеп жатышат.

«Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси жардамга муктаждарга өз колдоосун көрсөтүүдө

Коронавирус илдетине байланыштуу  республиканын аймактарында өзгөчө абал киргизилгендиктен Тогуз-Торо районунун аймагында социалдык абалы начарлап, жардамга муктаж болгон үй-бүлөөлөргө карантин башталган күндөн тарта «Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси тарабынан азык түлүк жардамдамдары …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...