Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: kyzylbulak

Окуучулар оффлайн окууга келгендигине кубанууда

Кулатов айыл өкмөтүнүн Т.Айбашев атындагы орто мектебинде 16-ноябрдан баштап, 1- 5- 9- 11-класстарынын окуучулары мектепке келип окуусун улантышууда. Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген кырдаалга байланыштуу алгоритмдин негизинде окуучулардын санына карай, …

Ош шаарында журналисттер окутуудан өтүштү

Ош шаарындагы «Экодом» мейманканасында 2020- жылдын 20-ноябрында «Ачык коом- ачык медиа» уюму тарабынан аймактык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү (ММК), кичи коомдук кеңештеринин мүчөлөрү, аймактык телевидениялардын кабарчылары жана жарандык активисттер катышышты. …

Элдин демилгеси менен айылга рентген УЗИ аппараттары алынды

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна айыл тургундарынын демилгеси менен акча каражаты жыйналып, ал акчага УЗИ аппараты жана биохимиялык анализаторлор алынып келинди. Учурда жарандар УЗИ аппаратынан пайдаланышууда.

Кулатов айыл аймагында ооруканалар капиталдык ремонттон өтүп жатат

‎Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасы октябрь айынан баштап капиталдык ремонттон өтүүдө. Оорукананын кайрадан оңдоп-түзөөдөн өтүшүнө Кулатов айыл өкмөтү тарабынан каражат  бөлүнгөн. 

Шайлоодон кийинки саясий абалга айыл тургундары кандай баа берип жатат

Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндөгү номер- 5529 шайлоо тилкесиндеги шайлоочулардын шайлоодон кийинки саясий абалга болгон көз караштары жана жеке жарандардын ой пикирлери.

Пандемия учурунда эл көп топтолгон жайларда адамдар өзүн жана коомчулуктун саламаттыгын ойлобой жатышат

Ош жана Баткен облустарындагы COVID-19 вирусунун күндөн күнгө арбып бара жатканына карабастан, Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук Айбек базарында соода кылуу үчүн барган жарандардын арасында санитардык эрежелерди жана аралыкты сактабаган учурларды кездештирүүгө …

Айылда COVID-19 оорусун жуктургандардын саны кайрадан көбөйүүдө

Учурда оорунун саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу  Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү  күндүзгү стационар кайра иштеп баштады. 

Аймактарда пандемия учурунда шайлоо тилкелеринде жарандардын санитардык коопсуздугу сакталууда

Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында жалпы 7 шайлоо тилкеси бар. Пандемия учурунда таажы илдетин жуктуруп албоо үчүн, ар бир шайлоо тилкеси жарандардын коопсуздугун эске алуу менен бардык шарттарды уюштурган. №5429 …

Шайлоого аймактагы шайлоочулар активдүү катышууда

 Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү №5429 Кызыл-Булак шайлоо тилкесинде айыл тургундары шайлоого активдүү катышууда. Шайлоо эрте менен саат 8:00 дө КР нын гимни менен коштолуп, аксакалдардын , байкоочулардын, шайлоо комиссиясынын …

Айыл тургундары карантин учурунда бак- дарагына жакшы көңүл бөлүүгө мүмкүнчүлүк болду.

Ноокат райондук Кулатов айылынын айрым тургундары карантин убагында жумушка бара албай үй жумуштары менен алек болууга чоң мүмкүнчүлүк болду. Айыл жеринде жумушсуз калууга убакыт болгон жок. Карантин жаз мезгили учурунда …

Пандемия учурунда жардамга муктаж үй-бүлөлөр жардам ала алышты

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндөгү социалдык жактан жардамга муктаж,  үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлүп, азык-түлүк, акчалай жардамдар жеткирилди. Карантин учурунда күндүзү келип кетүүчү стационарга келип- кетип дарыланган жарандарга да дары-дармектер берилип, айыл …

Бала- бакча тарбиячылары аралыктан окуу балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө жардам берерин айтышты

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө да бала бакчалар аралыктан окуп, балдарга тарбия берип жатышат. «Наристе балалык таңы» балдар бакчасында жалпы 90 бала тарбия алат. Алар жогорку, ортоңку жана кичине тайпа …

Карантин учурунда жеке ишкерлер жардам колун сунду

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн тургуну Кулматов Абдиллпатта ажы Кызыл-Кыя шаарындагы «Динама» тигүү мекемесинин директору өзгөчө абал учурунда мектеп окуучуларын комплект окуу формасы менен камсыз кылды. Формаларды жеке мектеп жамаатына …

Видео: Айыл тургундарынын санитардык эрежелерди сактоосу

Кулатов айыл өкмөтүнүн мекемесинин айланасындагы айыл тургундарынын карантин учурунда өзүн алып жүрүүсү. Санитардык эрежелерди сактаган жарандарды да, сактабагандарды да кездештирүүгө болот. Бирок айыл өкмөт жетекчилиги калктын саламаттыгы үчүн бир кыйла …

Башталгыч класстын окуучулары онлайн окуу лагерине катышышты

Ноокат районунун Кулатов айыл аймагындагы Т. Айбашев атындагы орто мектебинин башталгыч класс окуучулары үчүн «Мерсико уюму Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу» долбоору тарабынан колдоого алынып, жайкы окуу лагери уюштурулду. …

Карантин балдардын кызыккан жумуштарын жасоого мүмкүнчүлүк жаратты

Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагын тургуну Камчиева Ракыя жана анын кызы Мамазияева Гулизалар карантин учурунда балдары менен чогуу болууга мүмкүнчүлүк жаратканын жана балдары кызыккан жумуштарын бирге жасоого жетишкен. Бирок балдардын …

Карантин учурунда эмгектенген медкызматкерлерге бейтаптар ыраазы

Ноокат районунун Кулатов айылынын COVID-19 вирусун жуктуруп алган тургундары Жал айылдык №16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып  дарыланууга көрсөтмөлөрдү алышып жатышты. Оорунун жеңил түрүнө кабылгандар  күндүзгү стационарга келип дарыланып жатышты.Алардын бири …

Учурдагы пандемияга каршы демөөрчүлөрдүн демилгеси менен карапайым эл да жардам колун сунууда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Махабат Мавлянова жана Кулатов айылынын тургуну Анарбаев Маматжандар  COVID-19 вирусунун жайылуусуна бөгөт коюу максатында Жал айылдык №16 ооруканасына жардам берүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Айылдын кайрымдуу …

Кулатов айыл аймагында өзгөчө абал туруктуу

Кулатов айыл аймагындагы күндүзү келип кетүүчү стационардык ооруканага стационар ачылгандан бери 14 күн ичинде 185 оорулуу кайрылган. Алардын 13ү ооруканага жаткырылды, 15и айыгып чыкты. 

Кулатов: Ооруканага мед жабдыктарды алуу үчүн акчалай жардам берилди

Кулатов айыл аймагындагы Жал айылдык №16 ооруканасына  В.И Ленин атындагы орто мектебинин 1981- жылы туулган 60 бүтүрүүчүнүн атынан ооруканага керектүү болгон медициналык жабдыктарды алуу үчүн жардам  колун сунушту. 

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...