Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Автор: kyzylbulak

Кулатов айыл өкмөтүндө бюджет бекитилди

Кулатов айыл өкмөтүндө 2021-бөлүнгөн бюджеттен ашкан 22млн сом бар. 2022-жылы бюджеттен 36млн сом бөлүндү. Анын көпчүлүк бөлүгү бала бакча, мектеп, жана ФАПтарга бөлүндү.

Кулатов айылындагы Нооруз майрамы

Бүгүн Т.Кулатов айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган «Нооруз-2022» майрамы болуп өттү. Айыл элдери айылдаштары менен биргеликте сүмөлөк кайнатылып жакшы каалоо тилектерин айтышып майрамдык маанайды жакшы тосууда.  Мында айыл өкмөттөгү айылдар арасында …

Жаз мезгилинин келиши менен жашылдандыруу иштери башталды

Жаз мезгили башталып айлана-чөйрөнү тазалоо иштери айыл тургундарында жана мугалимдерде жүргүзүлүп жатат. Таштанды экологияга гана эмес адам баласынын ден-соолугуна да чоң таасирин тийгизет. Мугалимдер ар ишембиликте тазалоо иштерин жүргүзүшөт. Айлана-чөйрөнү …

Т. Айбашев мектебинде кыздар арасында сынак уюштурулду

Т. Айбашев мектебинде кыздар аралык «Жаз периси-2022» конкурсу өткөрүлдү. 6 кыз ат салышып, жыйында Чынара Көчкөнбаева 1-орундун ээси болду.

Кулатов айыл өкмөтүндө 8-мартка карата аялдар сыйланды

Т.Кулатов айыл өкмөтүндө аялдардын эл аралык майрамына карата концерттик кече өткөрүлдү. Улуу муундагы аялдар, коомдук иштерге активдүү катышкан аялдар грамоталар менен сыйланышты.

Т.Кулатов айыл өкмөтүндө Туу күнү жана ак калпак күнү белгиленди

Т.Кулатов айылында 3-март Туу күнү карата, 5-март ак калпак күнү белгиленди. Айыл өкмөткө жөө жүрүш болду 2 мектеп катышты.

Пандемияга байланыштуу дыйкандарга жеңилдиктер каралды

Кулатов айылында жазгы талаа иштери башталды. Пандемияга байланыштуу азык берүүчү дары-дармектер кымбаттап, дыйкандарга кыйынчылык жаратууда. Ошондуктан дыйкандарга айыл өкмөт тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө.

Окуучулар интеллектуалдык кароо сынактардын онлайн өтүүсүн каалабайт

Пандемия башталгандан тартып көпчүлүк кароо сынактар да аралыктан өтүп, окуучулар арасында нааразычылыктар көп. Себеби, окуучулар бетме-бет таймашып, өзүлөрүнүн жеке катышуусунда өткөн сынактар таза өтөт деп ишенишет.

Сүрөт: Мектепте масленица майрамы белгиленди

Тилебалды Айбашев атындагы орто мектепте орус тили жумалыгы жыйынтыкталып, масленица майрамы белгиленди. Окуучулар өз өнөрлөрүн тартуулап, ыр, бий , көркөм айтуу, сулуу жазуу, макал лакап программасында таймашты.

Ноокатта ооган согушунун ардагерлеринин күнү белгиленди

Ноокат районунда «Эр жигит эл четинде жоо бетинде» аттуу ооган согушунун ардагерлери менен окуучулардын жолугушуусу болду.

Мектепте санитардык эрежелерди сактоо ишке ашырылууда

Т.Кулатов айылындагы Т.Айбашев атындагы орто мектебинде Ковид-19 илдетине карата окуучуларга бардык санитардык-гигиеналык эрежелерин сактоого калыптандыруучу атайын тарбиялык сааттар өтүлүп, залдарга эстеткичтер илинген.

Covid-19 вирусунун кош бойлууларга тийгизген таасири

Пандемия учурунда кош бойлуу болуу канчалык кооптуу? Андан тышкары кош бойлуу айымдар ден-соолугуна кандай көңүл буруусу керектиги тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери айтып берди.

Студенттер вакцинациянын үчүнчү дозасын алууда

Кызыл-Кыя индустриалдык педагогикалык колледжинин студенттери вакцинанын 3-түрүн алышты. Үй-бүлөлүк дарыгерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, 70-80% студенттер эмдөөдөн өтүштү. Азыркы учурда абал туруктуу.   Кызыл-Кыя индустриалдык педагогикалык колледжинин 3-курсунун студенти Сонунгүл Рахманова: …

Эки айылдын жашоочулары Кызыл-Кыяга баруучу жолду кеңейтүүдө

Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн 1973-жылы туулган айыл тургундары жана жаштары биргеликте Кызыл-Кыя шаарына кеткен жолдун бөлүгүн кеңейтүү ишин башташты.

Кулатов айылында мектептер аралык Тамашоу өткөрүлдү

Кулатов айылында мектептер аралык «Эр достугу эгиз, эл достугу деңиз» аттуу тамашоу өткөрүлдү. Жалпы 7 команда катышты. Жаштардын ынтымагын, достугун бекемдөө максатында өткөрүлдү. Жеңүүчүлөргө 3 орун берилип грамоталар менен сыйланышты.

Кулатов: Ооруну алдын-алууга жергиликтүү бюджеттен 100 мин сом бөлүнөт

Кулатов айылында омикрон штамы менен ооругандар көбөйүп жатат. Алардын көпчүлүгү үй шартында дарыланып жатат. Айылда вакцинациянын 3 түрүн алуу жүргүзүлүп жатат. Быйылкы жылы оорунун алдын алуу максатында жергиликтүү бюджеттен 100 …

Баалардын кымбатташы карапайым элге кыйынчылык келтирүүдө

Күйүүчү майдын, азык-түлүк жана башка товарлардын кымбатташы бир гана айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө көйгөй жаратпастан, жалпы карапайым элге оорчулук келтирүүдө. Мисалга алсак, тейлөө кызматтары, жол акы, тамак-аш, дары-дармек, кийим-кеченин наркы 2-3 …

Кулатов айылында эпидемиологиялык абал туруктуу

Кулатов айылында Covid-19 оорусу абал туруктуу. Эмдөө жүргүзүлүп жатат. Айылда пневмония менен ооругандар көп болду. Азыркы учурда грипп оорусу жүрүп жатат.

Кулатов айылында сасык тумоого чалдыккан балдар бар

Кудатов айылында жаш балдардын арасында азыркы учурда айылда сасык тумоо оорусу жүрүп жатат. Айылда балдар бакчада, мектептерде санитардык абал талапка жооп берерлик. Маал- маалы менен тазалоо иштери жүрүп жатат.

COVID-19га каршы Кулатов айылында эмдөөнүн 3-түрү келди

Ковид илдети өнөкөт оорусу бар адамдар үчүн коопту экени белгилүү болгон. Вирустан каза болгондордун 80% өнөкөт оорусу бар экендиги маалым. Жал айылдык номер 16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ооруканасына эмдөөнүн 3-түрү …

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...